ИГИЛ Орусия менен согушуу үчүн Кыргызстанды даярдап жатат

ИГИЛ Орусия менен согушуу үчүн Кыргызстанды даярдап жатат

“Комсомольская правда» гезитинин кабарчысы эки санына Кыргызстан жөнүндө көлөмдүү макала жарыялады. Бул макала жөнүндө ак деп же көк деп айтуудан алыспыз. Кыргызча окугусу келген окумандарыбыздын өтүнүчүн гана канааттандырууну ойлоп, окурман сотуна коюп жаткан кербезибиз. Сырттан келген журналисттер биз жөнүндө кандай жазганын биле жүрөлү.

Дарья Асламова ким?

Дарья Асламова орустун белгилүү журналисти. Учурунда “Комсомольская правда” гезитинин аскер кабарчысы болуп иштеген. Өрт күйүп, согуш болуп жаткан Абхазия, Тоолуу Карабак, Камбоджа, Осетия, Тажикстан, Югославия, Руанда, Чеченстан, Мали өлкөлөрүнөн репортаж берип турган. «Записки дрянной девчонки» деген китеби менен Орусияда чуу жаратканы да бар. 2003-жылы Саддам Хусейнден интервью алган жалгыз журналист болгон. 2016-жылдан тарта тынчы жок Күрдистан, Ливия, Египет, Сирия, Ливан, Ирак ж.б. өлкөлөрдө жүргөн.

“КПнын” атайын кабарчысы Дарья Асламова эмнеге Кыргызстандан чыккандар Санк-Петербургда терракт кылып, халифат курууга Сирия менен Иракка кетип жаткандыгын териштирип, ой жүгүртүп келди.

I бөлүк

Террористтин энеси

Петербургдагы метродо жардыруу жасаган террорист Акбаржон Жалиловдун энеси Одинанын багында анжыр бышып калыптыр.

— Ооз тийгиле! – дейт ал бактан мөмөсүн үзүп. – Кечээ биринчи кайнатмасын жасадым.

Ош шаарындагы орто жашагандардын кадимки үйү, бак-шакты сугара турган чакан көлмөсү бар экен. Үйдүн жанындагы арыктан суу агып турат. Одина – илгерки романдарда жазгандай “жүзүндө абалкы сулуулуктун изи калган” карый элек аял экен. Башында салттуу өзбек жоолугу менен үстүндө узун кооз көйнөгү бар (Кыргызстандын түштүгүндө өзбектер калктын жарымын түзөт). Орусча жакшы сүйлөй алат, мурда Орусияда иштеп келген экен.

— Мен сонун торт жасачумун! – сыймыктана кетти. Өзбектердин чындап эле ашпозчулук өнөрү бар. Этника аралык кандуу жаңжалдар болгону менен, Ошто атүгүл кыргыздар өзбек кафелерине киришет – алар шаарда кадам сайын. Ууулантып коет деп коркушпайт. Чыгышта дайыма уунун ордуна канжар пайдаланышкан да. “Биринчи чыныны өзүмө куйганыма кечирип коюңуз, — деп бир жолу өзбек полковник айтты эле. – Бул биздин салтыбыз. Мейманды ууландыргың келбегендин белгиси”).

Одина экөөбүз бак-шактын көлөкөсүнө олтура кеттик, мен дароо эненин кусалуу көздөрүн көрдүм. Биринчи эле берген суроосу мени дендароо кылып койду:

— Азыр Орусияда мени балама кандай мамиле кылып жатышат?

“Баласына” кандай мамиле кылмак эле, былтыр апрелде Петербург жертөлөсүнөн 15 кишини өлтүрүп, он чактысын өмүр бою майып кылган кишиге кандай мамиле кылышат эле? Андан ары ар бир кылмышкердин энеси айта турган сөздү угуп жаттым. Акбаржон аябай боорукер, тил алчаак, эмгекчил экен. Ичпептир, чекпептир, суши-кафеде иштептир.

