Алекс, ырчы: «Исламды 8 жашымда кабыл алгам»

Алекс, ырчы: «Исламды 8 жашымда кабыл алгам»

Бул баарлашуу мындан үч жыл мурун «Баягы Асаба» гезитине чыккан. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү ырчы редакциябызга бат-бат келип турчу. Кыргыз тилинде суудай сүйлөгөн Алекстин маегин мамлекеттик тил майрамына карата кайталап берип турубуз.

Өткөн күндөргө сереп салып, «Кудай деген куру калбайт» деген бекер кеп эмес. Ыймандуу кыргыз кызына  үйлөнсөм дечү элем, Чынарадай жароокер жанга жолуктум. Тун наристем кыз болсо деп тилек кылды элем, Раяна деген алтын кыздуу болдум» ,-дейт ырчы.

Балалыктан үзүмдөр

– Балалыктан эсимде калганы, кубанычтуу күндөр кыска болду. Алайда эки бөлмөлүү кичинекей үйдө жашачубуз. үй ичи тыкан, жыйнактуу турчу. Атам агроном болгондуктан, короодо кооз гүлдөр, үйдөн чыга калып үзүп алгыдай жашылча–жемиштер болор эле. Атамдын бактарды кыйыштырып, көчөттөрдү көчүрүп, отургузуп калганын билем… Анан…мага чейин эки наристеси чарчап, апамдын жүрөгү күйүттүү болуп калган экен, мен төрөлгөндөн 3-4 жыл кийин жарыкка келген карындашым бир жашка жетип-жетпей чарчап калып, ал кайгыны апам көтөрө албады… Ал эми атамды 14 жашымда жоготтум…

Аталаш эки агам бар

– Атам эки жолу үйлөнгөн. Биринчи никесинен эки бала көрүп, жазмыш экен, ал жубайы каза болуп калып, балдарды эчки сүтү менен чоңойтуптур. Атам командировкалап көп кетчү экен, бир жолкусунда кыйла убакытка кабарсыз кетип, эки агам балдар үйүнө түшүп калат. Атам алар 14кө чыкканда кайтып келип, келгенинде апамды жолуктуруп, балдарынын уруксатын алып үйлөнүптүр. Эки агамдын бири кичинесинен техникага жакын болуп, азыр да техниканы оңдоп-түздөө менен алек. Кыргыз тилин суудай билет. Экинчи агам спортко кызыкчу, бирок, он жыл болду, кабары жок дайынсыз кетти. Аман болсо, Кудайым бир күнү жолуктурар дейм.

Муңдашым гитара болду

– Атамдын көзү өткөндөн кийин кыйын эле болду. Окуу башталганда кышкы бут кийим менен сабакка барган, эски дептерлердин бош барактарына жазган күндөр өттү. Бирок мектепти таштап койгонум жок, жакшы эле окудум. Кийин Ошко, таянемдин колуна келдим. Көңүлүм кирдеп, өзүмчө бук болуп, ичимен сызып, өзүм менен өзүм болуп калчумун кээде. Ошентип, бир курдай сыртта отурсам, кулагыма гитара  үнү угулду. Ушундай жагымдуу угулду… Жакын барсам, топ бала ойноп отуруптур. Ошондон тартып гитарага кызыгуум артты. Өзүмдүкү болсо дейм, же сатып алганга акчам жок… Алайга агама барганымда айтсам, өз колу менен кураштырып гитара жасап берди. Анан «Махабатым» деген ырым жаралды. Гитараны болсо, кийин кошуна бир балага берип койдум.

Жүрөгүм тандаган Кудай жолундамын

– Ислам динин 8 жашымда кабыл алгам.Балдарды ээрчип мечитке барчумун. Атам каршы болгон жок, «жүрөгүң каалаганды кыл» деп уруксат берди. Ошондон бери жүрөгүм тандаган Кудай жолундамын…

Башкы байлыгым үй–бүлөм

– Жубайым Чынараны Оштогу бир кафеден жолуктургам. Мен ал жерде ырдачумун, ал официантка болчу. Биринчи эле жөнөкөйлүгүн жактыргам. Ошол жөнөкөйлүгүн сактап калды. Сабырдуу, түшүнүктүү жан. Политехте беш жыл окуп, модель-конструкторлукту бүтүрдү. Раяна аттуу кызыбыз чоңоюп жатат, августта бешке толду. Таянеси менен көп калат. Бирок баарыбызды бирдей жакшы көрөт. Өткөндө апасы менен базарга барганда оюнчук аптечка саттырып алган экен, доктор болом деп, куурчактарын дарылап жатат азыр…

Алдыда…

– Ала ТВ аркылуу көрсөт үлчү Комуз ТВ каналында «Өз ишин жүрөгүнөн жасаган адамдар» деген жакшы бир долбоорду ойлонуштуруп жатабыз. Каармандарыбыз – ашпозчу, айдоочу, саясатчы, окумуштуу, айтор, бардык кесиптин адамдары болот. Негизги басымды иштерине болгон мамилесине жасап, ал аркылуу алардын жандүйнөсүн ачабыз. Анан Алла Таалага арнап ыр жаратсак деген тилек бар. Клиби тынчтыкка чакырган клип болсун деп жатабыз. Азыр Сирияда, башка жерлерде согуш болуп жатпайбы, клипте да адамдар согушуп жаткан болот, анан асмандан нур түшүп, баягы согушуп жаткандар куралдарын таштап кучакташып калышат…

Бир тилегим…

– Тээ советтик чоң курулуштар, дың жерди өздөштүрүүлөр башталганда Россиядан жер-жерге жөнөтүлгөндөрдүн катарында чоң атам Анатолий Алайга келип, жолдон таап алган бир баланы, аты Владимир экен, шерик болсун деп багып алыптыр. Ал чоңоюп, милициянын окуусун окуп, подполковникке чейин жетип, кийин Россияга которулуп кетип, ошол боюнча кайрылбаптыр. Чоң атамдын көзү өткөндө да келбептир. Жүйөлүү себептери болсо керек деп ойлойм. Болгону, бир дайынын билгим келет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.