Уйгурлар

Уйгурлар

Уйгурлар көөнө тарыхы бар түрк тилдүү эл. Алар менен биздин да тарыхый жолубуз далай кесилишкен. Көкүрөгү көксөгөн көз карандысыз мамлекети болбогону менен тарыхта үч жолу кубаттуу каганат түзгөнгө жетишишти. Учурда булл элдин басымдуу бөлүгү Кытайда, өздөрүнчө Чыгыш Түркстан, Уйгурия, Мулкул Уйгурия, Уйгурстан атап жүргөн Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда жашайт. Ар кандай кырдаал-шарттардан улам алыскы-жакынкы өлкөлөргө көчүп барып жашап калгандары да бир кыйла. Анын ичинде биздин өлкө Кыргызстан да бар.

Азыр биздеги уйгур элинин ички маселелери, маданиятын, каада-салтын сактоо, өркүндөтүү, жаштарды тарбиялоо жаатындагы иш-аракеттерди «Иттипак» коому жүргүзүп келет. Кыргызстандагы өтө жандуу, жигердүү диаспоралардын бири. Андан да ал өлкөбүздөгү диаспоралардын башын бириктирген Кыргызстан элинин ассамблеясынан беш жашка улуу. Ал боюнча «Иттипак» гезитинин башкы редактору Акбар Баудунов: «Ассамблея 1994-жылы курулган, «Иттипак» коому ага чейин, 1989-жылы 17-декабрда негизделди. Ассамблеянын түптөлүш башатында туруп, Ассамблеянын алгачкы мүчөлөрүнөнбүз», — дейт.

Айтмакчы, диаспора чыгарып жаткан «Иттипак» гезити Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен жашташ, ассамблея негизделген жылы биринчи саны чыгыптыр. Алгач төрт беттен туруп, миң нуска менен чыкса, азыр 16 бет, нускасы — беш миң. Материалдары кириллица жана араб ариптеринин негизинде уйгур жана орус тилдеринде чыгат.

– Ассамблея жаралгандагы биздеги башкы маанилүү жаңылык өз тилибизде гезиттин чыгышы болгон. Кыргызстан уйгурларынын тарыхында «Иттипак» гезитин чыгарып чоң сүйүнүчтө болгонбуз, — дейт «Иттипак» коомунун азыркы төрагасы Артык Хаджиев. Артык мырзанын айтымында, азыр уйгур элинин улууларынын тынчсызданганы – кийинки урпактардын улуттук баалуулуктарды унутуп калбашы экен. Жыйырма улан-кызды Үрүмчүгө консерваторияга окууга жөнөтүп, уйгур музыкасын аткарууну профессионалдык деңгээлге көтөрүү, уйгурлар көп жашаган жерлерде мектепте жумасына эки сааттан уйгур тилин окутуу улут тамырын сактап калуунун аракеттери экен.

Ага катар Кыргызстан элинин биримдигин, улуттар аралык мамилени чыңдоо багытындагы иш-чараларга жан-дили менен катышып турушат. Жакында эле Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдыгына арналган «Уйгурлар ынтымактуу үй-бүлөдө» аттуу этномаданий акциясын Бишкекте өткөрүп, «Мекеним — Кыргызстан» аталыштагы үгүт кербени Кыргызстандын жер-жерлеринде болуп келишти.

Саны так эмес, бирок бар…

Артык Хаджиев бул жетекчилик кызматка 2011-жылы шайланган (төрага төрт жылга дайындалат). Кесиби боюнча юрист,эки уул, эки кыздын атасы, төрт небереси бар. Кыргыз, казак, дунгандан куда күтүп, турмушта да, иште да улуттар аралык мамилелерди чыңдоо аракетинде экенин айтып күлөт. Кыргызстан бул жердеги уйгурлардын тагдыр тандап алган Мекени экенин айтат.