— Айына эки жолу – аванс алганда бир, айлык алганда бир — акча салып турчу. 35 миң рублден кем эмес, — дейт Одина. – Биз ага аябай ишенчүбүз. Ал атасы менен Орусияга 15 жашында кетти, жарандыкты да атасы аркылуу алды. Экөөбүз кээде бири-бирибиз менен орусча сүйлөшүп калчу элек.

— Анан бир жыл дайынсыз кетти, — сөзгө аралыштым. – Кыйналып, кейип-кепчидиңизби?

Одина көзүн ала качты.

— Ал Орусиянын жараны катары аскерге алып кетишкенин айткан. Чалбады, кат да жазган жок. Бирок аскерде ошондой эле да. Албетте, биз тынчсызданып жаттык, бирок кайда кайрылыш керек экендигин билбедик.

— Түрк журналисттери жазып чыкты го, жүрүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Түркиядан 2016-жылы депортация болгон экен, ал жакта бир жыл жүрүптүр. Жакын досу да айтты, өзү Питерден самолетко салыптыр, Антальяга бир байкесине иштегени кеттим деген турбайбы.

«Мечиттерде аялдарына хиджаб кийгизген эркектерге кадимкидей акча төлөйт». Д.Асламованын фотосүрөтү

— Эч нерсе билбейм, — Одина чыйпалактап көйнөгүн кармалап жиберди. – Акбаржон бизге былтыр декабрда телефон чалган. Бул жакка учуп келди, бирок паспорту тытылып калган экен, биздин чегарачылар киргизбей коюшуптур. Байкуш балам кайра Орусияга кетип, жаңы паспорт алганга берип, күтүп жүрө бериптир. Кайра февралда келди.

— Балаңыздын өзгөргөнүн байкаган жоксузбу?

— Аскерден кийин чарчаңкы эле, көп сүйлөбөй калыптыр. Бир токойдо кызмат өтөдүм деп койду.

— Мына туугандары айтып жатат, анын келгенин да билишпейт экен. Эч ким менен сүйлөшпөптүр, — деп менин жергиликтүү кесиптешим айтып калды.

— Туура. Ал үйдөн чыккан жок. Мен күнүгө жанымда жүргөнүнө сүйүнүп жаттым. Ашканага келет да: “Апа, кел, салат кесе коеюн” дейт. Сүйүнүп калам. Тамакты жакшы жасачу. Жатып калсам, жаныман чыкпайт. Башын көкүрөгүмө коюп алып: “бала кезимдегидей башыман сылачы” деп калат. Кетип жатканда, атасы экөөбүздү Меккеге ажылыкка алып барам деп убада берген. Ушундай бактылуу элем! Анан жаңылыктардан суук кабарды укканда, уккан кулагыма ишенбедим. Анан бизди таанытканы Питерге алып барышты. Моргдон башын эле көрдүм, денесин шейшеп менен жаап коюшуптур. Эсимди жоготуп койдум. Көзүмдү ооруканадан ачтым. Балким баламды бир нерсеге мас кылып коюшкандыр?

— Балаңыз 2010-жылы Оштогу кандуу жаңжалда бул жакта беле? – деп сурап, ошол учурду эстеп, жаман болуп кеттим.

— Анда 14 жашта гана болчу. Аллахка ыраазымын, биздин туугандардан эч ким жапа чеккен жок. Бирок балдардын баары күйүп кеткен денелер жеткирилген Амир-Тимур районуна поликлиникага чуркап барып-келип жатышты. Куупкуу болуп келди эле ошондо, бирок бир сөз айтканы жок.

— Питерде курман болгондорго бооруңуз ачыйбы? Ал жакта да кичинекей балдар-кыздар мүрт кетти, — дедим мен.

— Менин балам деле жапжаш эле да. Болгону 22 жашта. – деди күтүүсүз Одина. Мен таңгалып, карап эле калыпмын.

— Сиз азыр мен аркылуу орус жарандарына өз сөзүңүздү айтууга мүмкүнчүлүгүңүз бар, — деген сунуш киргиздим.

