Садыр Жапаров атасын акыркы сапарга узатууга суранууда…

Садыр Жапаров атасын акыркы сапарга узатууга суранууда…

Экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажы бүгүн 84 жашында дүйнө салды. Нуркожо атаны дарылаганы Бишкектеги ооруканалардын бирине алып келишкен. Жакшы боло албай, баласы Садыр Жапаровду күтүп, жол карап, жок дегенде саламдашууга суранып жүрүп, зар какшап өткөнү чындык. Акыркы сөзүндө да: «баламдын камакта калышына мен күнөөлүүмүн. «Менден Кыргызстанга келе берейинби?» деп сураганда, «кел, Кумтөрдү чеч!» деп уруксат берип койдум эле. Келбей эле кой десем болмок экен. Келгенден кийин баламды бир жыттай албай калдым» деп ыйлап, көз жумган экен…

Маркумдун сөөгү ооруканадан өзүнүн айылы Түптүн Кең-Суусуна алынып кетти. Буга чейин Жапаровдун атасы оор абалда төшөктө жатканы бир нече жолу сотто айтылып, атасы менен жолуктурууну Садыр Жапаровдун адвокаттары өтүнүп келген. Мына азыр да атасын акыркы сапарга узатып, топурак салуусуна уруксат алуу аракетин көрүшүүдө. Сот уруксат береби же жокпу, аны бир Кудай билет.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.