“Саясий куугунтуктун башында Атамбаев турат!” дешти

“Саясий куугунтуктун башында Атамбаев турат!” дешти

Үч айдан бери депутат Аида Салянованын соту созулуп келет. Баарына катышып, жазып келатабыз. Бир дагы күнөөсү сотто чыны далилдеген жок. Коюлган күнөөнүн баарын депутаттын адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп бере алды. Тилекке каршы, прокурор аны эске албай, соттон 8 жыл сурады. Буга кесиптештери, тарапташтары, туугандары, коомчулук нааразы. Акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы бир курдай сот отурумуна катышып, бардык тарапты угуп, калыстыгын айтты. Сот тыныгуу жарыяланганда, сотко катышуучулардан пикир алганбыз. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы!

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Саляновага сөгүш берүүгө негиз жок”

—Бул саясий заказ. Анткени, кагаз жүзүндө эч нерсе далилденген жок. Бул бир. Экинчиден, ошол лицензияны узартууда жабыркаган киши жок. Үчүнчүдөн, Елисеев ошол лицензия менен кыргыз экономикасына зыян келтирген жок. Эч нерсе далилденбегендиктен, өч алуу деп ойлойм. Себеби, өч алуу Салянованын үй-бүлөсүнөн башталды: жолдошуна, бир тууган агасына, анан өзүнө иш козгоп, 8 жыл сурап жатат. Эч нерсе далилденбей туруп, 8 жыл суроо – бул уят. Саляновага 8 жыл эмес, сөгүш берүүгө негиз жок!

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Салянова саясий куугунтуктун курмандыгы болууда”

 

Кант шаарынын тургуну, “Эрдик-Подвиг” коомдук фонддун жетекчиси Каныбек Мырзаканов Аида Салянованын (дегеле “атамекенчилердин” сотунан калбайт. Текебаев, Чотоновдун да, Шыкмаматовдун да сотуна келип турат) сот отурумунан калбай, катышып келет. “Сиз башынан калбай катышып келатасыз, Салянованын кымындай бир күнөөсү бар бекен?” деген суроого мындай деп жооп берди:

—Үч айдан бери жубайым экөөбүз Канттан бери келип, сот отурумунан калбай катышып келебиз. Үч айдан бери Аида Жеңишбековнанын бир дагы күнөөсү далилденген жок. Сотко Салянова Юстиция министри болуп турганда, анын орун басары Жылдыз Мамбеталиева жана дагы толтура күбөлөр келип, эч кандай күнөөсү жоктугун айтып беришти. Ага карабай, далилденген нерсенин баары эске алынбай, сот болуп келет. Анда мындай соттун не кереге бар? Салянованын адвокаттары дагы кагаз жүзүндө актыгын далилдеп беришти. Латвияга запрос жиберишсе, алардан оң жооп келди го. Ал лицензияны Елисеев колдонбоптур, тагырагы, Кыргызстандан узартылган лицензиясы ал өлкөгө жарабайт экен, «жараксыз» деп табылыптыр. “Салянова узартып берген лицензия менен Елисеев Латвияга ишкана ачкан” деген күнөө коюп жатышат. Аны да адвокаттар сүрүштүрсө, ал ишкананы Елисеев лицензия узартыла электе, эки ай мурун ачкан экен. Числосу да дал келбей жатпайбы. Көрдүңөрбү, күнөөсү жок адамды күнөөлөп жатышат. Мындай мамилеси менен соттор өздөрү мыйзам бузуп жатышат.

Эми сот отурумдагы мыйзам бузууларды айтпай эле коеюн. Аябай эле кыйноолор болууда. Тыныгууга суранып жатып чыгабыз. Бул бир. Экинчиден, Салянованын 2 жашар кызы ооруп, сотко келбей калганда, сот күч менен алып келүүнү буйруду. Бул эмне деген шумдук? Салянова саясий куугунтуктун курмандыгы болуп жатат. Куугунтуктун башында Атамбаев өзү турат. Дегеле Атамбаев “атамекенчилерди” куугунтуктап жатат. Мына, Текебаевди жөн эле каматып койду. Эч күнөөсү жок. Маевский өзү айтты го, “пара берген жокмун” деп. “Пара алды” деген айып коюп жатышат. Модин деле, Маевский деле ал акчаны андагы өлкө башчысынын 1-орун басарына бергенбиз деп жатышпайбы, 1-орун басар Атамбаев болчу. Бардык нерсеге ажо өзү күнөөлүү. Эми күнөөсүз кызыбызды күнөөлүү кылгысы бар. Жок нерсени жабыштырып, кордоп жаткан кызыбызды биз, кыргыздар, коргоп калышыбыз керек!

