Путин менен Атамбаев эмнени сүйлөшө албай калды эле?

Путин менен Атамбаев эмнени сүйлөшө албай калды эле?

Орусия кыргыз бийлигине көзү түз болбой калганда эле массалык маалымат каражаттары аркылуу жөөлөп калмай адаты бар. Курманбек Бакиевди жактырбай калышканда да ушундай болгон. Кийин ыңкылап болуп кетти. Байкасак, азыр да орус журналисттер президент Атамбаевди да, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду да, премьер-министр Сапар Исаковду да сын бутасына алып, туздаган макалалар көбүрөөк пайда болчу болду. Алардын бири төмөнкү макала. С.Жээнбековду исламчыл кылып, С.Исаковду АКШ агенти кылып салышыптыр. Ал эми Атамбаевди…

Владимир Путин менен Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Сочидеги жолугушуусу күтүүсүздөн 14-сентябрга анонс берилип, жолугушуу баштала электе эле суроолордун даамы чыга түштү, башкы соболдордун бири – бир айдан кийин болчу шайлоодон соң кете турган кыргыз лидерине бул жолугушуу канчалык зарыл эле, кантсе да Орусия президенти аны менен жайында эле “расмий коштошуп” койбоду беле?

Атамбаевдин алдыдагы президенттик шайлоону утурлай сапар карытып келгенин көпчүлүк байкоочулар орус жетекчисине “эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүү” экенин да бир жолу ырастап, ордуна экс-премьер Сооронбай Жээнбековду калтыруу менен курстун өзгөрбөшүн далилдегиси келгендей. Бирок шашылыш сапары мындай кепилдик менен айкалышпай тургансыйт. Мындай деңгээлдеги жолугушуу эрте сүйлөшүлүп, эки тараптуу комплекстүү кыймыл-аракеттердин жыйынтыгы менен жүзөгө ашат. А стратегиялык өнөктөш менен алдын ала макулдашпай туруп, шашылыш ички саясый өңүтүн бетине кармап келгени – олуттуу көңүл бурганга арзыбай турган аргумент. Атүгүл бул планда жок сүйлөшүүнүн демилгечисинин “мураскерин” бийликте калтырам дегени менен, кыргыз шайлоочуларына ишенбей тургандыгын туюндуруп жатат. Ошондой эле – талапкер жогорку бийликке келсе, көзөмөлүмдө болот деген да тилеги бар окшобойбу. Же Жээнбеков убада кылган курсту карманат деп баса белгилөөнүн кажети канчалык?

Кандай болбосун, Атамбаевдин дипломатиялык адептин сыртына чыгып, жабышып алмай адатын жөн коелу, бирок сунуш кылынган теманын форматы Путинди “коштошуу” жолугушуусун үч айдан кийин кайталатканы кызык болду. Эми кетип жаткан кыргыз президенти көздөгөн планы ишке ашпай калса, бул “кызыктай” сапары менен өзүнүн, туугандарынын, активдеринин коопсуздугун Путин менен сүйлөшкөнү келди дегенибиз да туура болбой калат. Кыргызстандын мурдагы президенттери мамлекеттик төңкөрүштөрдөн улам тактыдан кулатылып, кыргыз сотунан качып жүрүшөт. Аскар Акаев – Москвада, ал эми Акаевдин кулашына салым кошкон Курманбек Бакиев – Минскиде.

Атамбаев өзү түстүү революциянын толкуну менен бийликке келген, анан ыңкылаптын саясый продуктусу катары ал революциянын булагын жана колдончу технологияларын жакшы билет. Анын “стабилдештирүү” саясатынын жыйынтыгында кабыргасынан турган экномикалык жана саясый көйгөйлөр тоңдурулган абалда турганын эске алсак, адетке айланган постсоветтик Кыргызстан үчүн конституциядан сырт сценарий болуп кетпейт деп Атамбаев президенттик тактыдан кетсе да кепилдик жок. Тескерисинче, ал башкарган жылдардагы өзгөчөлөнгөн ыкмалардын эсебинен кармалган тең салмактуулук, саясат менен бизнес үчүн оюн эрежелери түшүнүктүү болсо да, бийлик алмашканда, чоң сыноого кабыл болору турган иш. Эми ал – ордуна келген жаңы бийликти бутасына айланып, бардык “күнөөлөр” мойнуна илиниши толук мүмкүн. Путин Атамбаевди эгемен Кыргызстандын Москвадагы алгачкы президентине “кошуна” кылып, Орусияны дүйнөлүк коомчулук алдында потсоветтик саясый ишмерлердин санаторийи катары көрсөткүсү келбесе керек.

Менимче, Сочидеги “кызыктай” жолугушууну кыргыз шайлоо маселесинен сырт карашыбыз керектир. Үч нерсенин дал келип калышы, глобалдуу саясый курч кырдаалдын резонанстуу окуялардын контекстинде карайлы.  Атамбаевдин Сочиге шашылыш келиши чоң масштабдагы окуяларга да кирип кетип жатат. Керчь кысыгынан өтчү көпүрөнүн биринчи аркасын орнотуу иштери – Украина бийлиги менен Батыштын Крымды блокадага алып, Орусияга каршы санкция киргизүү менен алсыратабыз деген тилектерин таш капты. Буга Орусиянын БУУнун контингентин Түштүк-Чыгыш Украинадагы конфликт зонасына киргизүү демилгеси кошул-ташыл болуп, ЛЭР менен ДЭР Украинадан чыкканы калганынын белгиси.

