Ашхабаддан спортчуларыбыз 5 алтын медал алды

Ашхабаддан спортчуларыбыз 5 алтын медал алды

V Азия оюндары Ашхабад шаарында 17-сентябрда башталган, бүгүн, 27-сентябрда аяктайт. Спорттун 21 түрү ойнотулду. Кыргызстандан барган спортчуларыбыз спорттун 17 түрүнө катышып, 5 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту. Алтын байгелерди бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Ызатбек Ратбеков, спорттук бийден Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов, самбочу Жамалбек Асылбек уулу, күжүрмөн самбодон Жаныбек Аматов алды. Күмүш байгелерге грек-рим күрөшчүлөрү Атабек Азизбеков менен Үзүр Жусупбеков ээ болду. Коло медалдарды спорттук бийчилер Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, самбочу Арсен Камчыбеков күжүрмөн самбочулар Мухаметали Эргешев жана Алайбек Үмөтов тагынышты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.