Акжол атактуу рэпер Никиден акча күтүүдө…

Акжол атактуу рэпер Никиден акча күтүүдө…

XIX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалы 14-октябрдан 22-октябрга чейин Сочиде өтөт. Бул фестивалга 18 жаштан 35 жашка чейин ар кыл тармактагы таланттуу жаштар катышат. 150 өлкөдөн  20 миңден ашуун жаштар барып, өнөрлөрүн көрсөтөрү билинди.

Аталган фестивалга белгилүү ырчы, рэпер Ники Минаж да катышат. Ники менен Бишкектеги студент Акжол Медербеков сүйлөшкөнүн “Азаттык” радиосуна билдирген. Акжол Минаж менен Twitterден сүйлөшүп турарын, Ника дайыма анын жазгандарына лайк коюп турарын айткан. Минажды көңүл бурдуруу үчүн, жооп берет деген ниетте Акжол Медербеков андан 350 сумма акча сурап жазган.

“Ники Минаж ушундай кичинекей суммага таңгалып: “Мен сага мындай акчаны берем, бирок, 350 долларбы?» деп жазыптыр. Мен 350 доллар десем, ал дароо эле кайда которуу керектигин сурап жазды. Мен дарегимди жазып жибердим. Негизи бүгүн салмак, күтүп атам”,- деген Акжол.

Ники Минаж деген ким?

Дүйнөгө Ники Минаж деген ат менен таанылганы менен өзүнүн аты-жөнү Оника Таня Мараж. Америкалык ырчы, рэпер, актриса 1982-жылы 8-декабрда Сент-Джеймсте төрөлгөн. Бир туугандары жок, жалгыз. Апасы – малазийка, атасы –африканец. 5 жашка чейин чоң апасынын колунда болгон. Апасы анда-санда эле кызына келип турган. 6 жашынан ата-энесинин колуна келет. Бирок, жакшы жашоо көрбөйт. Атасы күндө ичип келип, чатак чыгарат, апасын урат. Бир жолкусунда үйүн өрттөп, апасын өлтүрүп кое жаздайт. Ушундай жашоодон тажап, үйүнө кирбей, өзүнүн машинасында түнөп, таң атканча ыр жазган күндөрү болгон. Мектепти бүткөндөн кийин, ырчы болгусу келип, музыкалык колледжге тапшырат. Максатына жетип, атактуу ырчы болду. Азыр жакшы жашайт, өтө эле бай. Бирок, бой көтөрбөй, жөнөкөйлүгү, таланты менен толтура күйөрман тапкан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.