Эдил Байсалов бийликтин бетин ачты. Атамбаев, Жээнбеков, Исаков жооп береби?

Эдил Байсалов бийликтин бетин ачты. Атамбаев, Жээнбеков, Исаков жооп береби?

Жогорку Нарын каскадында эки ГЭСти жана сегиз чакан ГЭСтерди курабыз деген чехтердин Liglass Trading компаниясы менен болгон чуулгандуу келишимди кечээ өкмөт башчысы бир тараптуу жокко чыгарып олтурат. Кечээ эле алгач вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: “Чех компаниясынын 37 миллион долларды төлөй албастыгы боюнча бир аз убакыт сурап жатат. Аларга ишенбөөгө себеп жок. Анткени, алар тендердик сынакка бардык кагаздарды алып келип, сунуш киргизишкен, сунуштары жакшы болгондуктан, тандалып алынган. Эгер келишим ишке ашпай калса, анда чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү мамлекетте калат” деп айтты эле, кечинде премьер-министр Сапар Исаков ал келишимди жокко чыгарып, чуулгандуу чехтерден “кутулуп” олтурат. Чех тарап: “Бизди жаманнатты кылган кыргыз саясатчыларын сотко беребиз” деп кала беришти. Алар сотко беребиз деген Эдил Байсалов билген кишиге опол-тоодой иш кылды. Бул компаниянын шылуундугун ийне-жибине чейин жазып, кан какшап жатып, келишимди жокко чыгарууга жетишип олтурат. Эдил болбосо, бул долбоор кандай өңүттө кетерин ким билет эле. Эң биринчи кезекте өкмөт карабаган нерсени жалгыз Эдил таап чыгып, шылуундардын да, биздин бийликтин да кимдер менен иштеп жаткан бетин ачып койду. Ошондуктан Эдил Байсаловдун келтирген жүйөөлөрүн кыргызчалап, окурман сотуна коюп олтурабыз. Эми бул чуулгандуу иш боюнча ким жооп берет? Андагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековбу же жайлата чех гезиттеринен түшпөй келген Сапар Исаковбу, же келишимге кол чапкан президент Алмазбек Атамабаевби? Иштин чоо-жайын билбегендер Эдил Байсаловдун макаласын окуса, биздин бийлик кимдер менен иштешкени жатканын таасын көрө алышмакчы. Дүйнөлүк шылуундарга кыргыз байлыгын салып бергени жатышкан экен…

Кыргызстандын байлыгы – биржа спекулянттары менен соттолгон шылуундардын колунда

Liglass Trading АКШда акцияларын сатыкка коюп, 10-июлдан тарта акциянын баасы 0.005 доллардан 18-августка карата 0,39 долларга көтөрүлгөн, бул 7000% жогорулады деген сөз. Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди бетине кармап, чехтер чөнтөгүнө көптөгөн миллион долларды сологонго үлгүрдү. Буга Уэйн Хайес деген неме көмөк көрсөтүүдө. 1990-жылдардын башында бул эргул жөнөкөй акционерлерди алдап, финансылык пирамида уюштурган шылуундугу үчүн 20 жылга кесилип, миллиондогон айып төлөө салынган. Бул адеттеги «pump and dump» схемасын эске салат. (P & D – “насос жана таштанды” дегенди түшүндүрөт. Бул шылуундуктун бир түрү. Өзүндөгү товарды алдоо жолу менен актап-мактап олтуруп, баасын көтөрүшөт да, арзан акцияларды кымбат сатышат. “Таштанды” схемасынын операторлору көтөрүлгөн акцияларды саткандан кийин, ал дароо баасын жоготуп, инвесторлор акчасынан куржалак калат). Чехтер бизге ГЭС салууну эч кандай ойлобогон сыяктуу. Кыргызстан бийлиги алданып, өлкөбүз бүткүл дүйнөгө “шерменде” болуп көрсөтүлүп калды. Ким бул эл аралык ызы-чуу үчүн жооп берет? Liglass Trading акцияларын АКШда сатыкка коюу планын биздин бийлик менен жеке премьер-министр Сапар Исаков билди беле же билбей калдыбы? Мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кандай жоопкерчиликти алат? “Русгидрого” компенсация катары төлөй турган 37 миллионду которуу мөөнөтү келип калды. Атүгүл Liglass Trading ал каражаттарды тапса да, Кыргызстандын улуттук кен байлыгын күрөөгө коюп туруп,  Кыргызстан менен болгон келишимди кайра биржалык “тактеке” ойноткондорго сатып жибербейт деген кепилдик барбы?

