Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Жанар Акаев ажо болсун”

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Жанар Акаев ажо болсун”

Чубак ажы менен бул  кызыктуу маекти былтыр курганбыз. Азыр да актуалдуулугун жогото элек экен. Ошол учурда депутат Жанар Акаев экөө кер-мур айтыша кеткен учуру эле. Маекти көңүл борборунда турган суроодон баштаганбыз. 

—Чубак ажы, депутат Жанар Акаев менен жараштыңызбы? 

— Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Жанар экөөбүз жарашкыдай урушкан жокпуз да. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Кыргызстандын жараны катары ой-пикиримди гана билдиргем. Саясатчылар арасында дин боюнча көтөрүлгөн маселеге дайыма эле өз оюмду айтып келем. Мисалы, Турсунбай Бакир уулу депутат болуп турганда, “5-күндү дем алыш, жекшембини иш күнү кылалы” деген маселе көтөргөн эле. Ага мен каршы болгом. Ошондо эле 5-күнү, жума намазга келгендер үчүн саатты гана узартууну ойлогом. 5-күнү мамлекеттик кызматтагы адамдар жумуштан, студенттер сабактан калбай мечитке келишүүдө. Студенттер канча айтсак дагы сабактан качып барышууда. Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттен айлык алышууда. Жумуштан качкан себептен алган айлыгы арам болот. Балдарын арам оокат менен багып калат. Бул көйгөй.

—“Кудай жолунда жүргөндөр эч нерсеге капаланбайт, кечиримдүү болушат” деп айтылат эмеспи. А бирок, Турсунбай Бакир уулу Турсунбай Акун менен жарашпай койгонун уксаңыз керек. Журналисттер мударис, профессор Кусеин Исаевичти чакырып, аксакал киши экөөн жараштырсын десе, Турсунбай Бакир уулу болбой коюптур. Ошол сыңары, экөөңүздөрдү жараштырам дегендер болсо, сиз кечирбей койбойсузбу?

—Жок, мен кечиримдүү адаммын. Дегеле мен аны кечиргеним качан. Жогоруда айттым го урушкан жокпуз деп. Мен Жанарга каалаганым жакшылык. Бир Акаев ажолуктан кетти, экинчи Акаев ажо болсун деген гана тилекти айтаар элем.

—Сиздин дарегиңизге катуу сөздөр айтылып, жазылды. Аны кандай кабылдадыңыз?

— Күлүү менен эле кабыл алдым. Анткени ал жакка атайын бир адам буйрутма (заказ) менен отуруп, жыйырма жашыруун ат менен бир адамды шыбап комментарий жазарын жакшы билем. Шайлоодо көрүп калгам. Бу эми өзүнчө бир чоң тема.

—Комментарий демекчи, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова эжебиз хиджаб кийген кыздар боюнча ой-пикирин жаза калам деп катуу сынга алынган. Саламат айым кыргыздын кийим-кечеси, каада-салты боюнча жазган, ага хиджаб кийген кыздар чычалашты… Буларды да диний көз караштагы адамдар буйрутма менен отургузду десек болобу?

—Жок, антип айтууга болбойт. Себеби, ислам динин жаман көрсөтүү үчүн адашып жүргөн агымчылар, чагымчылар жазышат. Сүрөттөрдү да ошондой коюшат.

—Чын эле азыр ислам дини аябай жайылып, мечиттер көбөйүүдө. “Мурда мечит салууну мусулман парз катары эсептесе, азыр бизнес катары көрүп алып, көбөйтүүдө. Анткени ага араптар акчаны жакшы бөлөт экен” деген да сөздөр бар эл арасында. Акча бөлүнөөрү ырас, туурабы? Ошентсе да, айрым кыргыздар, өзгөчө айыл жергесинде: “Кудай үйүнө кол тийгизип койгула, бейишке чыгарсыңар” деп намазга жыгылгандарды бекер иштетип, араптар берген акчаны өз кызыкчылыгына жумшагандар бар экен. Дегеле ушул туурабы? Шариатта: “Маңдай териси кургай электе маянасын бере кал” деп жазылган жери бар го…

—Ал туура, иштеген акысын берүү керек. Анын да үй-бүлөсү бар, бала-чакасын багуу керек. Мисалы, мечит салууга 70 пайыз акча бөлүнүп, “калганын өз чөнтөгүңдөн чыгарып, бүтүрүп ал” десе, анда адамдарды ашарга чакырууга ал аргасыз болот. Ошондой учурда гана берилбей калбаса, акысы сөзсүз берилет.

