Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: “Бүгүн криминал көчү өз жолун улантып жатат”

Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: “Бүгүн криминал көчү өз жолун улантып жатат”

НТС телеканалынын “Ар тарап” берүүсүнө кечээ көрүнүктүү саясатчылар чакырылып, түз эфирден сүйлөштү. Алардын арасынан генерал-майор Өмүрбек Суваналиев бүгүнкү күнү саясатка кылмыштуулук топ аралашып жатканы боюнча мындай деп айтты:

—Ачык айтсак, мына Апрель төңкөрүшүнөн (2010 –жылдагы 7-Апрель окуясынан) кийин, СДПК бийликке келгенден бери, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Бүгүнкү күндө “Кыргыз көчү өз жолун улантат” дейт. Биз айтат элек, бүгүнкү күндө кыргыз көчү эмес, криминал көчү өз жолун улантып жатат деп. Шайлоонун алдында муну ар бир жаран, өзгөчө ички иштер органда иштеген жетекчилер жана ал жерде иштеп жаткан кызматкерлер билиши керек. Эми тарыхка келсек, 2005-жылы да, 2010-жылы да, революциядан кийин, ошондо эле элдин баары уюшкан кылмыштуулук топ кандай жаман экенин билген. Кылмыштуулук топ менен байланышкан адамдын аягы жаман болуп бүтөт. Андай топ менен бир жолу эле аңгемелешсең, экинчи сенин мойнуңдан түшпөйт: кызматтан кетесиңби жокпу, ага баары бир. Аны менен байланышкан адам аягына чейин кызмат кылып өтөт. Уюшкан кылмыштуулук топ менен биз мыйзам чегинде убагында күрөшкөнбүз, камаганбыз, жазалаганбыз. Ошон үчүн мен шайлоо алдында, милициянын кызматкерлерине, прокуратурага айтат элем “от менен ойнобогула!” деп. Таза шайлоо болуш үчүн кылмыш топтору саясатка аралашып, саясий аренага чыкпашы керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.