Аяткан АБДЫКАПАРОВА: “Соттор Атамбаевдин буйругун аткарып жатышат”

“Атамекенчилердин” сот отурумунан калбай, активдүү катышып келаткан дагы бир айым- Аяткан Абдыкапарова. Аида Жеңишбековна жөнүндө суроо узатканда эле, ал агынан жарылды.

Мен чыны ушул Аида Салянованын кайраттуулугуна баа бердим. Эч бир күнөөсү жок сотто суралып жүрөт да. Буга Атамбаевди күнөөлөйт элем. Себеби, ал ушул кызыбыздын арты менен аброй күттү. Дегеним, Салянова башкы прокурор болуп турганда, канча деген коррупционерлер менен күрөштү эле. Канча деген көрүнүктүү саясатчы коррупционерлерге кылмыш ишин козгоп, алардын бетин ачты эле го. А азырчы? Азыр башкы прокуратура дым. Азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева бир дагы коррупционерге иш козгодубу? Жок. Азыр коррупция деген сазга батып, 7-кабатка чейин жеткен. Бардыгы бийликте жүрүшөт. Коррупционерлер менен күрөшүп, ак, так иштеп берген кызыбызды эми Атамбаев минтип кордоп жатат. Башкы прокурор болуп турганда, ишине таң эрте кетип, үйүнө түн бир оокумда (бул чындык. Күндүз такыр бошочу эмес. Бир жолу бошоп калып, анда дагы кечки саат 12де (24.00до) чакырып, интервью алып кеткенбиз — авт.) келчү. Аз уктап, көп иштеп берген. Коррупционерлер менен күрөшкөнүн көргөн ажо Атамбаев ыраазы болуп, “келечекте президент болчу кыз” деп мактабады беле. Кана ошол айткан сөзү? Аябай калпычы экен. Мактап туруп, кайра иш козготту. “Белиз-Гейт” деген балээни баштады. Ушул тири шумдук ишти баштаганда эле калп менен башталган. Салянованын өмүр баянынан ката кетиришкен. Туулган күнү 7-август деп жазылып жүрөт, Аиданыкы 6-август. Ушундан эле жасалма документ жасалганын билсе болот. Бул бир. Экинчиден, Атамбаев “Белиз-Гейт” далилденбей калса, анда мен Сегизбаевди кызматтан кетирем” дебеди беле? Кана кетиргени? Ал татына эле иштеп жатат. Атамбаев сөзүнө турбаган, калпычы адам экен. “Хан эки сүйлөбөйт” деп айтылчу илгери. Кан калкына калп айтпаш керек! А Атамбаев калп айтып, «айланайын, Кудай» деп, элди алдап келатат. Эки сүйлөгөн адам экен. КТР аркылуу жаманатты кылып, элге Текебаевди, Шыкмаматовду, Салянованы жаман көрсөтүп жатат. Мунусу менен ал өзүнө аброй топтодум деп ойлоп жатат. Жок, ал аброюн өтө түшүрүп ийди. Анткени, эл үчөө тең аппак экенин түшүндү, билди. Ак адамдарды каралайм деп атып өзүнүн жүзү капкара болуп калды. Мен ушинтип эле катуу айтам. Анткени, жалганчылар төргө өтүп, чындык босогодо ыйлап турганына күйүп жатам. Эч бир далили жоктугуна карабай, уялбай туруп прокурор 8 жыл сурап жатат. Бул жетип турган абийирсиздик. Азыркы соттор Атамбаевдин буйругун аткарып жатышат. Буйрук бергендерди да, буйрук аткаргандарды да Кудайга койдум. Бир жолу Текебаев: «Керек болсо Атамбаев Кудайды да алдап жатат» деп ачууланды эле го. Анысы чын, Атамбаев Кудайды да алдап жатат. Буларды Кудай бир күнү, болгондо да төбөсүнөн урат. Анткени булар ак адамды каралап жатат. Канча деген аялзатын кордоп, энелерди, балдарды ыйлатып жатышат. Текебаевдин карыган апасы эмчеги сыздап, баласынын абактан чыгышын күтүп отурат. Салянованын апасынын кан басымы көтөрүлүүдө. Ага карабай, кызынын соту болгон сайын эмчектеги небересин алып калууда. Сот болсо таң эрте башталып, кечинде бүтүүдө. Ошондо Салянованын кичинекей кызы эмчек издеп, чыркырап ыйлаганда, кызынын ак жерден сотто сүйрөлүп жүргөнүн көргөн  апасынын жүрөгү оорубайт дейсиңби. Жүрөгү ооруп, кан басымы көтөрүлгөнү ошондон. Атамбаевди деле билсе, Эне төрөгөн. Энелерди ыйлаткан киши оңбойт. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Биз кызыбызды ак жерден соттотуп жибергенге жол бербейбиз!

