Дүйнөдөгү эң кары кемпир каза болду

Дүйнөдөгү эң кары кемпир каза болду

Ямайкада 117 жашка чыккан Вайолет Мосс Браун каза болду. Бул тууралуу 16-сентябрда арал мамлекеттин премьер-министри Эндрю Холнесс кабарлады. Браундун өлүм себеби айтылбайт. Вайолет Браун Ямайканын Трелони айылында 1900-жылы жарык дүйнөгө келген. 2010-жылы жергиликтүү гезитке маек бергени бар. Анда көп жашаган кары: “Мен чочко менен тооктун этин жебейм, ичкилик ичпейм. “Чындап эле 110 жашка чыктымбы?” деп өзүмөн сурап калам. Мен өзүмдү анча жашка чыккандай сезбейм. Азырынча тың элемин. Өз оокатымды кылып жүрө берем” деген экен. 2017-жылдын 26-июлунда тарыхтагы кары адамдардын тизмесинде Браун бешинчи орунду ээлеген.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.