—Динди аша чаап (фанат) кабыл алгандар да бар. Мисалы, ата-энесине, үй-бүлөсүнө карабай, айлап-жылдап даватка кеткендер бар. Буга бир далил келтире кетсем, менин бир таанышым аялы ана-мына деп көз жарайын деп турганда таштап, чет мамлекетке даватка кетти. Ал баланын энеси менен эжеси келинин төрөтүп, эгиз балдарын багууда. “Келип балдарыңды бак” дешсе, “мен Кудайга жалынгандыктан силер жардамдашып жатасыңар да” деп аларды күйгүзүптүр. Ал эмес баккан чоң энесине да топурак сала алган жок. Ооруп жаткан учурда да даватка чыгып кетиптир. Үзүлүп кеткенде телефон чалышса, өчүрүп салыптыр. Ушундай көрүнүштөр туурабы?  

—Албетте, сиз келтирген далилдин баары жүйөөлүү, туура суроо. Үй-бүлөсүн, ата-энесин ачка калтырып кетсе, ал туура эмес. Мисалы, талаадагы картошкасы терилбей, эгини чабылбай жатканда кетип калган болбойт. Эми мындай көрүнүштүн баары диний жактан чала сабатсыздыктан кабар берет. Ал үчүн алгач диний жактан сабак алып, жол-жобосун жакшы билип алып, анан чыгуу керек. “Даватка чык!” деп эч ким таңуулабайт. Ал адамдын өз каалоосу. Бардыгын тойгузуп, өзүнүн да көңүлү ток, бош болгондо барса болот.

—Кичинекей балдарды мечитке чакырып, “ата-энең урушса медресеге кел!” деп айткан молдолор бар экен. Атасы жок, апасы менен жашап жаткан 8 жаштагы баланы энеси урушуп койсо, “мен медресеге качып кетем” дептир. Дептерине туура эмес жазып алса да: “Аллах мени жазалайт” деп корко берет экен. “Мечитке баргандан бери башкача болуп калды” деп апасы молдолорду жаман көрүп жатат. Дегеле балдарды жашынан мечитке үндөөнүн өзү туурабы?

—Молдолордун баарын ак деп айта албайм. Чала сабаттуу молдолор бар. Ошондон улам “чала молдо дин бузаар” деп айтылат да элибизде. Сиз айтып жаткан 8 жашаар баланын апасы молдону жаман көрбөй, чын-төгүнүн билүү үчүн мечитке барып сүйлөшүүсү керек. Балким, ал тамашалап айтышы мүмкүн. “Апаң урушса мага кел, менин балам бол” деп тамашалап калабыз го, ошондой болушу да ыктымал.  

—Мечитти ыйык деп адамдардын көбү дем салдырып же кара дуба, жинин чыгаруу үчүн молдолорго, карыларга, ажыларга буйруган акча менен барышат. Бирок, айрымдардын ставкасы бар экен, мен аны өз көзүм менен көрдүм. Мисалы, Кыргызстан боюнча күчтүү Нурмухаммед кары деген адам бар. Ал кара дубаны жакшы чыгарып, дем салат” дегенинен дем салдыруу үчүн барып калдым. Барсам кабыл алуу каалгасында  “ар бир адамдын ыраазычылыгы 300 сом” деп жазылып туруптур. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Бир тааныш мугалим да баласына дем салдыруу үчүн барган экен, “50 эле сомум бар эле, эми эмне кылам? Балам кыйналып жатат” деп жанындагы акчасына кыжалаат болду. Менде деле 100 сом таштайм го деп ойлоп баргам. Босогодо адамдарды киргизип-чыгарып жаткан жаш баладан бизде андай акча жок экенин айтсам, “болгонун берсеңиздер болот”,- деди. Бирок, “эшикте жазылып турган акчаны бербесең кандай кабыл алат? Аз акчага дуба кандай окулат?” деп кыжаалат болуп кирген жокпуз, кетип калдык. Айтыңызчы, эшигине ошентип жазып алууга шарият жол береби?

