Кыргызстан Назарбаевге нота жөнөттү

Кыргызстан Назарбаевге нота жөнөттү

Тышкы иштер министрлиги кечээ Нурсултан Назарбаевдин президентикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алганына нааразычылыгын билдирип чыкты. “Бул жолугушууда Назарбаев ачык эле Бабановго колдоо көрсөтүп жатканы көрүнүп турат. Назарбаев өлкөнүн ички саясатына жана шайлоого кийлигип жатат» деген ТИМ Казакстандын тышкы саясий мекемесине протест нотасын жөнөттү.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановду кечээ Нурсултан Назарбаев кабыл алып, «бир тууган мамилени бекемдөөнү жана эки тараптуу кызматташууну күчөтүү маселесин» талкуулашканын Казакстандын ММКлары жазып чыккан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.