Олжоке 1-октябрда баарыңарды “Манаска” чакырат!

Олжоке 1-октябрда баарыңарды “Манаска” чакырат!

Олжобай Шакир “РухЭш” сайтын ачып, бир жылдан бери кумурскадай рухий дүйнөбүздү азыктандырып келет. Билинбей эле сайттын ачылганына бир жыл болуп калыптыр. Адабиятка, рухий көрөңгөбүзгө кайдыгер эместер барып, “кумурсканы” бир көкөлөтүп коелу, бир боорлор. Каалоочуларга эшик ачык, кирүү акысыз.

«РухЭш» чакырат:

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз!

Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат.

Сайттын бир жылдыгы менен катар белгилүү адабиятчы, сынчы, окумуштуу Салижан Жигитов менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктар эки адамга гана ыйгарылат. Бул наамдар ар дайым улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп, жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткан инсандарга жыл сайын ыйгарылмакчы.

Жана наам ээси деп табылган эки инсанга 100 000 (жүз миң) сомдон 200 000 (эки жүз миң) сом ыйгарылат.

Иш-чаранын максаты – улут абийри саналып, улутка руханий эш болуп келаткан прогрессчил көзкараштагы күчтөрдү калыптоо.

Салижан Жигитов жана Ишенбай Абдуразаков атындагы наамга кимдер татыктуу экендиги коомчулукка 1-октябрь күнү гана шардана кылынат.

Бул иш-чара менен катар «Көркөм адабияттын ролу учурда кандай абалда?» аттуу темада адабиятчылар баяндама жасап, алар сайтыбыздын туруктуу авторлорунун бири, таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына токтолмокчу. О.э. Т.Шайдуллаеванын жакында жарык көргөн «Кызыл өрүк» аттуу китебинин бетачары белгиленет.

Салтанат соңунда акындардын поэзия таймашы уланып, анда ар бир акын өзүнүн эң мыкты делген бирден ырларын адабият күйөрмандарына окуп бермекчи! Бул маданий иш-чара ЭлТР каналы аркылуу түз ободо да чагылдырылат.

Каалоочуларга эшик ачык, кирүү акысыз.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.