—Чынын айтсам, эшигине жазып алганын укпапмын. Чын эле жазып алыппы?! Антип жазып алууга шарият жол бербейт. Ар бир адам буйруган, болгон акчасын таштаса болот. Мен Нурмухаммед карыны жакшы билем, ал чындап эле жинди, кара дубаны жакшы чыгарат, ага дем салат. Бул чыны оңой-олтой иш эмес. Мен мисалы кара дуба чыгармак түгүл, дем салбайм. Молдолор деле врач сыяктуу адамдын оорусу менен күрөшөт. Врачтар өзүнүн эмгегине жараша акы алгандай эле да.

—Эптеп 300 сомду карызга бирөөдөн алып барган адамга дем түшөбү?

—Маселе ыкласында. Адам өзүн кыйнабай эле, молдого түшүндүрүп айтса, молдоке деле адам, макул болуп окуп берет.

Карыз алуу жана берүү чоң күнөө” деп айтылганы менен айла жок банктан алып эле жатабыз. Буга кандай дейсиз?

—Биз айтып эле келебиз жана дагы эле айтабыз: “Карызды пайызга (процентке) алуу жана берүү сүткорлук. Бул чоң күнөө” деп. Банктар пайызы менен карыз берүүчү жай экенин адамдар жакшы билгени менен баары бир тобокечиликке бара беришет. Сүткордуккка акча алып тобокелчиликке барган адам эч качан жарыбайт да байыбайт.

—Бүгүнкү күндө акчага муктаж адам болбосо керек. Айла кеткенден пайызга алып жатышат да. Банк эле эмес, мындай адамдар деле жөн бербей калды…

—Туура, карызды муктаж адам гана сурайт. Муктаж болуп алып аны эмнеге коротуп жатабыз? Албетте, той-топурга, 20 жылдык кечеге. Ал жакка аял киши кымбат, кычыраган кийим, алтын сөйкө, шакек алса, эркек машина алат. Элге бир күн көрүнүп, бир жыл карызды төлөөнүн канчалык кажети бар? Кыргыз кур намыстын азабынан ушундай акыбалга туш болуп жатабыз. Кур намыстан үйүндө балдары ачка отургандар да жок эмес. Канча деген үй-бүлө урушуп калууда. Карыздын азабынан ичкени ириң, жегени желим, уйку жок. Ошондуктан, карыз алып жаткан адам бүгүнкүсүн эмес, эртеңкисин ойлош керек, “аны кантип төлөйм?” деп. Алып жатканда бекер алып жаткандай сүйүнүп алышат, төлөөргө келгенде акча таппай кыйналып, бармагын тиштеп калышат. Ошондуктан алгач карызды төлөйм деген ниети болуш керек. Анан иштеген иши, кошумча булагы болуусу зарыл! Бекеринен кыргызда: “Жети өлчөп, бир кес!” деп айтылбайт да.

—Банктар акчаны пайызга берип, төлөй албагандардын үйүн же машинасын алып коюда. Буга ислам дини эмне дейт?

—Туура, машина, үйүн алдырып коюп жатышат. Менин да туугандарым үйүн алдырып коюшту. Орусияга көчүп кетишти. Андайларга “чала болот” деп айтыш керек. Себеби, ага өзү күнөөлүү. Жогоруда айттым го, алгач ойлонуу керек деп. Терең ойлонбогондун арты ошондой болот, анан аны чала дебегенде эмне дейсиң. Дегеле карыз алуу жана берүү эки гана адамдын ортосунда боло турган иш. Берген адам — алдуу, алган адам — алсыз. Алдуу алсыздын акысын каалагандай жейт. Дегеним, банк акчасын пайызга берип туудуруп жатат. А алсыз эптеп тапкан акчасынын баарын банкка төгүүдө. Банк адамдын тапкан ак эмгегинен өөнөп, пайда көрүүдө. Фузаала бин Убайд (радыяллааху анху) айтат: “Артынан пайда көрүлө турган ар бир карыз – бул паранын (сүткорлуктун) бир түрү болуп саналат”. Акчасын туудуруп, пайда көргөндөр арам акча кылууда. Алар адамга ажаат ачпай сүткорлукка барууда. Демек, ал арам акча. Пара боюнча Жусуп Баласагын да жакшы айткан: “Бүткөн ишти бүлүндүрүп пара бузат,

Пара болсо – ак ишти арам кылат” деп. Арам акча адамга жукпайт, адал акча гана жугат. Андыктан арам ойдон арылып, адал иш кыл.