— Эмне дейм эми? – Одина оор үшкүрдү. – Өлгөндөрдүн пешенесине ошондой жазылган да. Менин баламдын тагдыры да ошондой экен.

Жергиликтүү курбум чыдабай кетип өзбекче:

— Одина, кечирим сура азыр. Сура.- деп жиберди.

Базарда соодагер аялдар да хиджаб кийген модага айланган. Мындай аялдар калп айтпайт, ашыкча акча алып койбойт деген түшүнүк бар. Д.Асламованын фотосүрөтү.

— Бардык өлгөндөр үчүн кудайга жалынып олтурам, — деди террористтин энеси. – Алар мындай болорун билбей калышты. Менимче, БУ ДА  ЖАРАТКАНДАН. Силер тагдырга ишенесиңерби?

Сөздөрүнө жүрөгүм айланып кетти:

— Ишенем. Жакшылык менен жамандык да бар экенин билем.

— Эртең же бир сааттан кийин биз менен эмне болорун жалгыз Аллах гана билет. Менин балам ак көңүл, шайыр бала болчу. Мен жүз жылга карып кеттим.

“Алар сизге калп айтып жатышат!”

Жергиликтүү атайын кызматтагы кишим (атын Жылдызбек деп коелу) – кыргыз, бирок Оштун өзбек кафесинен жолуктук, бул жерде бүткүл Кыргызстанга аты чыккан самсы жасалат экен (эттүү пирожкилер). Кафеде сакалчандар менен хиджаб кийген аялдар оголе көп болуп чыкты.

Ошто бүткүл Кыргызстанга аты чыккан самсы жасалат экен (эттүү пирожкилер). Д.Асламованын фотосүрөтү.

— Мурда кыргыздарда мындай үрп-адат болгон: атасы тирүү турганда, баласы сакал койгон эмес, азыр сакалчандар кыргыздардын да, өзбектердин да арасында көбөйүп кетти, — деди Жылдызбек. – Биздин өзүбүздүн улуттук кийимибиз эле эң сонун, аялдар эч качан жүзүн жаппаган. Азыр мечиттерде аялдарына хиджаб кийгизген эркектерге кадимкидей акча төлөйт.

Бул сөздөр мени таңгалдырган жок. “Светтик” Европадагы мусулман кварталдарында бул кадыресе көрүнүш.

— Террорист Жалиловдун энесине ишенбегиле, калп эле эч нерсе билген эмесмин деп жатат, — деди Жылдызбек. – Кайсыл өзбек эне болбосун, баласынан: “кайда бардың, ким менен доссуң?” деп сурап турат. А бу жерде баласы аскерге кеткен имиш. Болгондо да бир токойго. Карандай калп! Эмнеге баласы кайсыл жакта кызмат өтөгөнүнө, кайсыл жерде, командири ким  экенине кызыкпайт? Ой, жүз жолу сураштырып, он жолу барып келишмек. Аскерге алуу военкоматтар аркылуу жүрөт. Жалиловдун атасы – Орусиянын жараны. Сурамжылап койгонго эмне тоскоол болмок эле? Мен силерге кепилдик берем, атасы ИГИЛ менен байланыштуу болгон, же жок дегенде – колдогон. Орусияда “игилчилерди” кысып кирди эле, дароо үйлөрүнө кайтып, коңулга кирип алышты. Ислам мамлекетинин агенттери Ошто жүрүшөт. Ислам өтө тездик менен катуу кирди бизге. Мен радикалдашып кеткен ислам жөнүндө айтып жатам.

— А эмнеге мынча тездик менен?- деп таңгалдым. – Мен Ошто 2010-жылы, тополоңдун эртеси эле келгем. Аябай жаман болгон, чынбы, бирок ал этникалык конфликт болгон.

