49 миллион доллар утуп алган ким болду экен, ыя?

49 миллион доллар утуп алган ким болду экен, ыя?

60 миллион  (49 млн АКШ доллары) канада доллар утушу бар лотереялык билет улуттук Lotto Max лотереясы Канаданын борбордук аймагында сатылган. Муну Atlantic Lottery ассоциациясынын өкүлдөрү кечээ айтышкан эле. Ал лотереялык билетти Манитоба, Саскачеван же Альберта аймактарынын жашоочуларынын бири сатып алыптыр. Түшкөн номурлар – 2, 10, 37, 38, 39, 43 жана 47. Бонус саны – 28. Мындан тышкары 15 катышуучу – ар бири 1 млн канада долларына (810 миң АКШ доллары) “кошумча сыйлык” катары ээ болушкан. Кудай берет деген ушу да. Бирок уткан жарандын аты-жөнү азырынча айтыла элек.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.