—“ЭкоИсламикбанк” боюнча эмне айта аласыз, алар деле пайызга акча беришет экен го..

— Эч нерсе айткым келбейт.

—Сиз өзүңүз өмүрүңүздө пара алып же берип көрдүңүз беле?

— Пара алган эмесмин. Бергенимди да азыр эстей албай жатам.

— Ажаат ачканга кандайсыз?

— Колумдан келишинче ажаат ачып эле жүрөм. Мени жакындан билгендер мени жалганчыга чыгара коюшпас.

—Бүгүнкү күндө бизге эмне жетпейт: билимби, акчабы же ыйманбы?

— Ыйман. Ар бир адамдын жүрөгүнө ыйман орносун!

—Үйүңүздү кайсы каражатка салдыңыз эле? Көгүлтүр экрандан көргөндөр “депутаттардан кем калбаган үйү бар экен” деп айтышууда…

—Ал үйүмдү маркум Муктар Өмүракунов бир туугандары менен оӊдоп, чоӊойтуп берген эле. Менден бир кыйшык мык да кеткен жери жок. Ага ыраазымын. Дайыма куран окуп турам. Көргөндөргө укмуш көрүнсө керек. Жөнөкөй эле, эл катары жашайм. Ошол салып берген боюнча быйыл актадым окшойт.

—Шарият боюнча банктардын залог алууга укугу барбы?

—Пайызы жок акчаны карызга берүүгө, залог алууга шарият уруксат берет. Ал эми үйүн тартып алып, көчөгө калтырууга жол бербейт. Адам жакшы иш кылам деген ниет менен акча алып банкрот болуп калса, анда аны кечип коюу керек. Эгер кечире албаса, анда акча бербей эле койгону оң. Залог дегеним, мисалы, менден сиз 2000 сом алсаңыз, кымбат буюмуңузду алууга, сиз ошол карызды төлөбөй калсаңыз, мен ошол буюмду өз баасына сатып жиберүүгө укугум бар. Эгер ал буюмуңуз 3000 сом болсо, анда мен ашкан 1000 сомду сизге милдеттүү түрдө беришим керек. Ошол сыңары, банк дагы машинаны же үйдү ошентип өз баасына сатып, ашканын кардарына берүүгө милдеттүү, тилекке каршы, алар өз кызыкчылыгын ойлоп абдан эле арзан сатып жиберишүүдө. Өз кызыкчылыгын өйдө койбой, өлкөнү ойлосок өнүгөт элек. Ал үчүн бизге тынчтык, ынтымак, адилеттүүлүк, калыстык, мыйзамды туура иштетүү керек!

Банкка акчасын төлөй албай калгандар “карызыбыздан куткарууга жардам бергиле!” деп мамлекетте кайрылып, көчөгө пикетке да чыгышты. Буга шарият жол береби?

— Мамлекетке дооматын артып, көчөгө чыгуунун өзү туура эмес. Өзгөчө аялдар. Аялдын орду үйдөгү очок. Очоктун кутун сактоо вазыйфасы бар. Тамагын кылып, баласын багып, жылуу-жумшак үйдө отуруу керек! Алардын акчасын мамлекет төлөп берүүгө милдеттүү эмес. Мыйзам жолунда чечип берүүгө жардам берсе болот. Тагыраак айтканда, пайызын жокко чыгарып, банктан алган нак акчасын гана төлөп берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берсе… адам пайызын эмес, алган акчасын гана банкка төлөш керек. Буга банк жол бербейт. Себеби, алардын көз карашы башка да. Дегеле адамдар мусулмандык көз караш менен эмес, өз түшүнүгү боюнча өлчөбөй олчойгон карызды, анда дагы пайызы менен алып да, берип да жатышат. Мындай жолго шарият жол бербейт, тыюу салат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

 

 

One thought on “Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Жанар Акаев ажо болсун”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.