Жигиттин гүлүнө кандай кыздар жагат?

Жигиттин гүлүнө кандай кыздар жагат?

Белгилүү профессор, окумуштуу Кусеин Исаевич “жигиттин гүлү” (эркектердин баарына ушинтип кайрылат) деп айткандай, жакында эле КРнын эмгек сиңирген артисти болгон жигиттин гүлү — Гүлжигит Сатыбеков менен маектештик. Алгачкы эле сурообуз эл арасында алигүнчө сөз болуп жаткан сыйлыгы болду.

— Гүлжигит, сыйлыгың кут болсун! Сыйлык, наам алуу үчүн ар бир ырчы өзү документ чогултуп, чуркаары белгилүү эле иш да, туурабы? Сенин документтериң Маданият жана маалымат министрлигине түшпөй, түз эле Акүйгө кеткени чыны баарыбызды кызыктырды. Бул жакка тааныш-билиш аркылуу кеттиби же?..

— Алгач мени менен кошо наам, сыйлык алган адамдардын баарын куттуктайм. Наам алгандан бери, алигүнчө мени куттуктап жаткан күйөрмандарыма, тарапташ-талапташтары ыраазычылык билдирем. Эми сыйлыкка келсек, (күлүп) наамга керектүү документтер ылдыйкы тепкичтен жогорку тепкичке айылдан баштап “басып” келди. Алгач айыл өкмөтүнө тапшырылган. Андан районго, райондон облуска кете турган этабдарын сиздер жакшы билесиздер. Анан Жалал-Абад облусттук администрациясы Акүйгө менин документтеримди тапшырып, наамга сунуш кылышыптыр. Мындай сунуштун канчалык мыйзамдуу экенин министр Түгөлбай Казаков деле жакшы түшүндүрүп бербедиби. “Чуркаган албайт, буйруган алат” дегендей, буйрук экен, алып калдык.

— Өзүңдүн жеке оюң боюнча, элге эмгегим сиңди деп ойлойсуңбу?

— Элиме ыраазымын. Калк колдобосо кайдагы сыйлык, наам? “Эмгек сиңирген” деп аты эле айтып тургандай, эмгек кылуу керек! Канчалык эмгек кылсаң, ал элге сиңет. Учурда 70тен ашык ырларым бар, сөзү, обону өзүмдүн калемиме таандык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ырларым элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Ырларым элге алымдуу болсо, мага жагымдуу болду. Дайыма элдин арасындамын, назарындамын. Эл менен сүйлөшкөн мага жагат. Кудай ушуну кут кылсын!

— Атак-даңк чыгармачыл адамга пайда алып келет бекен же зыянбы?

— Атактуу болуу — бул менин кичине кезимдеги кыялдарымдын бири эле, ошол аткарылды десем болот. Анын үстүнө таянемдин бир айтканы алигүнчө эсимде турат, ”келечекте элге таанымал адам болосуң” деп. Балким, таянемдин айтканы кулагыма сиңип калып, “атактуу болуу керек экен” деп психологиялык жактан өзүмдү даярдасам керек деп ойлойм, таенемдин айтканын ушинтип жоруйм да.

Эми “медалдын эки жагы бар” дегендей, атак-даңктын пайдасы да, зыяны да бар. Пайдасы – ийгилик жаратуу. Ийгиликтин туу чокусуна жетүү үчүн бийиктикти багындыруу керек. А бийиктиктин да өзүнчө бир жыргалы,азабы болот эмеспи. Ар кандай жагдайлар, тоскоолдуктар болот дегендей. Айла жок, адам болгондон кийин, баарына чыдайт экенсиң. Кудайдын жардамы менен ийгиликке жеттим, Кудайга чексиз ыраазымын.

— Кудайлап сүйлөгөн адамдын ата-энеси ажы же өзү?.. Кудайга ишенимиң кандай?

— Кудайга ишенем. Кечээ жакында эле атам ажы болду. Сүйүнүп турган чагыбыз. Атамдын аты Назаркул, 63 жашта. Көп жыл салык кызматында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Салык кызматынын отличниги. Апам көп жылдан бери мектепте мугалим болуп иштеп келатат. Эл агартуунун отличниги. 60 жашта. Ушундай ата-энем менен сыймыктанам, бактылуумун.

— Кечээ ата-энеңе бала болсоң, бүгүн өзүң атасың. Балдарың жөнүндө айта кетсең?

— Балам 6-класста окуйт. Тилекке каршы, таянеси менен…

— Ажырашып кеткениң баарыбызга эле белгилүү да. Кайталап турмуш курайын деген оюң барбы?

— Бар.

— Демек, тандап жүрөсүң. Сага кандай кыздар жагат?

— Мага Кудайдан корккон кыздар жагат. Мындай айым менен жашоо бактылуулук деп эсептейм.

—“Көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт” дегендей, учурда жүрөгүңдү ээлеп алган айым барбы?