– Биз, уйгурлар, байырлап калган Мекенибиз Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө тилектешпиз. Эгемендик колго тийип, аны эмне кыларыбызды билбей ар жолго түшүп көрдүк, буйруса, туура жолго чыгабыз деген үмүт-тилек бизде чоң. Азчылыктагы улуттарга улут катары тилдик, маданий, үрп-адаттык өзгөчөлүктөрүн сактап калганга шарттар түзүлүп жатат азыр,ошого ыраазыбыз.

– Кыргызстандагы уйгурлар саны бир жерде 70 миң, дагы бир жерде 50 миң деп көрсөтүлүп жүрөт? Так саны кандай?

– Уйгур элинин саны акыркы статистика боюнча 50 миңден ашык. Эми буга чейин 70 миң болгон, 60 миң болгон, бир учурда кырк канча миң болгон, бул жолу негедир элүү миңден ашык… Бул эми расмий статистика, эч нерсе айталбайбыз. А негизи Кыргызстаныбыздагы уйгурлар саны көп эле. Неге десеңиз, 37-жылдардагы репрессия каатчылыгын көргөн уйгурлардын көбү өзүнүн ким экенин жашырып, балдарыбызды куткарабыз деп, түштүк жакта улутун өзбек деп, Ат-Башы тарапта кыргыз деп жаздырып аман алып калышкан экен. Бул биздин элдин тарыхындагы кайгылуу күндөрдүн бири…

– Уйгур элинин Кыргызстанга көчүп келгендеги чоң агымы 50-жылдарга туура келет деп айтылат, ушундайбы?

– Эми Кыргызстанды бир канча кылым мурун эле жердеп калган уйгурлар да бар. Акыркы массалык түрдө көчүп келиши, туура, 50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башына туура келет. Ал учурдагы Кытайдын саясатын билесиздер, анда ата-агаларыбыз аргасыз жер которуп, көбү Казакстанга көчүп барып отурукташып калган.

Артык мырзанын бир канча мурун жердеп калган уйгурлар дегени, тарыхый маалыматтарга таянсак, XIX кылымдын 20-жылдарына туура келет экен. Анда уйгурлар манчжурлар менен эркиндик үчүн күрөшүп, баскынчылыкка багынбагандар көчүүгө аргасыз болуптур. Экинчи агым катары каралган 50-жылдарда Кытай Эл Республикасында уйгурларга ыдык көрсөткөн саясат орун алып, айрыкча «маданий төңкөрүш» маалында аргасыз көчүү күч алыптыр. Бизге келгендери Чүй боорунан (көп санда Лебединовка жана Покровка айылдарында), Бишкектин тегерек-четинен, айрыкча, Төкөлдөштө, Ысык-Көлдө Караколдо, түштүктө Жалал-Абадда, Ош облусунда Кашкар-Кыштак жана Уйгурабад кыштактарында компакттуу жашап, бири чакан, орто бизнес ачып ишкерлик, басымдуу бөлүгү соода, дыйканчылык ж.б. менен алектенет.

– Уйгурлар алектенген иш десе эле, дыйканчылыкты, соода кылышарын айтышат. Туура, негизги алектенгени ушулар. Бирок Кыргызстаныбызда башка тармактарда, саясатта, илим,агартуучулук, маданият, айыл-чарба, спорт жана бизнесте ийгилик жараткан өкүлдөрүбүз бар, билесиздер. Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештерде да депутаттарыбыз иш алып барып жатат, — дейт Артык мырза.

Бул жердеги уйгур элинин ички башкаруу иштери да өтө кызык. Маселен, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жигит башы, машрап…