Дегеле Liglass Trading бизде пайда болушу менен эле өлкөбүздү шылдыңдагандай болгон. Мен июлда чех прессасына маек бергенде: “Америкалык начар кинолордо чет өлкөлүк шылуун Латын Американын 30-жылдарындагыдай чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, бардыгын алдап-соолап олтуруп, диктатордун алдында пайда болот да, өлкө башчысы менен миллиарддык келишим түзүп коет эмеспи, Кыргызстан ошондой “банан республикасы” болуп калганына уялып турам” деп айттым эле. “Банан республикасы” дегенде  мыйзамдар менен мамлекеттик институттар иштебей калат. Эч кандай эсеп-кысап, акыл калчоо деген болбойт. Чех айылынан чыккан немелер айнек фабрикасынан банкрот болуп алып, эгемендүү Кыргызстандын Жогорку Нарынында жана башка сегиз жерде – Орто-Токойдо, Папанда, Сандыкта жана башка эң орчундуу жерлеринде ГЭСтерди курууга укук алып олтурат.

“Бул ишкер чехтер – кимдер?” – деген собол биз менен келишим түзгөн биринчи күнүнөн бери чех гезиттери менен тележаңылыктарынан түшпөй келет. “Алар акчаны кайдан алганы жатышат?” деп кызыккан эле тараптар. Миллион жоромол-дөдөмөлдөр айтылып кетти: жүзүн өзгөрткөн орусиялык “Русгидронун” өзү дегенден баштап, Алишер Усманов менен биздик оштук баңги барондоруна чейин. Кайсыл кызыкчылыктын жетегинде болгондорун да олуттуу талкууга алышты: эл аралык кылмыш синдикаттарынын акча жасаганынан баштап, орус компаниясынын кетенчик акы суммасын легитимдештирүүгө чейин. Ой, тобо, азыр “үрүп” жаткан “Русгидрого” 37 миллионду берүү жөнүндө талашып-тартышпай калышты, а жакында эле парламентте кызыл чеке болуп, ал акчаны “беребиз-бербейбиз” болуп жатышкан. Бул эң негизги маселе – бардыгы “бул кимге кереги бар?” деген суроого жооп издеп, баштары маң болуп жатты эле.

Бирок турмуш чындыгы көзгө казык сайып көрсөтүп коет экен. Бир жагынан күлкүң келет! Айтылгандын бардыгы чын болуп чыкканда, ого бетер шылдыңга калмакпыз.

Анда болгон чындыкты алдыңарга жайып берейин, даяр туруңуздар.

Liglass Trading жөнүндө жаңылык чыкканда эле интернетти анча-мынча билген киши Сhina Intelligence Information Systems Inc («Чайна Интеллиженс Информейшн Системс») деген компания жөнүндө билип алган эле, бул компанияны Микаэл Смелик мырза Йержи Войцеховски жана үчүнчү өнөктөшү Юрай Павол менен биргеликте 2017-жылы июнь айында Невада штатынан өздөрүнө кайра каттатып алышкан.

Анын аталышы сизди таңгалдырып турабы? Бизди дагы. Бул солго солочу оффшор сыяктуу, ал Кыргызстанга ГЭС курууга эч кандай тиешеси жок болушу мүмкүн. Башында биз да ошентип ойлогонбуз. Бирок, эгерде айнек шуру жана крематор челектерин саткан Liglass Trading ГЭС курганга кудурети жетип жатса, анда андай өнөр эмнеге кытайлык акционердик коомдун колунан келбесин? Алардын америкалык бийликке берген 2011-жылдын мартындагы акыркы отчетунда Кытайдын Шангдонг аймагында компьютердик программалык камсыздоону ойлоп чыгарганы жазылган. Андан терең каза түшсөк, мурда виртуалдаштыруу боюнча тейлөө менен алек болуптур.

