Жапаровго атасына топурак салууга уруксат берилген жок

Жапаровго атасына топурак салууга уруксат берилген жок

Он бир жарым жылга эркинен ажыратылган экс-депутат Садыр Жапаровго атасына топурак салууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы «24.kgге» билдирген. Алар соттон эч кандай токтом келбегенин айтышкан. Ал эми Жогорку сот Жаза аткаруу кызматы өз алдынча чечим кабыл алышы керектигин айткан.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун атасы кечээ Нуркожо ажы 84 жашында Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган. Маркумдун сөөгү Түп районуна караштуу Кең-Суу айылына алынып кеткен. Эртең сөөгү жерге берилмек. Кечээтен бери Жапаровдун адвокаттары атасына топурак салууга соттон уруксат сурап чуркашкан.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.