Шаманды крокодил суу түбүнө сүйрөп…

Шаманды крокодил суу түбүнө сүйрөп…

Бул окуяга үч күн болду. Индонезияда бир айылдын тургундары шаманга кайрылышып, жоголгон баланын денесин же сөөгүн таап берүүсүн суранышкан. Ага крокодил кол салышы мүмкүн деп божомол кылышат.Көрсө, жоон топ боз балдар сууга түшүп жатышканда, 16 жаштагы Арджунуга крокодил кол салган. Шаман мурда да бир баланын сөөгүн таап берген экен. Анан шаман сууга кирип, мантра окуй баштаганда, крокодил кол салып, суу алдына сүйрөп кетет.

Эртеси полициялар окуя болгон жерге барышып, суу жээгинен жоголгон бала менен шамандын жансыз денесин табышкан. Кызыгы, крокодилдер экөөнү тең жеген эмес, анализ кылганда, экөө тең кислород жетпей, тумчугуп өлүшкөн экен. (Видео: https://www.youtube.com/watch?v=hdQ57HvwRrc)

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.