Эртең Текебаевдин соту болот

Эртең Текебаевдин соту болот

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо эртең, 19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда уланат.

Буга чейинки соттук отурумда болгон нерселерди айта кетсек, күбөлөр суралып бүткөн. Маевскийдин тергөөдө берген көрсөтмөсү окулган. Бирок, адвокаттар анда дал келбөөчүлүктөрдү баса белгилеп, Маевскийдин кошумча көрсөтмөсүн окулушун соттон талап кылышкан. Сот Адис Момуналиев аны четке кагып, жарыш сөздө айтыла турганын айткан. Бирок, эртең сот эмне дээрин бир Кудай билет. Кандай болгон күндө да соттун жүрүшүнөн кабар берип турабыз.

Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов 26-февралда кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурушат.“Орусиялык жаран Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген айып тагылып, аларды Биринчи Май райондук соту август айында 8 жылдан эркинен ажыраткан. Айыпталуучулардын адвокаттары шаардык сотко доо арыз менен кайрылышкан.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.