Мелис ЭШИМКАНОВ: «Апаке, ыйлабачы!»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Апаке, ыйлабачы!»

Бүгүн, 15-сентябрь — байкебиз Мелис Эшимкановдун каза болгон күнү. Билинбей эле арадан 6 жыл өтүп кетиптир…

Отуз алты жыл мурун

Сүрөттөр тиктейт дубалдан…

1981-жылы 23-октябрь жума күнү атабыз Асек Эшимканов көз жумду. Анда мен кичинекей бала. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Төркү үйдө чоң апам экөөбүз жатчубуз. Апам диванда, мен жерде. Түнкү он бирлер болуп калган. Жаңыдан жатып жатсак эле, котологон эл кирип келди. Арасынан апам кыйкырды: «Апа, Асектен айрылдык! Асектен айрылдык!» деп…Андан бери туура отуз алты жыл өтүптүр. Атам да жок, чоң апам да жок, апам да жок, алты жылдан бери Мелис байкем да жок. 2011-жылы жазында байкем негедир атамдын өлгөн күнүн эскерип, үшкүрүнүп, ошондо апам-атама арнап аңгеме жазганын, аны «Ленинчил жаш» гезитине алпарса, чыгарбай койгонуна кейип, «Жакшы жазсам керек эле, ошону кийин таппай калбадымбы, он тогуз жаштагы жаш уландын кыйкырыгы эле да» деп калды. Мен жылмайып, «Менде» десем, чочуп кетти. «Койсоңчу, аны кайдан катып жүрөсүң? Койчу, ишенбейм» дейт. «Чын эле менде, байке, мен билинбеген архивмин да» деп, ар кимге жазган далай каттары да менде сакталуу турганын, бир гана 20 жашында жазган киносценарийин жоготуп алганымды айтсам, мени бооруна кысып,«Мага окутчу» деди. «Үйгө барып, сары чемоданды аңтарыш керек» дедим. «Анда бир күнү алып келесиң да» деп койду. Тилекке каршы, окутканга үлгүрбөдүм. Байкем атамды өзгөчө жакшы көрөр эле. Бир жолу атамдын жаш кезиндеги чоң сүрөтүн көтөрүп барсам, кабинетине маңдайына коюп алды. Компьютерден башын көтөрүп, атакемдин сүрөтүн карап олтурганын акыркы күндөрү көп байкадым. Атабыз 43 жашында кетти эле, өзү 49 жашында кетти. Ошол жазганын эми окурман сотуна коюп жатам. 19 жаштагы Мелис Эшимкановдун бул жазганы чындап эле эч жерге жарыяланган эмес, өзү жазган бойдон бир да жолу окуганы жок, биздин туугандар да окубаган, бир гана апам катуу ооруп жатканда, 2002-жылы апам көз жумарда окуп берип, апамды да бир ыйлатып алдым эле…

Эрнис АСЕК уулу

Апаке, ыйлабачы!..

Үйдүн түндүгүнөн көрүнбөй улуу Күн, күнөөлүдөй жылуу нурларын тартып алды. Аргымак кишенеди, кеттиби үзүп чылбырын, сызды жебе, абада кызыл-кызыл из калтырып, тегеренип боз үйдү, чарк айланып, кеттиби үзүп кереметтүү жомокту.

Деп белгисиз акын кошоор беле, ким билет…

– Па-апа-а! — деп чучуктай чаңырат кенже бөбөгүм.

– Өлбөйм деп коюп, өлүп калбадыбы! – деп өрөпкүлөйт карындашым.

– Кашайгыр ай, кашайбадыкпы, кашайбадыкпы! — деп боздойт апакем.

– Келин алып, кыз бербей, – деп кошок кошот жеңекем.

–Тирүүлөй көмүлүп калсамчы- ы! –деп сүтү какшыган чоң энемдин эмчеги сыздап барат.

– Бир боорум ай, алтыным ой, момунум о-ой, — деп зар какшай өкүрөт курган байкем.

Көөдөй болду, көңтөрүлдү айлүү түн, караңгыда жалгыз шумкар жарга барды. Дээр белең белгисиз акыным…

Тымызын ичтен ыйлап жатам. Көзүмөн ысык жаш тегеренет, жүзүмөн салааланат, жылжып агат, үн чыгарбай. Дем кыстыгат, тил күрмөөгө келбей,жүрөк сыздап. Кайран, атам…

Табыпта жатасың мемиреп, эч нерсе менен ишиң жок. Чарчап, уктап калгандай. «Саат үчтө ойготуп кой, уулум, конференцияга барам» деп коюп, адатыңча диванга кыйшайгандай.

Көрөсүң го, он беш минута калды, үч болсунчу, сөзсүз ойготом, оболу жүзүңөн сүйүп,анан…

Анан, кантип ишенем сенин түбөлүк уйкуга кеткениңе!

Сен эми башыңды көтөрүп, жылмайбайсың.

Сен эми «кечиккен жокмунбу?» деп кам санабайсың.

Сен эми саатыңа жем берип, колуңа тагынбайсың.

Жок дегенде эр ортону элүүгө чыксаң эмине. Кайда ашыктың, билбейм, ата!