“Буга чехтердин, Кыргызстандын кандай тиешеси бар?” дешиңер мүмкүн.

Ой, бул «Чайна Интеллиженс» (түз которулганда “кытай чалгыны” дегенди түшүндүрөт), туруп-туруп эле 2017-жылдын 17-июлунда “инвесторлор үчүн проспект” чыгарышыптыр, ошондо Liglass Tradingдин атынан Кыргызстанга ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашырары айтылган.

Үч баракка сыйган меморандумдун негизинде инвесторлор жүздөгөн миллион долларды кытай аталышындагы чехтердин компаниясына которушмак экен, ал меморандумдун катасын көрсөңөр, өз көзүңөргө ишенбейсиңер. Өзүнчө эле жогорку деңгээлдеги чампаламай десе болот. 500 долларды катташ үчүн эле микрокредиттик союз оголе көп документ талап кылат чынында. Бул проспектиде ар бир сүйлөм жалган менен чулганган. Ушул эле “Чех Республикасынын эң мыкты кадыр-баркы” Европа боюнча энергодолбоорлорду курган тажрыйбасы жөнүндө карандай калпы көп ирет четке кагылган экен. Анан да Ооганстан менен Пакистанда ишке ашчу CASA-1000 эл аралык долбоору келтирилип, анан Кыргызстан Liglass курган он ГЭС чыгарган электрэнергиясына кандай баада төлөшү керектиги, милдети жазылган. Электрэнергияга болгон баа дүйнөдө эң төмөн, бирок кызыгы, чех-кытайлар меморандумга бааларды келтиришкен эмес, бирок оптимисттик түрдө “инвесторго киреше агымы төлөнүп бүткөн соң, үч жылдан кийин” кирешеге чыгышарын убада кылышкан, бул эмненин белгиси?

Долбоорго салынчу инвестициянын жалпы суммасы 525 миллион долларды түзөт, анын 262 млн долларын кредит түрүндө алуу каралган, калган 265 млн долларды акционердик капиталды салуу болуп эсептелет.

Чындыгында, бул баракка көз жүгүртүп олтуруп, же бул бирөөнүн тамашасы же “черновик” кагаз экен деп ойлоппуз. Акционердик капиталды кызыктыруу үчүн инвестициялык проспектус адетте аз дегенде эки жүз баракка жазылат, анда бардык финансылык көрсөткүчтөр берилип, бизнес план ийне-жибине чейин көрсөтүлүп, бардык тобокелчиликтер келтирилет, ошондой эле юридикалык жактары болот, алар америкалык жана европалык бийликтер тарабынан жөнгө салынып турат.

Бирок бул жерде башка ресурста дагы бир проспектус келтирилген, ал баягы эле «Лигласс-Чайна Интеллиженстин» стилинде. Анда кыргыз географиясы менен CASA-1000 кыялдагы перспективалары жөнүндө базалык фактылардан башка Жогорку Нарын каскадына салынчу эки станциянын курулуш шарттары гана үстүрт айтылат.

Liglass бул эки станцияга салынчу инвестициянын жалпы суммасын 214,6 миллион доллар деп түзүшкөн, анын 50%ы (107,3 млн) 3,5% алдындагы кредит менен, ал эми 25%ы (53,65 млн) 0%дык кредит менен каржылоо каралган. Эч бир деталы жок, мындай арзан пайызга алынчу кредит ресурстары кайдан келет, эч маалымат жок. Бирок мурда эч жерде жарыяланбаган, кыргыз өкмөтү менен кол коюлган келишимдин шарттары келтирилет. Көрсө, талап кылынган инвестициянын 25%ын «Лигласс» төмөнкүдөй тартипте төлөйт экен: 37 миллион долларды келишимге кол коюлган (!!!) күндөн тарта 30 жумуш күндүн ичинде, 16,65 млн долларды “Жогорк Нарын каскад” жабык акционердик коомунун 50%ы «Лигласс» компаниясына катталып, техникалык-экономикалык негизи өткөрүлгөндөн кийин төлөнүшү кажет.