Орусиялык-америкалык мамилелер да курчуп барат, анткени Орусиянын колдоосу менен Сириянын өкмөт аскерлери террористтер менен болгон күрөштө жеңишке жетишип келет, террористтерди АКШ Перс булуңундагы мунайзат монархиялары менен бирдикте түз жана кыйыр колдоп келгени жашыруун эмес.

Анан орусиялык жетекчиликтин ушундай саясый приоритетеринин системасына Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги алсыз субъектиси болуп турганда, кетип жаткан президент кантип кыпчылып калды?

Кыргызстан географиялык жактан Орусия менен Кытайдын өз ара мамиле сызыгында ортоңку чекитти ээлейт. Анан бул чекитке АКШ да көз жуумп кое албайт, негизги стратегиялык атаандаш менен Кыргызстандын чукул болушу келечекте көп баш оорутманы пайда кылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу Атамбаевдин пландан сырт Сочиге келиши жөн жерден эмес. 9-майга арналган майрамдык иш-чараларда кыргыздын биринчи адамы “күтүүсүздөн” баарыбызды тил билүү жана тарых боюнча агартып киргени эсибизде. Ошондо Атамбаев Байкал менен Енисейдин аталышы кыргыз тилинен чыкканын, а Сибирь кыргыздын чыныгы жери экенин саймидиреген. Орусия өзү — кыргыздардын мекени болуп чыккан. Андан ары: “Кутузов, Карамзин, Аксаков, Тургенев, Есенин кыргыздан чыккан кылып салган.

Мындай майдандагы улутчул риторика өңүтүндөгү саясый насаат – бир эле учурда Вашингтонго жана Москвага жиберген Атамбаевдин коңгуроосу эле. Мында мифдик риториканын контексттинде Атамбаевдин ордунда калчу – Сооранбай Жээнбеков – чамасы чак, принциби жок саясый фигура болуп калбаса да, тышкы саясый каркасы бар фигура болуп калат. Москва Жээнбековдун эл аралык терроризмдин Сауд Аравия сыяктуу жана башка жакынкычыгыш спонсорлорунун  саясый жана финансылык элитасы менен тыгыз байланышта экенин жакшы билет.

Ошондой эле Жээнбековдун жогорку бийлигинин уруксаты менен Жакынкы Чыгыш мунайзат монархиялардын каражаттарына ваххабиттик мечиттерди кура турган программаларга кол кабыш кылынганы Кремлдин көз жаздымында калганы жок. Жыйынтыгында республика “террористтик интернационалдын” резервдеги плацдармына айланып калды.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн премьерликтен отставкага кеткен Жээнбековдун ордуна келген Сапар Исаков да “курсту уланта турган” түркүктөрдүн бири. АКШда коргологон бир беткей исламист Феттулах Гюлендин экстремисттик идеологиясынын негизинде түрк лицейлеринин түйүндөрүнүн түзүлүшүнө “жаш” премьердин түрткүнчүк кылган жайы бар, анан бул медреселерди Кыргызстандын мамлекеттик билим берүү системасына өткөрүп койгон. 2009-жылы Сапар Исаков Кыргызстандын Манас аэропортундагы америкалык авиабазанын жабылышына катуу каршы чыккан, кийин бул база жабылгандан кийин финансылык милдеттерин аткарбай жатат деп Орусияны күнөөлөгөн. WikiLeaksтин маалымат ресурсуна ылайык, Кыргызстандагы америкалык элчи Татиана Гфеллердин депешинде Исаков деген фамилиянын тушунда «strictly protected» — “өзгөчө коргоого алынган” дегенди билдирген статус турат.

Ушуга байланыштуу Орусияга ыктаган позициядагы оппозициялык талапкерлерди басуу, аларды шайлоого катыштырбоо, кол алдындагы медиакомплекстер аркылуу электоратты көндүрүү үчүн административдик ресурсту колдонгон Атамбаевдин “курсу уланат” деген билдирүүсүн башкача өңүттө кароого мажбур кылууда. Мамлекеттин эң жогорку бийлигине АКШ менен саудиттеге ылайыктуу Сооронбай Жээнбековду түртүү үчүн кыргыз жетекчиси Путин менен шашылыш жолугушканы тигилердин саясый ресурсуна таянганыбы деп божомолдосо да болот.

Анда эле Кыргызстандагы, дегеле Орто Азия регионундагы саясый абалды, орус-кыргыз мамилелеринин өнүгүү сценарийин украин кризисинин матрицасында кароого туура келет. Орус жетекчисинин саясый шантажга кандай мамиле кыларын да унутпайлы. Анын үстүнө Орусиянын өзүндө президенттик шайлоо кампаниясы чукулдап келатат, Орусиянын таасири бар түштүктө Украинадагыдай “батыш сценарийин” өткөрүү аракети күч болуп турганын да эстен чыгарбашыбыз керек.

Эгерде Путиндин оор салмактуу кабыл алганын Атамбаев Сочиден кайткандан кийин “мураскер” схеманы колдоосуна ээ болгондой кабыл алса, орой салыштырганда, анан челноктордун базарындагы неме өзүн голливуд жылдызы кылып көрсөтүп койсо, анда орус президентинин реакциясы кандай болорун жакшы билебиз. Эгерде шайлоо Жээнбековдун жеңиши менен аяктаса, Кыргызстан менен түндүгүндөгү “чексиз түпкү кыргыз жерлери” менен болгон мамилелер терең кризиске батышы мүмкүн. Натыйжада миллиондогон жарандары менен өлкөнүн саясый системасы оор абалга кептелет.

Роман Газенко, публицист

Макала rosbalt.ru  сайтынан алынып кыргызчаланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.