Чекемен муздак тер чыгып кетти, ошол күндөрдү эстедим, ал тополоңдо расмий маалымат боюнча 400 киши набыт болду (көпчүлүгү – өзбектер). Расмий эмес – бир жарым миңден ашык киши курман болду. Атайын отунду үйүп даярдап, кишилерди өрттөшкөн. Шаар ээнсиреп калган, көчөлөрдө жарык жок, “Хотел” деген жазуусу бар бир кабаттуу барак эсимде. Ошол баракка жалгыз жаткам, түнү бою коркуп чыктым эле. Көчө жолбун иттерге толуп кетиптир. Шаар өлгөндөргө аза күтүп, ыйлап жатты.

Ош шаарындагы мечит. Д.Асламованын фотосүрөтү

— Бардыгы 90-жылдары башталган, анда мамлекет Сауд Аравиясына, Катарга, Египетке окууга кеткен жаштарды көзөмөлдөбөй калган, — деп Жылдызбек түшүндүрүп жатты. – Андан кийин ваххабизм идеяларына толкунданып келип жатышты. 1999-жылы Баткен окуясы болду: тажиктердин Тоолуу Бадахшанынан чегара аркылуу Кыргызстандын түштүгүнө ИДУнун (Өзбекстандын ислам кыймылы) согушкерлери кирип келди. Кыштактарга чейин кирип, кишилерди барымтага алып, кадимкидей согуш болбодубу. Азыр коркунуч мурдагыдан да жогорулады. Согушкерлер Сирия менен Иракта утулгандан кийин Ооганстандын түндүгүнө – Тажикстан менен Өзбекстандын чегарасына чукулдап келишти. Кудайга шүгүр Тоолуу Бадахшанда орусиялык база турат. Бирок Памир сыяктуу мындай кеңири жана татаал чөлкөмдү толугу менен көзөмөлдөө мүмкүн эмес, ал эми кыргыз-тажик чегарасы ачык эле жатат. Эгерде Тажикстан аркылуу бул жакка Ооганстандан игилчил бандалар кирип келсе, туруштук беришибиз кыйын болот.

Чыгыш аялынын тагдыры: баш ийип жаша же өлүп кал

Хулькар Исамова бүтүндөй Ошко белгилүү журналист – бүт тарабынан “келишкен”: тармал сары чачы, көлөмдүү денеси, жылтырагы бар кара көйнөгү, манжасында чоң зымырыт, буурчактай болгон бермет мойнуна илинген, жаркыраган алтын саат, жашыл жылтырактар менен капталган сумкасы. Өктөм сүйлөйт экен, үнү да ачуу. Кафеден “Официант!” деп кыйкырганда, мен ордуман козголуп кетип жаттым.

Хулькара Асамова. Кыргызстандын эр жүрөк журналисти жана чыныгы “чыгыш аялзаты”.  Д.Асламованын фотосүрөтү

— Өктөм сүйлөгөнүм пионердик балалыктан бери бар, — деп күлдү Хулькар. – Параддарда башкарып эле жүрчүмүн: “Равняйсь! Смирно!” деп.

Официант чуркап келип, Хулькардын “мейманга арак алып кел” деген өтүнүчүнө чочуп кетти:

— Бизде болбойт! Кожоюн урушат. Арам! Күнөө болот!

— Ме сага! – Хулькар нааразы боло түштү. – Ой, кожоюнуң өзү жыйырма жылдай арак ичип жүрбөдү беле?! Эми арам болуп калдыбы? Тез, чурка, жолдун ары жагында дүкөн бар. Бир бутуң бул жерде, бир бутуң дүкөндө болсун, бол!

Хулькар ой жүгүртө мындай деди:

— Карачы, заман кандай тез өзгөрүп барат, жакшы жагына да эмес. Өткөндө жолдошум экөөбүз машине менен баратсак (бир нече жолу күйөөгө тийгем, турмушта нелер болбойт, бирок акыркы жолдошум – кадимки эле алтын да!), көчөнү карап баратсак, оронуп-чулгангандар сейилдеп жүрөт – хиджабчан кыздарды айтам, анан күйөөмө айтып жатпаймынбы: “Беш жылдан кийин азыркы көйнөктөрүм менен көчөгө чыгалбай калам го,он жылдан кийин – ушундай кийинсем, ташбараңга алышат болуш керек”. Жолдошум милицияда иштейт, достору “эмнеге аялыңды кызганбайсың?” дей беришет экен.