Белгилей кетчү жагдай, башында бизге да ошентип жар салынган: 10-июлдан тарта 30 банк күнүнүн аралыгында төлөнмөк, анын мөөнөтү 23-августта бүттү. Ал эми 50% үлүштү компанияга каттоо 4-августта “Электр станциялары” акционерлеринин чогулушунда колдоого алынган. Буга чейин бир цент да которулган жок, а 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн расмий түрдө 15-сентябрга которушкан.

Жарыяланган инвестициялык проспектте келечекте Жогорку Нарын эки ГЭСин ишке киргизгенден кийин 50%ынан жана сегиз чакан ГЭСин ишке киргизгенден кийин 100%ынан жылдык кирешеси 77,5 миллион долларды «Лигласстын» алышы каралган. Жалпы жылдык электрэнергиясын өндүрүү 1 436 470 000 kWh, кубаттуулугу 287,4 MWко бааланат. Бирок дале электр баасы жөнүндө бир сөз жок, болгону “инфляцияга байланыштуу” жыл сайын баа көтөрүлөт деп коюшкан.

Ошондой эле инвесторлор тарабынан келтирилген дагы бир жагдай, келишим боюнча кыргыз өкмөтү менен талаш маселе жаралып калса, Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Эл аралык арбитраждык (соода) соту тарабынан чечилет деп турат. Эскерте кетсек, өкмөт бардык талаш маселелер биздин соттор тарабынан биздин мыйзамдарга ылайык каралат дешкен.

Эң кызыгы, бул документ начар англис тилинде толтурулган, студенттин көк дептерине окшош, SWOT келишимдин алсыз жана күчтүү жерлерин анализ кылуу менен аяктайт. Алсыз жери катары жергиликтүү ресурстар менен географиялык алыстыгынан тышкары, кыргыз өкмөтүнүн башка чоң долбоорлорго «Лигласстын» катышуусун талап кылганы келтирилет. Элестетип көрсөңөр? Байкуш чехтер! Жаш өкмөттөн коркушат экен, акционердик капитал алып келүү үчүн кыска убакыт берилген имиш, анан да талаш учурда келишимдин орусча текстти үстөмдүк кылат дейт.

Дагы кайталайм, бул документтер көк дептердей эле көрүнөт, муну кесипкөй адистер даярдаган эмес, мындай документке эч ким бир тыйын да бербейт.

Эми абдан кызык жерине келдик…

Liglass Tradingдин сайтында өнөктөштөр катары эки инвестициядык фирма аталат: Green Capital жана Pantheon Partners SRL. Green Capitalдын кызматкерлеринин бири Филип Романин деген чех гезитине берген маегинде былтыр Кыргызстанга күзүндө келгенин айтып берген. Анын аты-жөнү эски, өчүрүлгөн веб-сайтта «Лигласстын» кызматкери болгону көрсөтүлгөн, бирок бул карандай калп. Эки компания тең Кыргызстан менен Чехияда «Лигласстын» тегерегинде жүргөн ызы-чууну жакшы билишет, анан алар кантип долбоорго катышсын, бул эки фирманын ишмердүүлүгүнө карасаң, «Грин Кэпитал» жана «Пантэон Партнерсто» үчүнчү тараптын капиталын пайдаланганы жүрөт. Кеп акча жегендери жөнүндө сөз болуп жаткан жокпу? Борбордун Азиянын кап ортосундагы өлкөгө жарым банкрот болгон чехтердин катышуусу менен ишке аша турган узак мөөнөттөгү долбоорго каражат салуу айныган кишинин эле колуна келбесе, мындай жагдайлардан улам ким салат, туурабы? Дагы бир шек жаратканы Pantheon Partners жөнүндө – бул ири инвестиция компаниянын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан, бирок кеп ал жөнүндө эмес, ушул эле аталыштагы Аризона штатында катталган чакан фирма жөнүндө сөз болуп жатат.

