Боршайком Зилалиевге жан тартты

Боршайком Зилалиевге жан тартты

Кечээ, 24-сентябрда, БШК вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үстүнөн түшкөн арыз каралып, аягында Башкы прокуратурага жөнөтүлбөй турган чечим кабыл алышты. Коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан баштайлы.

“Суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө!”

19-сентябрда, Д.Зилалиев Баткенге барып, облус, район, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрүп, аларга мындай деген:

“Мен сиздерден суранарым, бизди колдоп бериңиздер, биздин кандидатты колдоп бериңиздер! Президенттин саясатын уланта турган бул — Сооронбай Шарипов! Мен агитация кылган жерим жок. Мен өзүмдүн добушумду ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. “Жок сиздики туура эмес” деп айта албайм. Демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер. Оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар мамлекеттен, бюджеттен айлык маянасын алып иштеп жатасыздар, ошол суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө!”

Зилалиевдин үстүнөн БШКга арыз түшкөн

Зилалиевдин минтип сүйлөгөнү элге тарап, коомчулукка тарап, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган. А чыны анын мындай сөзүнө коомчулук нааразы болгон. Эдил Байсалов айткандай, “эмне ошол кудукту Зилалиев казып, бюджетке акчаны толтуруп жатыптырбы?” деген суроону көпчүлүк кабыргасынан койгон. Коомчулуктун көңүлүн алдыбы, айтор, 21-сентябрда, премьер-министр Исаков ага эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штаб башчылыгынан четтеткен. Бирок буга нааразы болгон Адил Турдукулов жана Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү БШКга арыз жазышкан.

“ММК үчүн эмес, чакан чөйрөдөгү пикирим болчу”

22-сентябрда, БШКнын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүү боюнча жумушчу тобу Зилалиев менен Чубак ажынын үстүнөн түшкөн арызды караган. Ага Зилалиев да катышкан. Ошондо ал: “Мен үгүт кылган эмесмин деп бир нече жолу айткам. Ал ММК үчүн эмес, чакан чөйрөдөгү жеке пикирим болчу” деп моюндабай койгон.

“Зилалиевдин иши Башкы прокуруратурага жөнөтүлбөйт”

Кечээ, 24-сентябрда, БШК Зилалиевдин үстүнөн түшкөн арызды карап, премьер-министр Исаковго Зилалиевге мурдагыдан да катуураак чара көрүлүшү керек чечимин жибермей болушуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлпөй турган чечим кабыл алышты. Албетте, талаш-тартыш болду, тилекке каршы, көпчүлүк добуш утуп кетти. Көпчүлүктүн ою боюнча, Зилалиев шайлоо штабынын башчылыгынан четтетилип, ага эскертүү берилгени жоопкерчиликке тартылганы – ошол мыйзамдуу иш имиш.

Мыйзам боюнча…

«Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.