— Албетте, сиз айткандай, көңүл менен көптү жактырасың. Жүрөккө жакындары да бар. Ал эми сыр эле болуп турсунчу… Буйруган күнү той болуп калаар…

— Жашоо кайда болууда: Бишкектеби же Оштобу?

— Бишкекте жашайм.Күндөрүм талаалап өтүүдө, эл ичинде… Тагырагы, концерт, тойлордо…

— “Тойлорго көп чакырылат, ставкасы 500 доллар” деп угабыз. Демек, байлардын тоюна барат окшойсуң. Дегеним, мындай сумманы карапайым эл бере албайт да.

— Тойлорго чыны чакыруулар көп, буйруган жерге барып турабыз. Дайыма изденип, эмгектенип, төрт дөңгөлөктүн үстүндө жүрөбүз. Ыраазычылык үчүн деле тойго барып калган күндөр болот. Көпчүлүк учурда, бекер кызмат кылган тойлор да бар. Ага-ини, дос, туугандарга кантип акчага ырдайсың? Шартына карата сурангандар бар, аларга да убакыт таап,барып жүрөбүз. Эл арасында болгонду жакшы көрөм. “Эл менен бийиксиң, элден чыккандан кийин кийиксиң” дегендей, кыргыз элим менен бийикмин. Себеби, биз кыргыздар улуу элбиз. Кылымдарды карыткан жана карыта берген, түгөнбөс, жоголбос, пейили кенен меймандос элбиз.

— Азыр тойдун учуру. Тойдо эмес, шайлоодогу үгүт иштеринде ырдап жүрөсүң. Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун гонорары жакшы болсо керек?

— Шайлоодогу үгүт иштерине бардык эле ырчы ар кайсы партия менен келишим түзөт. Биз СДПК менен келишим түзгөнбүз. Эл катары гонорарыбызды алабыз.

—А эмнеге аксылык жердешиң Азимбек Бекназаровду колдогон жоксуң?

—Белгилүү саясатчы Азимбек акемди да сыйлайм. Аксыдан көптөгөн белгиүү инсандар чыккан. Чыгармачылыкка жаңы кадам таштаганда, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков атабыздан ак бата алган элем. Атабыздын батасы менен көгөрүп-агарып келатабыз.

—Белгилүү атабыздын белгилүү китебин окудуң беле?

— Албетте, “Сынган кылыч” романын такыр окуп бүтө албай койдум. Бул китеп менен катар учурда Куранды окуп жүрөм. Бала кезден эле ар кайсы жанрдагы китептерди окуп чоңойдум, көбүнчө мага тарыхый китептер жагат.

—Эми интернетке кирбейм десең калп болуп калат го…

—Ооба, бош убакытта интернетке кирип, жаңылык, өзүмө керектүү нерселерди окуп калам.

— Интернеттен алган наамың, Жээнбековду колдоп, ырдап жүргөнүң боюнча ар кандай пикирлер жазылууда, окусаң керек. Мындай сынды кандай кабыл алуудасың?

—Эми тирүү жан болгондон кийин, сага карата сындар айтыла берет. Адамдын жакшы жагын көрө, жаман жагын бөлө билип, ниетибизди оңдосок жакшы болот эле. Жакшы ниет, жакшы сөз, жакшы мамиле жакшылыкка гана алып барат. Жакшы сөзүбүздү айтып коюу кандай сонун. Ар бир негативдин артында керемет күндөр бар экенине ишенем!

—Керемет обон же ыр жаздыргандар барбы?

— Белгилүү ырчылар, кесиптештерим, менин обондорума башка акынга ыр жаздырып, ырдап жүрүшөт. Алар: Гүлнара Кахарова,Роза Шакирова,Салима Балтаева, Сайкал Садыбакасова, Абдылда Иманкулов, Санжар Бердибеков жана башкалар.

—Обон, ыр жазуу сага кайсы маалда келет?

—Чыгармачыл адам үчүн ыр жазуу, обон чыгаруу тынчтыкты талап кылат. Эч ким тоскоол болбой, тынч болсо, кайсы убак болбосун жаза берем. Бирок, көбүнчө ырларды түн жарымда жазам.

—Кеч жатсаң кеч турасыңбы?

— Кайсы маалда жатсам да, сегиз саат гана уктайм. Бул убакыт мага режим болуп калган.

—Анда пландаган иштериңди бүтүрүп алат экенсиң да?

—Жок. Негизи азыр канча чуркасаң деле жумуш бүтпөйт го. Же бизден жаштык өтүп баратабы?..

—Бишкекте жашасаң жалкоо, ак кол болуп калсаң керек да, кара жумушту унутуп…

—Айылда жашап, чоңойгондон кийин кара жумушка жакшы элебиз, унуткан жокпуз. Болгону кой сойгонду билбейм. Тирүү жандыкты кантип союшат билбейм?