Үчүнчү өнөктөш болуп армяндык Gidepinvest фирмасы көрсөтүлгөн. Бул жеке фирма Ереван илимий изилдөө институнун гидродолбоорлор боюнча мурдагы кызматкерине тиешелүү. Интернетте ал жөнүндө мини-ГЭСтер боюнча айылдык окууларга катышкандыгы тууралуу маалыматты гана табасың. Бирок дал ушул армяндык компаниянын жетекчиси “Лингласстын” ишенген “кожосу” окшобойбу, аны алар өздөрүнүн веб-сайтында “долбоордун техникалык кепилдиги” катары аташкан. Дал ушул Gidepinvestтин жетекчиси Нарындагы курулуш аянтында кожоюндай каалгып басып жүрбөдү беле.

Бул жерде да чех прессасы алардын колуна келерине шектенип, веб-сайтында жүзөгө ашырган долбоорлору жөнүндө бир сөз да айтылбаганын келтиришкен, аны тастыктап, Еревандагы Чехиянын элчисине шилтеме келтиришет.

Эми, акыркысы, чехиялык BDO бухгалтердик-аудитордук фирмасынан кийин “Лингласстын” веб-сайтында өнөктөшү — Patienttrac компаниясы көрсөтүлгөн. Дал ушул “Пэшиэнттрак”, тагыраагы, аны президенти веб-сайтта Уэйн Хайес деп аталат. Бизди кызыктырган да ушул киши. “Пэшиэнттрак”, ачык булактардан көрүнгөндөй, — иш жүргүзгөн психиатрларды программалык камсыздоо менен адистешкен компания. Программалык камсыздоо мурда шведдер тарабынан иштелип чыккан, анан ал жеке психиатрлар менен практикалап жүргөн майда кишилердин арасында өз ордун ээлеп кеткен, мындайлар АКШда иттин кара капталындай көп.

Эмнеге Liglass Tradingдин расмий сайтында медицинага адистешкен «Пэшиэнттрак»компаниясы корпоративдик финансылар, башкалар менен кошулуу, ажыроо боюнча өнөктөш катары көрсөтүлгөн? Башыңыз айланган жокпу? Чехиядагы айнек фабрикасы, Невададагы кытайлык Ай-Ти компаниясы, эми Майами Бичтеги медициналык компания –бул эмне? Бардыгы Кыргызстанда ГЭСтин курулушуна ашык экен да, ээ? Азыр башыңар такыр эле маң болуп калат.

“Лингласстын” веб-сайтында көрсөтүлгөндөй «Пэшиэнттрак» фирмасын — Уэйн Хайэс деген мырза башкарат экен. Долбоордун өнөктөшү катары көрсөтүлгөн бул ким?

Анткени Хайэс бул долбоордун башкы оператору. Дал ушул киши «Чайна Интеллиженс» компаниясын таап, чехтердин атына каттатканын көрөсүң, дал ушул Хайэс “ГЭС куруу” жана инвестиция алып келүү” спектаклин коюу менен, шумдуктуудай аферада башкы ролду ойногон. Биз көңүлдүн баарын ушул кишиге бөлөлү, бир аз чыдай туруңуздар, анткени кезектеги чегинүү кылбасак болбой турат, анткени окуя шумдук, Кыргызстандын коомчулуна баарын төкпөй-чачпай түшүндүрүүгө аракет кылайын.

Михаэль Смаликти Уэйн Хайэс менен – белгилүү эл аралык авантюрист – 83 жаштагы Гельмут Ганзель тааныштырган. Гельмут Ганзель фашисттердин янтар бөлмөсү жана башка байлыктарын издөө менен даңкы чыккан. Судет немис – ал Чехословакиядан АКШга 1960-жылдары көчүп барып, кен казуу тармагындагы ар кандай бизнес-долбоорлор менен алектенип жүргөн. 2013-жылы Ганзель Михаэль Смеликтин L.D.I чех компаниясы менен өзүнүн компаниясы кошулганын жар салган.

Ал натыйжа берген эмес, «Ганзель Майнинг энд Энерджи” компаниясынын веб-сайтында ушул убакка чейин эч бир ишмердүүлүк кылбагандыгы, чыгымдуу компания экени ачык айтылат. Ганзель абышка Хайэс сыяктуу эле Майамиде жашайт, бир нече үлүл компаниялары бар.