— Кандай мааниде? – таңгалып сурап калдым.

— Кандай десем, жүзүмдү жап дебейт, жумушум боюнча башка эркектер менен жолугам, “барба” дебейт. Журналистмин да, жекеме-жеке интервью алам дегендей. Анан достору “аялыңды эрке кармаганың үчүн аркы дүйнөдө чочкого айланасың” дешет экен. Элестет?! Ал болсо: “Менин аялым менен ишиңер болбосун. Кудайдын алдында өзүм жооп берем” деп коет.

Мусулман-куурчактар.  Д.Асламованын фотосүрөтү

Мен кудайга ишенген кишимин. Ислам – зор дин, бирок динди, эң башкысы диний аалымдарды көзөмөлдө кармаш керек. Азыр Кыргызстандын бийлиги “дабатка” уруксат берип койгон. “Дабатчылар” – бул, адетте, жаштар, үйүңө чейин барышат. Тыкылдатып көрүшөт. Аял киши чыкса, эркек киши болсо, чакырып коюуну өтүнүшөт. Аны болсо мечитке чакырышат. “Баралбайм” десе, ошол жерден дароо исламга үгүттөп киришет: намаз оку, орозо карма, күнөөлүү иштерге барба, соопчулук кыл ж.б.у.с. Кадимки эле нерселер, ашыкча эч нерсе жок. Ал эми исламды үйрөнүүгө жылдар талап кылынат!

Көпчүлүк өзбектер динчил келишет, билим деңгээли да тайкы. Эскичиликти карманышат, махаллянын мыйзамдарын карманышат. “Махалля” деген эмне? Бул шаардагы өзбек квартал, бардыгы бири-бирин тааныйт. Эгерде эки кошуна урушуп кетсе, үчүнчүсү кийлигишкенге акысы бар. Өз мечити бар, өз салты бар дегендей. Чечим кабыл алууда бардыгын аксакалдар менен квартал комитети чечет. Махаллядагы жаш кыздар бардыгына баш иет, “жок” деген сөздү айтканга акылары жок. Менин теңим өзбек, теңим кыргыз, эки улуттун жашоосун жакшы билем. Биздин муун – билим алган аялзатынан акыркылары болушубуз керек. Түштүшктө балдарын окутпай калышты, бул өтө жаман! Көбүнесе медресеге жиберишет. Өзгөчө кыздарды окутпаган модага айланды. Алар үй жыйнаганды, тамак жасаганды, күйөөсүнө кызмат кылганды билсе болду. А жаш балдар үчүн – акча тапканды билиши керек. Балдарды мектепке жибербей, базарга соодага чыгаргандарына кадимкидей жинип келет, айтчумду айтып алам.

Мен уулумду үйлөнткөндө, махаллядан бир чырайлуу, тил алчаак кызды алганбыз. Кийин келиниме футболка, жинсы кийгизип, балама “аялыңды “эй!” деп чакырбай жүр” деп үйрөттүм. (Бизде аялдарын ошентип чакырышат). Азыр фармацевтке колледжде окуп жатат.

Анжелина Джоли менен Брэд Питтин сүрөтү бар чач-тарач. Д.Асламованын фотосүрөтү

Өткөндө бир исламчылдан интервью алдым, беш кызды окутпай эле чоңойтконуна мактанып, “күйөөсүнө өйдө карабай турган чыныгы болочок аялдарды тарбияладым, колдорунан үй жумуштарынын баары келет” дейт. Анан ал кызы төрөй турган болсо кантет? Анткени мындай тарбиядан улам эркек кишиден медициналык жардам алууга болбойт. Ал эми Ошто аял-врачтар жокко эсе! Ошондой бетине оюмду айттым:кыздарыңызды окутпапсыз, кошунаңыз да окуткан эмес, туугандарыңар да кыздарын колледж менен университеттерге окутпай койгон. Анда Кыргызстандын түштүгүнөн аял доктурларды кайдан табабыз? Силер кыздарыңар менен аялдарыңарды медициналык жардамсыз калтырып жатасыңар – дедим. Оозу жап болду.

