Кыргызстандын нотасына Казакстан жооп берди

Кыргызстандын нотасына Казакстан жооп берди

Бүгүн эртең менен ТИМ Казакстанга протест нотасын жөнөткөн. Анда “Нурсултан Назарбаев  талапкерлердин бири Бабанов менен жолугуп, аны ачык эле колдоп, биздин ички саясатка кийлигишип жатат” деп жазылган. Бул нотага Казакстан тарап кечке маал жооп берген. “Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин нотасы эки өлкө ортосундагы мамилени салкындатат” деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлиги. Бирок, Казакстан Кыргызстан менен мурдагы мамиледе кала берери, ким шайланбасын кызматташууга даяр экендиги, Назарбаев талапкерлерден эч кимди ачык колдобогону, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпегени жазылган. Ошондой эле президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу 14-августта өткөрүлгөнү айтылган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановду кечээ Нурсултан Назарбаев кабыл алып, «бир тууган мамилени бекемдөөнү жана эки тараптуу кызматташууну күчөтүү маселесин» талкуулашканын Казакстандын ММКлары жазып чыккан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.