Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Саляновага 8 жыл сураганы уят”

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Саляновага 8 жыл сураганы уят”

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин териштирүү Ленин райондук сотунда уланып, прокурлор сүйлөдү. Аягында айыптап жаткан прокурор Саляновага 8 жыл сурады. Депутат муну четке кагып, “эч далил жок чыгарып жаткан тыянакка биз макул эмеспиз. Биз сүйлөй турган сөз али алдыда”,-деди. Ал эми Салянованын адвокаты сот Кубанычбек Касымбековдон убакыт сурады. Сот  өтүнүчтү канааттандырып, соттогу акыркы сөзгө даярданууга эки күн убакыт берди. Эмки сот отуруму 22-сентябрда болот.

Дайыма сотко тилектеш катары барып жаткан депутат Каныбек Иманалиев буларды айтты:

—Аида Саляновага прокурор 8 жыл сураганы – бул Кыргызстандагы укук коргоо, сот системасынын адилетсиздигинин айныксыз далили.

  1. А.Салянова тарабынан кайсы мыйзам бузулду? – Эч бир.
  2. Ким зыян тартты? — Эч ким.
  3. Эмне зыян келди? – Эч кандай.

Анда, урматтуу прокурор, силерде логика, билим, мыйзамдуулук, уят-сыйыт, абийир дегенден бирдеме барбы?”

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.