 Улан Гүлжигиттин “двойнигиби?”

Гүлжигиттин маегин улай Уландын да кыскача маегин бере кетели дедик. Бишкектеги № 176 маршрутканын айдоочусу Улан аттуу жигитти Гүлжигитке окшоштуруп, ой-боюна койбой, “суракка” алганбыз. Капысынан кезиккен инибиз Бишкекте жашап, иштейт. Үйбүлөлүү. Нарындын күйөө баласы, Таластын кулуну. 33 жашта.

“Өзүңдү окшоштурасыңбы?” десек, “Билбейм, эл да, үйбүлөм да айтып жатса, окшошмун го… Машруткама түшүп калгандардын көбү эле, силерге окшоп: “Гүлжигит Сатыбеков деген ырчыга окшош экенсиң, тууганысыңбы?” деп сурап калышат. Сурагандардын санын санай берип, акырында чаташып калдым. Башында так эсептечүмүн, 93кө чейин санадым. Тойдобу, көчөдөбү, үйдөбү, баары эле окшоштуруп жатса, аны жакындан көргүң келип, жолуккуң келет экен. Ал менден улуу го дейм, мен 33 жаштамын.

Улан  Гүлжигиттин ырларын маршруткасында эле эмес, телефонунда да угат экен. “Ырлары маанилүү го, ошон үчүн концерти аншлаг менен өтсө керек деп ойлойм. Айрым ырчылар билетин күчтөп берсе, Гүлжигитке өздөрү барып, билет таппай калдарын да укканыбыз бар. Бул ырчынын башкалардан айырмачылыгы ырды ырдаардын алдында анын тарыхын айтып берет, ошонусу бизге жагат. Сахнада да өзүн алып жүрүүнү билет. Өзүнө жарашыктуу кийинет. Бардык жагынан төп келген мыкты ырчы. Биздин үйбүлө, балдарыма чейин Гүлжигитти жакшы көрөт. Мектепте окуган балам кайсы гезитке чыкса эле алып келип, сүрөтүн сактай берет. Кудай буйрук калса, сиздер аркылуу Гүлжигит менен жолугуп калчу күн алыс эместир!

 

“Гүлжигиттин ата-энеси айылда кадыр-барктуу адамдар”

Гүлжигит Аксынын Мукур айылынан эмеспи. Айылдашы Гүлшайыр Арзыматова аттуу айым биздин кошуна. Күндө Гүлжигиттин “Исфана” аттуу ырын жаңыртып коюп, кыймылын баштайт. Ал ырды күндө уга берип, жаттап да калдык. “Биздин айылдан” деп сыймыктанат. Мына жакында эле Гүлжигиттин алган сыйлыгына сүйүнүп жетине албай жүрөт.

—Гүлжигиттин алган наамына айыл ичи кубанганына бөркүмдөй ишенем. Азыркыга чейин деле куттуктап жатышса керек! Бул сыйлык боюнча өйдө- ылдый сөз болуп жатпайбы, бул туура эмес. Гүлжигит кыска мөөнөттүн ичинде эле эмгек сиңире алды деп ойлойм. Себеби, ал өтө маанилүү ырларды жаратты. Башкалардай болуп бирөөнүкүн көчүрүп алган жок. Сөз жазып, обон чыгаруу оңой-олтой иш эмес да, кызылдай эмгек. Наам алыш үчүн сөзсүз эле убакыт керек эмес, эмгек сиңирүү керек. Эмгеги менен ийгиликке жетти.

Гүлжигит менен мен сиңдим турмушка чыкканда жакындан таанышып калгам.Аябай жакшы бала. Сиңдимдин тоюна келип, ырдап берген. Анда бойдок болчу. Анан ошол тойдон Элнура (айылыбыздан эле болот) аттуу кыз менен таанышып, баш кошушкан. Бир жылдан кийин Байэл аттуу балалуу болушкан. Ал азыр чоңоюп, атасын тартып ырчы болгон, мектептин кичинекей жылдызы. Ырдаардын алдында атасынын атын сыймыктануу менен айтып, анан ырдайт. Эми турмушта болот экен, Элнура экөө эмне болуп ажырашып кеткенин деле билбейбиз. “Жакшы үйбүлө эле, ка-ап” деп ажырашкандарын угуп, кейип калганбыз. Элнура аябай эстүү, ашыкча сүйлөбөгөн жакшы кыз. Башка бирөө болсо эмне болуп ажырашканын жайып, аны айыл эмес, аалам билмек. Экөө тең кайталап үйбүлө кура элек. Бир күнү өздөрүнүн бактысын таап калышаар. Экөөнө тең бакыт-таалай каалайм! Учурдан пайдаланып, Гүлжигитти алган наамы менен куттуктайм. Дагы-дагы көп эмгектенип, Кыргыз эл артисти болсун!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.