Темир Сариевден кишилер эмнеге кетүүдө?

Темир Сариевден кишилер эмнеге кетүүдө?

Бүгүн, 25-сентябрда, президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов жана Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова штаб башчылыгынан кетти. Анын себебин, Ибраимова да, Сариев да Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыгышты.

Элмира ИБРАИМОВА: “Саясий позициябыз келишпей калды”

Себебин өз оозунан угалы деген максатта Элмира айымдын чөнтөк телефонуна коңгуроо каксак, такыр албай койду. Трубкасын албай койгонунан улам, бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазганын берүүгө туура келди. «Тилекке каршы, экөөбүздүн саясий позициябыз, саясатта көз карашыбыз келишпей калды. Саясат конъюнктурада көз карашын, идеологиялык позициясын өзгөртүү керек деп эсептейм” деп жазган Элмира Ибраимова.

Темир САРИЕВ: “Шайлоо алдындагы саясий кырдаал себеп болду”

Темир Сариев Ибраимованын ордуна Алтынбек Эргешов штаб башчысы болуп дайындалганын билдирип, Фейсбук баракчасына мындай деп жазган:

—Урматтуу достор! Сиздерге биздин шайлоо штабыбыздагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайм. Штабды жетектеген Элмира Султановна Ибраимова кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды. Анын ордуна штаб башчы болуп тажрыйбалуу башкаруучу, шайлоо кампаниясы башталгандан тартып штаб башчынын орун басары жана өлкө боюнча аймактык координаторлор менен иш алып барган А. К. Эргешов дайындалды. Ал эми Элмира Султанованын мындай чечим кабыл алышына президенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал себеп болгонун айтсак болот.

Мен жана биздин команда өзүбүздөн алдыбызга тээ башында койгон максаттарга жетүү үчүн ишибизди улантып, позициябызды бекемдей бермекчибиз. Ал принциптер жөнөкөй: чынчыл күрөшкө багытталып, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздай турган өзүбүздүн программабызды, идеяларыбызды жайылтууну улантуу.

Мен Элмира Султановнага борбордук штабдын ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана мындан аркы саясий ишмердигине ийгиликтерди каалайм.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.