Атамбаев шайлоого таасири күч үч адамды кабыл алды

Атамбаев шайлоого таасири күч үч адамды кабыл алды

 Ажо Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясына катышып келди. Келе калып эле, бүгүн, 25-сентябрда, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду жана Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Шайлоого таасири күч үч адамдан ажо кабыл алып, президенттик шайлоолорду өткөрүүдөгү даярдыктын жүрүшүн, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумуштарды өркүндөтүү чаралары туурасында сурап, алардын отчетун укту. Башкы прокурор  жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, көзөмөл  күчөтүлгөнү боюнча маалымат берди. Анын маалыматын уккан Атамбаев Жолдубаевага президенттик шайлоо учурунда, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди. Ал эми Шайлдабековага шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү жана  өлкөнүн жарандары эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу керектигин баса белгиледи.

Эмитен эле “таза эмес” үгүттөө болуп атканын ажо көрүп, угуп жатса керек. Чындап эле таза шайлоо болобу, же жокпу, аны көрө жатарбыз. Кызыктар али алдыда…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.