Баш ийип жашоо – көптөгөн кырсыктарга да себеп болууда. Бир жолу менин досумда трагедия болду – карындашы асынып өлүп калды. Анан ал мага: “Күйөөсү менен кайненесин сотко берейин деп жатам, ошолор жанынан кечкенге жеткиришти да!” дейт. “Эмненин негизинде бересиң? Карындашың ур-токмок жеп, сага чуркап келип жүргөндө, эмне кылдың эле? Боздоп олтурса, сен – “өзүң жамансың да, күйөөңдү караганды билбейсиң да” деп туруп, машинеге салып, кайра кайын журтуна жеткирип барчу эмес белең, анда да “карындашым үчүн кечирип койгула” дечүсүң. (Бизде салт ушундай). Көгөргөн, ур-токмок алган жерлерин көрсөткөнү доктурга да алып барган эмессиң. Эми бул трагедиядан улам, өз кыздарыңдын тагдырын ойлойсуң” дедим ачуум менен.

Кыргызстанда эң кымбат келиндер – бул жапайы айылдардан чыккан он үч жаштагы секелек кыздар. Пара берүү жолу менен паспортторун алмаштырып, он алты жаш кылып коюшат. Башкысы кыз окуганды да, жазганды да билбеши керек. Канчалык окуу билими жогору болсо, ошончолук келиндин баасы төмөн болот. А эгер кыз шаардык болуп, университеттик билими болсо, анда “баасы кыйла арзандайт”. Акылдуу аялдын кимге кереги бар?

Кыргызстандын түштүгүндөгү көпчүлүк өзбектер – динчил жана билимсиз келишет. Д.Асламованын фотосүрөтү

Көбүнчө экинчи же үчүнчү токол алыш үчүн (а Кыргызстан светтик өлкө, көп аял алууга тыюу салынган) болгону диний нике кыйышат. Бул салт акыркы жылдары кеңири жайылган, атүгүл Кыргызстандын парламенти жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Бирок мыйзам биринчи каралганда, кабыл алынган эмес. Буга таңгалып кереги жок. “Светтик” парламентте намазканалар ачылган, радикалдуу диний кызматкерлер менен урушуп кетүүдөн чочулашат. Былтыр иш чатакташып баратканда, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзү кийлигишип, өлкөдөгү диндин саясатташып баратканына тынчсызданган, динди улуттук маданиятка, каада-салтка, үрп-адатка каршы коюу улутту, керек болсо бир үй-бүлөнү ажырымга алып келерин баса белгилеген.

2-бөлүк

Кантип Кыргызстанда “шахид белбоосу” пайда болгон?

Кыргызстанды багып жаткандар кимдер?

Жети жыл ыңкылапсыз жашаган Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек гүлдөп, сонун болуп калыптыр. Жаңы мейманканалар, бизнес-борборлор тургузулуптур, жакшы жолдор салынып, шаардын борбору түнкүсүн жарыктар менен жаркырайт, көп жаштар кечкисин көчөлөрдө сейилдеп жүрүшөт, ал эми элдин купулуна толгон кафелер менен ресторандарга алдын ала буйрутма бериш керек экен. Эсимде, ушул эле көчөлөрдө дүкөндөрдүн айнек витриналары, панарлар талкаланып, мейманканаларда кароолчулар мародерлорго каршы эшиктин алдына түнкү баррикада курушуп, ал эми кафелердин алдында формачан менттер менен бажычылар турушкан (булар республикадагы бай адамдар).

(уландысы бар)

Кыргызчалаган Айбалта ЧЫНОЕВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.