Бүгүн Жээнбеков журналисттерди “Дасмияга” чакырды

Бүгүн Жээнбеков журналисттерди “Дасмияга” чакырды

Бүгүн, 20-сентябрда, саат 15.00до баарыңыздарды «Дасмиядан” Жээнбеков күтөт. Аталган кафеге “Алиби” гезитинин ээси бара турганы маалым болду. “Алакан” сайты, Азаттык» радиосу, «Next tv», «Жалбырак ТВ» телевидениеси жана башка дагы кесиптештер барышы мүмкүн. Бабырбек Жээнбеков кесиптештерге төмөндөгүдөй чакырык таштады.

—Урматтуу журналисттер! Зулпукар Сапанов кесиптешибиз камакка алынганда баарыңар эле ФБдан бир сыйра бугуңарды чыгарып, күйүп-жангандай болуп жаттыңар эле. Дараметиңер ошого эле жеттиби? Өз кесиптешиңерди иш жүзүндө коргоого жарабаган силер адилеттикти кантип коргой аласыңар? Эгер сөзүңөр каакым болбосо, анда бүгүн саат 15.00го келип бериңиздер, баарыңарды «Дасмиядан” күтөбүз. Укук коргоочулар,»Сөз эркиндигин коргоо комитети», «Саясий туткундарды коргоо» комитети ж.б.коомдук уюмдар, адилеттик үчүн күйгөн интеллигенция өкүлдөрү да келип берсеңер жакшы болот эле. «Азаттык»,»Next tv»,»Жалбырак ТВ», НТС, мамтелеканалдары! Бул чакырык бардык ЖМКларга тиешелүү!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.