Абайла: жаңы вирус – уят сүрөтүң барбы?

Абайла: жаңы вирус – уят сүрөтүң барбы?

Азыр хакерлер дүйнө жүзүнө жаңы вирус таратып жаткан кези. Компьютериңизге ар түрдүү жол менен вирус кирет да, бузула баштайт. Анан кат келет. 10 эротикалык уят сүрөтүңдү жиберсең гана компьютер иштей баштайт экен. Вирустун авторлору сенин ар бир кыймыл-аракетиңди тыкыр карап, өзүңдүн сүрөтүңдүн салынышын көзөмөлгө алышат. Өзүңдүн сүрөтүң экенине ынангандан кийин гана вирусту “өлтүргөн” кодду жөнөтүшөт. А фотосүрөттөрдү алар Даркнетте 1000 долларга сатып туйтунушат. Адистер вирус менен күрөшүүнүн жолдорун издеп жаткан кези. Бул чындап эле коркунучтуу вирус экен. Кээ бир антивирустардын алы жетпей калышы мүмкүн. Антивирусуңарды жаңыртып турушуңар керек болот. Деги абайлагыла!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.