Мейли, аттандың сен оо д үйнөгө, кайрылгыс сапарга чыктың, ме-е-ейли, бирок мен билем, сезип турам, сенин жаның тирүү, сен угуп жатасың, пенделик учкунуң боз үйдү тегеренип айланчыктап жүрбөйбү. Чынбы, атаке?

Көз жашым кургап барат. Сени эле карап турам. Нес болуп телмире.

Сени эле карап турам. Убакыт да, жер да, боз үй да токтоп, жок болуп кеткенсийт.

Сени эле карап турам. Бардыгы эле ыйлап атышат. Боздоп атышат, бирок э-эч ким жоктой, Сен элесиң. Жапжалгыз. Жок дегенде апамды «ыйлабачы» деп койсоң, атаке, «мен тирүүмүн» деп койсоң, атакебай!

Апамдын ыйын эле угуп атам, ошого муунуп баратам. Анын ыйы селге айланып кетти окшойт..

Анан муңдуу күү ээрчитип жөнөдү. Достор, тааныштар, жөн эле кошуналар жандап алыптыр. Бөтөлкөлөр шыңгырайт. Арактар көңүл айтып, тамекинин түтүнү ээлеп алды теребелди. Уугуп кирдим.

Мас болуп ырдап да, ыйлап да жатыпмын. Самандар учуп жүрөт.

Охх, аябай жаман түш экен биринчиси. Экинчисинде болсо өзүмдү даана такыр көрө албай койдум. Колумда калем сап,алдымда ак кагаз болду. Болду. Башка эч-ч-теке. Кагаздын апакай бетинен болсо орун калбады, бирдемени чиймелеп эле атам, кагаздын өзүнөн да тамтык калбады, тытып эле атам, айрып эле атам. А бир аз жогоруда ачылып атамдын эски блокноту турат. Жымыңдаган Күн, тоолор, дарыя, гүлдөр, көгүчкөн тартылыптыр. Жөнөкөй көк сыя менен жөпжөнөкөй.

Мен болсо аны карап алып, чиймелеп эле, айрып эле жатам. Кайрадан жүрөк сыздаткан апамдын ыйы угулду. Дагы эле ээрчип барам муңдуу күүнү. Тоолор кезип, талаа кезип, «Кайраттуу бол, сен кыргыздын тукумусуң» — дейт тоолор күңгүрөнгөн добушу менен. «Апаңа, бөбөктөрүңө жөлөк бол» дейт талаа сеңселип чөптөрүн,гүлдөрүн.

Тирүүңдө балдарыңдын курсагын ойлоп, биз деп жүрүп куруп кеттиң го, ата. «Уулум адам болсун, кызым ыймандуу болсун» дегенде ичкен ашыңды жерге коер элең.

Бала-чакаңдын алды он тогузга карап, бутуна туруп, киши катарына кошулаарда убайыбызды көрбөй кете бердиң.

Тагдыр буюрган экен да. Артың кайрымдуу, топурагың торко болсун, ата.

Муңдуу күү ушул жөнүндө,шум ажалга, жазмыштын татаалдыгына наалат айтып жатпайбы!…

Тигине, сенден качкан күндүн нурлары акыркы ирет коштошууга келген айылдын карыя абышкаларын, байбичелерин арбай баштады.

Алтын колдоруң менен алардын далайын айыктырдаң го. Өлүм менен кармашып, өмүрүн сактадың го. «Жакшы киши эле. Ээ кудай, адамдын сырттанын гана ушинтип эрте аласың арабыздан. Убалына калбадыңбы балдарынын» дешет эриндерин кемшеңдетип.

Ээрчип келем муңдуу күүнү. Тоолор кезип, талаа кезип.

Бирде сабалап, бирде жорткон күү байкуш апамды өзгөчө курутту. Чүнчүтпөдүбү.

Күйүт тушап жатпайбы.

Сел каптап келаткансыйт.

Апакемдин ыйы кулагыма тунуп турат.

Апакемдин ыйы муңдуу күүгө кошулду.

Апакемдин ыйы дүйнөмү коңултак кылып ийди…

…………………………………………………………………………

Апа! Бооруң менен тең уулуң катары суранамын. Ыйлабачы,жүрөк сыздатып. Врач атамдын жаркын элеси үчүн кайрат кылчы. Айылдын байбичелери айткандай «маркумдун андан аркы өмүрүн сага, балдарыңа берсин». Ошону тилечи. Ал балдарың алгачкы чоң кайгынын шарына туруштук берсин, жөлөк болчу.Билем мен, сенин жүрөгүң абдан чоң, анын мээримдүү нурлары менен атам жетпей калган Улуу Көчкө жол көрсөтүп, ак шоолаңды чачыратчы!

Уксаң, апа, белгисиз акын үнүн. Жакшылап кулак түрсөң. Дүпүйгөн бейит, боз топурак, шамал улуйт, иттер улуйт, улуйт карышкырлар, дүйнө улуйт…

О, Жараткан! Көрүп турам не шумдук?! Бейит жандап өскөн тура жаш чырпык, алаканын жапжашыл улуганга ургулап!

Уксаң, апа, ишенсең, апа.

Ыйлабачы, апаке…

Мелис ЭШИМКАНОВ, Ноябрь, 1981-жыл, 2-курс, КМУнун студенти, Фрунзе шаары, XXII партсъезд көчөсү, 140

2 thoughts on “Мелис ЭШИМКАНОВ: «Апаке, ыйлабачы!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.