Анан дал ушул Уэйн Хайэс июлдун ортосунан баштап «Чайна Интеллиженс» компаниясынын over-the-counter акцияларын биржадан сырт түрткүлөй баштаган. Аны силер #iicn хэштэги боюнча твиттерден карай аласыздар. Ушул Уэйн Хайэс 1993-жылы финансылык пирамида түзүп, шылуундук кылгандыгы үчүн 20 жылга соттолгон. Ушундай эле схема менен Техастагы мунайзат мунараларын караган компаниянын акцияларын сатыкка чыгарган. Ошондон бери АКШ гезиттери анын жоруктарын жазып бүтө албай келет, кыска убакытта «Роллс-Ройс» машинасын сатып алганы, эң кымбат ресторандарда чардап жүргөнүн көп жазышты.

10-июлдан 18-августка чейин «Чайна Интеллиженс” компаниясынын акциялары 7000%га көтөрүлгөн, б.а. 0.005 доллардан 0.03 долларга көтөрүлгөн. Анан Уэйн Хайэстин схемасына окшош жолдор менен биржалык алып-сатарлар канчалаган кирешеге туйтунганын элестетип көргүлө. Алар купондорду кыйып-кыйып алып, эми акцияларды эркин кое берип коюшту, азыр анын баасы 0.18 долларга түшүп калды, бул боюнча эч кандай соода-сатык жүрбөй калды.

Дагы бир кызык жери, 1992-жылдагы гезиттер маалымдагыдай, Уэйн Хайэс агездеги президенттикке талапкер, өзү миллиардер Росс Пероттун батирин 7,500 долларга ижара алып чуу болуптур. Анда Хайэс 35 жашта болуп, жетинчи аялы менен жашачу экен. Азыр, ачык маалыматтарга таянсак, Хайэстин аялы жана ишкер өнөктөшү – Челябинск педагогикалык институттун бүтүрүүчүсү Валерия Сидорович.

Азыркы тапта Хайес-Сидорович башкарган Kaloca компаниясынын акцияларын фейсбукта түртүп жаткан кербези. Жазылганына караганда, инвестициялык-финансылык компания экен. Дагы маалымат издей түшсөк, былтыр марихуана саткандары чыгып калды.

Мына ушундай! Кыргызстандагы ГЭСти биздин бийлик айнек фабрикадан банкрот болгон чехтерге берип жатышат, алар акцияларын виртуалдаштыруу боюнча кытайлык компанияга каттап коюшкан, ал эми ал компанияны марихуана саткандар түртмөлөгөн экен.

Буга ким жооп берет? Эмнеге кыргыз өкмөтү Liglass Trading менен кызматташпашы керек деген Тышкы иштер министрлигинин катын четке каккан? Тендердик комиссиянын иши кандайча өткөн? Ким тарабынан конкурска катышкандарга коюлган талаптар жумшартылган, анын ичинде кимдин кызыкчылыгы үчүн мурдагы тажрыйбасын эске алуу жагы алынып салынган? Акыркысы, ким тарабынан жана эмнеге бул чечимди кабыл алууда чехтик шылуундарга Жогорку Нарын каскадын куруу берилип олтурат, анткени тендерде чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор гана каралган?

Бул тыкыр иликтенүү талап кылган суроолордун чети гана. Бул чехтер 37 миллион долларды которгон күндө да алданбашыбыз керек. Анткени кеп биздин жалпы улуттук байлыгыбыз – гидроресурстар жөнүндө сөз болуп жатат. Бизге билгизбей кайдагы бир шылуундар менен аферисттер үчүнчү сорттогу биржаларда байлыгыбызды соодалап жаткандарына жол бербешибиз керек. Бул маселе жогорку деңгээлде тергелишин талап кылабыз, бул ызы-чууга тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер менен саясатчыларды аныктоо керек. Дал ушул Кыргызстандын бардык саясый күчтөрү менен жоопкерчиликтүү саясатчылардын талабы болушу кажет.

Эдил БАЙСАЛОВ,

Кыргызчалаган Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

2 thoughts on “Эдил Байсалов бийликтин бетин ачты. Атамбаев, Жээнбеков, Исаков жооп береби?

Добавить комментарий для РайымбекОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.