Аида САЛЯНОВА: “Биз сүйлөй турган сөз али алдыда”

Аида САЛЯНОВА: “Биз сүйлөй турган сөз али алдыда”

Бүгүн, 22-сентябрда, Ленин райондук сотунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин териштирүү уланат.

Өткөн отурумда прокурлор сүйлөп, аягында прокурор 8 жыл сураган. Сот Кубанычбек Касымбеков Саляновага сөз бергенде, депутаттын адвокаттары даярданууга эки күн убакыт сурашкан. Сот канааттандырган.

Бүгүн Салянованын адвокаттары сүйлөйт. “Биз сүйлөй турган сөз али алдыда” деп өткөндө Аида Жеңишбековна айтты эле, сүйлөй турган учур келди.

Эскерте кетсек, 2010-жылы, Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда, «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган. Мындай айыпты депутат четке кагып, “саясий куугунтук” деп айтып келет.

А чыны ошондой. Анткени, созулган сотто депутатка тагылып жаткан айып далилденген жок. Депутат Каныбек Иманалиев айткандай, “далилденбеген нерсеге сегиз жыл суроо уят”. Сотко үмүт артып туралы…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.