– «Иттипак» коомунун тутумунда Аксакалдар кеңеши, Аялдар кеңеши, Жаштар кеңеши бар. Аксакал кеңешинин жалпы журт үчүн, улут аралык майда чатактарда ролу чоң. Акыл-насаат айтып, жол көрсөтүп ишибизди түздөп турат. Аялдар кеңеши уйгур аялдарынын тийиштүү маселелерин карашат, каада-нарктардын сакталышына да, бала тарбиясына көңүл бурушат. Ал эми жигит башылары бир жамааттын ишине жоопкерчиликти алат. Той болобу, өлүм болобу, кар болобу, жамгыр болобу, урушабы, ооруйбу – баарын чечкенге аракет кылат. Жамааттын, анан махалланын, андан жогору райондун өз-өзүнчө жигит башылары болот. Алардын баарынын ишин генералдык жигит башы (Имаржан Хамраев) тескейт, ал бул жерде, Борбордук комитетибиз бар, ошол жерде отурат. Жер-жердеги эл ал-абалын, көйгөйлөрүн жигит башылары аркылуу билебиз, — дейт Артык Хаджиев.

Жигит башы жалпыга жаккан адам

Артык мырза айткан «жигит башы» уйгур жамаатынын ичинде чоң ролду ойнойт. Ал көп ичинен атайын тандалган, каада-салтты, наркты билген, көп маселени чечкен, тың, жалпыны канааттандырган, иши жалпыга жаккан адам. Жергиликтүү талаш маселелерди чечет, тойдо, өлүм болгон жерде, башка иш-чараларда уюштуруучулук иштерди аткарат. Ушул жерден илгертен келаткан жөрөлгө Машрап жөнүндө айта кетпесек да болбойт. Себеп дегенде, ал жерде да «жигит башынын» кылган кызматы чоң.

Машрап – тарбия мектеби

Артык Хаджиев «уйгурларда «Балаңды мектепке бер, мектептен соң машрапка бер» деген сөз бар, ким бирөөнү «машрап көргөн бала» же «көрбөгөн бала» дегенде, ал адам ким экенин ар бир уйгур айттырбай түшүнөт» дейт. Бул шеринеде ар аймактан он-он бештен чогулуп келишет, бардык ишти тескөөчү жигит башы шайланат, ыр ырдалат, бий бийленет, ыр окулат, оюн ойнолот, ар темада баарлашуу болот, кыскасы, сайран менен эстетикалык-этикалык таалим берүү бирдей жүрөт. Ички ченем-эрежелери бар, каалаганды кыла берген болбойт, бардык иш жигит башыдан уруксат алуу менен башталат, чекилик кетиргендер жазасын алат.

Бардык табитке ылайык уйгур ашканасы

Уйгурлар өздөрү: «Кытайлар кыймылдагандын баарын жесе, уйгурлар өсүп чыккандын баарын жейт» деп тамашалагандай, уйгур ашканасы не бир түркүн тамакка бай ашкана. Артык Хаджиев улуттук ашканабыз башкы сыймыгыбыз дейт. Чынында эле баарын айтып бериш кыйын. Биз бир эле аталышын билген тамак нечен түрлүү жасалат. Маселен, уйгурлар көп жасаган лагман жыл мезгилине, жасалыш ыкмасына жараша бир канча аталышка ээ. Тамактардын улугу нан да кырктан ашык ыкма менен даярдалат. Гүл табак, шова, суюк аш, калигач тили, узмя суюк аш, омач, манты, чощуря (үйлөнгөн жаштарга көп балалуу бол, бардар жаша деген тилекте баш кошкон күндүн эртеси жасалат экен), самса, поря, гөш нан, олух нан… Учкай айтсак, алардагы бир өзгөчөлүк – баары колго тууралат, колго даярдалат…

Уйгур ааламы – бүтпөс кеп

Кылымдарда ааламда көптү берип, көптү сиңирип алган уйгур элинин маданияты, адабияты, ыр-бийи, музыкалык аспаптары (алтымыштан ашык түрү бар, баары сакталган эмес), ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине кирген «12 мукамы» (орто кылымга таандык музыкалык-поэтикалык чыгармалардын топтому, ар бир мукам үч бөлүктөн турат, бир мукамы эле 20 сааттан ашык убакыт аткарылат), улуттук бай ашканасы, каада-салты, ички байланыштары, чынын айталы, ар бири өзүнчө узак сөз… Уйгур ааламына жасалган кыскача ракурсубуз азырынча ушул болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.