Камчыбек БОСТОН: “Москвадагы элчилик шайлоодо гана келет”

Камчыбек БОСТОН: “Москвадагы элчилик шайлоодо гана келет”

Москвада 4 жылдан бери жашап, иштен жаткан боордошубуз Камчыбек Кыргызстанга келип, үйлөндү. Учкай маек курдук.

 

Камчыбек, куш бооң бек болсун! Кайсы жактын күйөө баласы болдуң?

—Рахмат. Аксыга күйөө бала болдум. Сүйгөн жарымдын аты Мираида. 19 жашта. Студент. 2-курста окуйт. Кесиби мугалим. Менин да кесибим – англис тили боюнча мугалим. ОшТУну бүткөм. Өз кесибимди абдан жакшы көрөм, окуучулар менен иштеген жагат. Тилекке каршы, сүйгөн кесибимди таштап, эл катары Москвага мигрант болуп, 2013-жылы октябрь айында кеткем. Башында Москванын суусуна, абасына жана башкасына көнө албай кыйналгам. Азыр көнгөндөй эле болдук, бирок, баары бир өз мекениңди сагынасың. Кыргызстандын суусу, абасы таза. Өз жериңе жетпейт. Өлкөңдүн кадырын алыста жүргөндө билесиң.

—Москвада эмне иш кыласың?

—Бул жерде кыргыздар аябай көп. Ар кимибиз ар кайсы кара жумуштабыз. Абдан ынтымактуубуз, тез-тез эле жолугуп турабыз, жамандык-жакшылык, той-топур, майрамдарды чогуу майрамдабыз.

—Элчилик менен байланыш барбы? Жардам кылып турабы? Же аларга силер шайлоо учурунда эле керексиңерби?

—Элчилик деген эле аты болбосо, эч кандай элге жардам берүү деген жок. Өз киндигибизди өзүбүз кесип, бири-бирибиге жөлөк-таяк болуп эле келатабыз. Сиз айткандай, ошо шайлоо убагында гана кичине кабар алымыш болбосо, башка убакта баш багуу деген жок. Бардык нерсени интернеттен окуйбуз. Жаңылык окуп жүрөм. Журналисттерден Эрнис Кыязов, Каныбек Темиров, Шайырбек Арап уулу жагат. Ал эми саясатчылардан депутат Исхак Масалиев жагат, бул кишини аябай баалайм. Ушул саясатчыдай депутат болуп, элге ак кызмат кылсам деп кыялданам. Алдыда көп пландар бар. Пландарым ишке ашса, кыялдар орундалат деп ойлойм. Эң башкысы апамды келиндүү кылып сүйүнттүм. Апам Баатыр эне, неберелери менен үйдө. Жети бир тууганбыз, алты бала, бир кыз. Карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Атам ветврач эле. Тилекке каршы, азыр арабызда жок.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.