Улан ЖУМАКОВ: “Эмненин негизинде Жолдубаева  Саляновага кылмыш ишин козгой алды?”

Адвокат Улан Жумаков сот отурумуна катышып, аудиого жаздырып, социалдык түйүндөргө жазып, видеого тартып, түз эфирден берип, элге чындыкты жеткирип келет. Соттук отурумдагы иштерге мындай деп юридикалык баа берди.

Эми козголгон кылмыш ишинин юридикалык жагын карап көрөлү. Аида Саляновага КРнын кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндөгү кылмыш айыбы коюлууда. Анда ошол беренини карайлы:

304 берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

(1) Кызматтагы тарап өзүнүн кызматтык абалынан кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланууда, эгерде жарандар менен юридикалык тараптардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же мыйзам менен корголгон коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузган болсо, —

 бир миң сомдон эки миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же бир жылдан үч жылга чейин кесилет.

(2) Өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү максатында кылган же өзүнүн башка кызыкчылыгы үчүн кылмышка барса, —

Үч миң сомдон төрт миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин кесилет.

(3) Ушул эле берененин экинчи бөлүгүндө каралган кылмыш ишинде:

1) өзгөчө ири зыян келтирилсе;

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болсо;

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсо, —

Жыйырма миң сомдон отуз миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же беш жылдан сегиз жылга чейин кесилип, мүлкү алынат же алынбайт.

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыг иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап, —

Отуз миң сомдон элүү миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же сегиз жылдан он эки жылга чейин кесилип, мүлкү алынат.

Биз көргөндөй, дал ушул төртүнчү бөлүгү коюлууда:

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап.

Ушул жерден мамлекеттик айыптоочуга суроо жаралат, аталган беренедеги экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши каякта? Берененин 2-бөлүгүндөгү өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү же өзүнүн башка кызыкчылыгы максатында кылган кылмыш кана?

Салянова же башка тараптар кандай пайда тапты? Аталган Елисеев лицензиясы узартылганга чейин эле (ал лицензия Кыргыз Республикасынан сырт жакта жарабайт) Латвияда фирма ачып алган экен. Пайда табуу кана же ким пайда тапты?

Үчүнчү бөлүгү боюнча, ушул беренеде каралган экинчи бөлүктө каралган кылмыш иши кана:

1) өзгөчө ири зыян келтирүү (кимге зыян келтирилди? Эч кимге!)

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн (уюшулган кылмыш тобу же кылмыштуу коомчулук кана? Бул жерде да эч нерсе жок!)

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу (бул боюнча иште да менчик ээси жөнүндө сөз жок, анан кайдагы эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсун?!)

Бул беренедеги 2-3-бөлүктөр болмоюнча 4-бөлүгү болушу мүмкүн да эмес!!! А 2-3-бөлүктөр иште жок, демек 4-бөлүгү да коюлбашы керек!!!

Эми акыркы суроо: кантип, кантип (!), эмненин негизинде Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгой алды???!!!

Эми сот ушуну көз жаздымда калтырабы?

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.