Роза ОТУНБАЕВА: “Атамбаев өзү үчүн силерди койгон эмес”

Роза ОТУНБАЕВА: “Атамбаев өзү үчүн силерди койгон эмес”

Бүгүн, 23-сентябрда, экс-президент Роза Отунбаева Боршайкомго “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын мүчөлөрү Ф.Кулов, А.Эркебаев,Э.Каптагаев, Р.Жээнбеков, Р.Карасартова менен Боршайкомго барды. БШКнын жетекчиси жана мүчөлөрү менен жолугуп, шайлоону таза өткөрүүнү суранды.

Бул жолугушууда Роза Исаковна: “Менин учурумда Акылбек Сариев БШК төрагасы болчу. Аны менен шайлоо учурунда көрүшчү эмесмин. Ал өз алдынча иш алып барчу. Мага отчет берчү эмес. Атамбаев силерди өзүнө жакшы болуп, калган талапкерлерге кыйынчылык болуш үчүн койгон эмес. Силерди эл шайлаган, эч кимден коркпой, эч кимге баш ийбей иштегиле!  — деди Отунбаева.

“Мени Атамбаев шайлаган эмес”

Буга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай жооп айтты: “Мени Атамбаев шайлаган эмес, мени ушул жакта отурган коллегалар шайлаган. Биз эч ким менен жолукпайбыз! Бардык чечимди өзүбүз добуш берүү аркылуу кабыл алабыз!”

Эскерте кетсек…

Роза Исаковна дагы  “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын мүчөсү. Аталган кыймыл “Таза шайлоосуз таза коом жок!” девизи алдында түзүлгөн. Максаты — 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоонун таза жана демократиялык маанайда өтүшүн камсыз  кылуу; өлкөдөгү башкы бийликти шайлоонун жыйынтыгына ылайык тынчтык жолу менен өткөрүп берүү наркын бекемдөө; президенттик шайлоо кампаниясынын учурунда, анын жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде өлкөдө туруктуулукту жана элдин биримдигин сактоо.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.