Бир ырдын тарыхы: Долондон канатымды кайрып алдым…

Бир ырдын тарыхы: Долондон канатымды кайрып алдым…

Жекшен ТАГАЕВ: ««Ильястын ырынын» автору менмин, бирок…»

Учурда Түп райондук маданият бөлүмүндө көркөм жетекчи болуп иштеп жаткан обончу Жекшен Тагаевдин чыгармачылык тагдыры кызык. акын Жолдошбек Бусурманкуловдун сөзүнө обон чыгарган «Ильястын ыры» угармандарга белгилүү болсо да, анын автору Жекшен Тагаев экенин көпчүлүк биле бербейт.

– Жекшен Хусеинович, канча обон чыгардыңыз?

– Саман-топондорун иргеп-илгеп айтсам, 30-40ка жакын обон чыгардым окшойт. «Ала-Тоо — мээрим энем», «Сагыныч тамчылары», «Ак булуттар»,«Ыйыгым сенсиң, Ысык-Көл»,«Кечиккен махабат» ж.б. обондуу ырларымды атай кетсем жетиштүү болот го.

– Самантопондору дегениңизди кандай түшүнсөк болот?

– Бир кезде нотага түшүргөн обондорумдун баары эле «шедеврдей» сезилчү. Көрсө, ал жаштыктын күүсү тура. Бирин-экин обондорум менен эле «жылдыз» болуп таанылгым келген. 50дөн кийин токтолуп, жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен ырларымды иргеп-илгей баштадым.

– «Жылдыз» оорусу 90-жылдардан кийин эле пайда болду го. Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков ж.б. топ жарган, кыргыз музыка дүйнөсүнө кайталангыс из калтырган обончу композиторлор деле өздөрүн «жылдыз» деп аташпаганын биздин муун жакшы билебиз. Кандайча «жылдыз» болгуңуз келди?

– Атак-даңктын артынан сая түшүп, жабышкан жокмун. Бирок, анча-мынча ийгиликтерге баш айланган учурлар болгон, аны танбайм. Жаштык деген ала качма болот окшобойбу. Кыялың да бир жерге токтобойт, күйүп-жанып, айтор, ай-асманды чапчыгың келет экен. Ошол кездери баркы-баасы билинбеген залкар таланттардын кадыр-ордун эми-эми жоктоп, өксүп турам. Башкаларын айтпаганда да, Экия Мукамбетов эмне деген талант эле! Анын ар бир обондуу ырында кыргыз элинин улуттук колорити сакталып, жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен мукам кайрыктары дале жан дүйнөбүздү сергитет. Кайран кишинин чыгармачылыгын иликтеп-изилдегендер жокко эсе. Ырас, улуу муундун өкүлдөрү «жылдыз» оорусун билишпеди, керек болсо жакын жолотушкан жок. Ошон үчүн алар жүрөктөн чыккан,жүрөккө жеткен обондору менен өздөрүнө түбөлүк эстелик орнотуп кетишти деп ойлойм. 500дөн ашуун обон жараткан Жумакебиз да өзүн өргө айдаган мактоолордон алыс болду. Алар чалкыган деңиз болсо, биз анын бир тамчысыбыз.

– Обондун кайрыктары кандайча келет? Чыгармачылык тагдырыңызга таарынбайсызбы?

– Чыгармачылык тагдырыма таарынбайм деле. Эгерде обончулук өнөрдү кесип катары тутсам, балким мыкты чыгармаларды жаратмакмын. Турмушта өйдө-төмөн, ак-кара, жакшы-жаман эриш-аркак ээрчишип жүрөт турбайбы. Обон жаратуу сезимдин иши да.

– Кыргыз радиосунун «Алтын фондусуна» жазылган өздүк архивиңизде сакталуу обондоруңуз барбы?

– Биздин муун ушундай байоо экенбиз. Айрыкча, элеттик обончулардын баары эле мендей болсо керек. «Алтын фонд» дегенди бизге түшүндүргөндөр болбоптур, өзүбүз да ага маани бербептирбиз. Облустук радиого бир топ эле обондорумду өзүм ырдап жаздырганмын. Тилекке каршы, архив түп-орду менен жоголуп, ошону менен обондорубуз «оомийин» болду.

– Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестиндеги башкы каармандын тагдырын тереңдеткен « Ильястын ырынын» обонун кандайча чыгардыңыз эле? Дегеле бул обонуңуздун тагдыры тууралуу өз оозуңуздан уккубуз келет.

