Анжелина Джоли: “Алгач менин атамды өлтүрүштү”

Анжелина Джоли: “Алгач менин атамды өлтүрүштү”

Атактуу актрисанын жаңы тарткан кинотасмасы ушинтип аталат. Ал Камбоджада төрөлүп, кийин АКШга көчүп кеткен Лун Ундун мемуарларынын негизинде тартылган. Лун Ундун балалыгы кызыл кхмерлердин башкаруусуна туш келип, көптөгөн жылдар бою жергиликтүү калкка геноцид көрсөтүлүп келген. “Алгач менин атамды өлтүрүштү” тасмасы Камбоджанын атынан Оскар сыйлыгына сунуш кылынууда. Ал “Чет тилиндеги мыкты фильм” категориясында ат салышмакчы. Кино да камбоджа тилинде тартылган. Тасманын бетачары Теллурайддагы фестивалда болуп, киносынчылар жакшы кабыл алышкан. Rotten Tomatoes сайтында 87%га татыган. Анжелина Джоли жергиликтүү журналисттерге маек берип: “Тартып жатканда кыйналган жокмун. Тасмадагы каармандарды тагдырына жаным кыйналып кетип жатты. Актерлорум да мыкты ойноп беришти. Мындай геноцид эч бир жерде болбошу керек” деген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.