Бабанов Назарбаевге жолукту

Бабанов Назарбаевге жолукту

Казакстан мамлекетинин президенти Нурсултан Назарбаев Алматыда  президентикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алды.

“Биз бөлүшө турган эч нерсе жок. Буга чейин боордош Кыргызстанды колдоп келгенбиз, мындан ары да колдой бермекчибиз. Биз азыр да зарылчылык болгондо жардам  берүүгө даярбыз”,- деген жолугушууда Назарбаев. Экөөнүн ортосунда “Эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси» талкууланган.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чет элдин жарандары Кыргызстандагы шайлоо жараяндарында, үгүт процессинде катыша албасын “Азаттык” радиосуна билдирген. Башка президент, чет өлкөлүк жарандар менен сүрөтүн жарыялаган дагы үгүт ишиндеги мыйзам бузуу болуп эсептелет. Биз карап көрөбүз”,-деген Бекматов. Бирок, бул эч кандай шайлоого тиешеси жок жолугушуу болуп, казак ММКларында гана жарыяланган. Видео

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.