– «Ильястын ыры» 1981-жылы колума тийди. Анда Түгөлбай Казаков Пржевальск шаарындагы пединститутта иштечү. Бир күнү мага кезигип, «Бул ырды жердешим Жолдошбек Бусурманкулов чыгарыптыр. Текстке үндөш кайрыктар эмнегедир келбей жатат. Балким сенин колуңдан келээр» деди. Ыр мага аябай жагып калды. Айрыкча, «Долондон канатымды кайрып алдым» деген саптар делебемди козгоп салды. Жаштыктын жаңылыштыгы кимдердин башынан өтпөгөн? Тез эле обон чыгардым. Анын сыясы кургай электе эле ошол кезде Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Кубан Эстебесов: «Жекшен,обончулардын кароо-сынагы өтүп жатат. Обондоруң болсо катышпайсыңбы?» деп калды. Чакмак дептердин бир барагына карандаш, анан калемсап менен нотасын түшүргөн «Ильястын ырын» калыстар тобунун сыноосуна койдум. «Кана, нотаңды көрсөтчү?» деген калыстар тобунун төрагасы айтылуу Төлөгөн Томотоевге колумдагы баракты карматтым. Эч нерсени этибар албаган,эдиреңдеген мүнөзүмө бир аз кабак чытыган Төлөгөн аба мени «тоодон түшүп келдиңби?» дегендей олурая карап алды.Кантсе да маданияттуу киши эмеспи, унчукпай чакмак баракка көз жүгүртүп өттү. Жанында жанаша олтурган Советбек Исраилов деген композиторго: «Советбек, сен да карап көрчү, жакшы окшойт» деди. «Кана, тексти, жатка билесиңби?» дегенин гана уктум. Төлөгөн аба абдан сүрдүү киши эле, сүрдөгөнүмдөн эки тизем калчылдап, жонумдан ылдый тер шорголоду. Шаша-буша ырдын төрт сабын жаза койдум да, ага кармата салдым. Ал кыңылдап, аздан соң үн чыгара ырдап, «жакшы» деди да чөнтөгүнө салып алды. Бир аз убакыттан кийин «Ильястын ырын» радиодон Түгөлбай Казаков сыздап ырдап чыкты. Угармандар анын автору Т.Казаков деп кабыл алышты. Мен болсом «Ильястын ыры» аткарылып жатканына гана кубандым. Анда автордук укукту талашуу дегенди билбептирмин. Кыргыз эл артисттери Анарбек Ибраев, Кыргызбай Осмонов, эмгек сиңирген артист Асылбек Өзүбеков, жаш ырчы Мирбек Атабеков аткарып жүрүшөт. Мирбек клип да тарттырды, мага жакты. Ошентип, «Ильястын ыры» менин эмес, башкалардын атын чыгарды. Дагы бир кызыктуу окуяны айтайын. Облустук драма театрынын режиссерлор бөлмөсүндө чыгармачылык тагдыр менен достошкон замандаштарым менен олтурганбыз, бир маалда кичине бойлуу, кара тору киши кирип келди. «Медербек Назаралиев деген белгилүү режиссер» деп тааныштырышты. Ал киши абдан тамашакөй, өтө жөнөкөй киши экен. Эзелки тааныштардай тез эле тил табышып кеттик. Медербек аба Нарын театрына «Кызыл жоолук жалжалымды» койгону жатканын айтып, анын музыкасы жөнүндө биз менен ой бөлүшүп калды. «Мага ушул ырды сунушташты. Ырдатып көрсөм, жакшы экен» деп, баягы менден Төлөгөн аба алып кеткен чакмак баракты көрсөтсө болобу. Кубанганымдан кыйкырып жибердим. «Медербек аба, ал ырдын обонун мен чыгаргам, нотага мен түшүргөм» десем, жарыктык киши, «Сен кайда жүрөсүң? Муну мен Түгөлбайдыкы деп ойлогом» деп, мени жерге-сууга тийгизбей мактап кирди. Азыр ойлоп аябай өкүнөм. Медербек абадан «Ильястын ырынын» түп нускасын уялбай эле сурап алсам болмок экен. Ошол бойдон Медербек абаны көрбөй калдым. «Кызыл жоолук жалжалымдын» бет ачары мына-мына болот деп жатканда М.Назаралиев капысынан дүйнө салыптыр дегенди уктум. «Ильястын ырынын» тагдыры мына ушундай.

– Айткандарыңызга караганда, облустук драма театрынын куттуу сахнасынан отчеттук концертиңизди берейин деп чамынып жатыптырсыз. Буга чейин жеке отчеттук концертиңизди бербегениңизди билебиз. «Биз силерди сагындык» деген концерттен кийин сиздин эл алдында ырдап чыкканыңызды уга элекмин.

– Отчеттук концертимди берейин деп ойлогон эмесмин. Ниеттеш, тилектеш инилерим эле демилге көтөрүп чыгышты. Айрыкча облустук телерадио компаниясынын төрагасы Калыбек Тайтакеевге ыраазымын. «Биз силерди сагындык» деген 70-80-90-жылдарда жарк этип чыгышкан Советбек Урмамбетов, Догдурбек Урмамбетов, Камчыбек Букалаев, Алымбек Коробаев, Эмил Жүзөнов, Алымкул Султаналиев ж.б. обончу-композиторлор менен биргеликте уюштурган концертибизден бери билинбей эле төрт жыл өтүп кетиптир. «Караколду сагындым» деп, Бишкектен бери аккордеонун көтөрүп Черикчи Бакасов да келген эле. Дегеле,сагынчыбызды жазышып, кумардан чыгып баарлашуудан өткөн эмне бар!

Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, ЫсыкКөл облусу, өз кабарчы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.