БШК Чубак ажыга эмес, Ташиевге эскертүү берди

БШК Чубак ажыга эмес, Ташиевге эскертүү берди

Жарандык активист Адил Турдукулов Чубак ажы Жалиловду үгүт иштерине элди чакыргандыгы тууралуу Боршайкомго арыз таштаган. Ал арыз бүгүн каралып, канааттандырылган жок. Себеби, БШК Чубак ажыны Сооронбай Жээнбеков эмес, Камчыбек Ташиев Барпыдагы жолугушууга чакырган деген тыянакка келди. Ошондон улам, Чубак ажыга эмес, Ташиевге эскертүү беришти. Буга чейин БШКда мындай көрүнүш болгон эмес. Шумдук эле нерселер Шайлдабекова келгенде болуп жатканын көрүп, жакабызды кармап отурабыз.

Ушуга улай, дагы бир жаңылык. Буга чейин Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду колдоп, талапкерлигин алып саларын оозеки билдирген. Бүгүн,25-сентябрда, кагаз жүзүндө БШКга арыз таштады. БШК төрайымынын орун басары А. Бекматов: “Камчыбек Ташиевдин аты-жөнү шайлоо бюллетенине кирип калган. Эми анын аты-жөнү шайлоого үч күн калганда аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол менен чийилет” деп айтып эле келген, ошону бүгүн дагы кайталады.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.