Бабанов аялы, апасы, Батукаев жөнүндө ушактарга жооп берди

Бабанов аялы, апасы, Батукаев жөнүндө ушактарга жооп берди

“Бабановдун атасы кыргыз, апасы күрд. Аялы Рита Бирбаева казак улутунан болсо, экинчи аялы чечен, ал Азиз Батукаевдин тууганы — Гривцова Аминат. Аминаты “Кыргызстан” банкын башкарат” деген сөздөр чыгып, ал айтылып, жазылып, коомчулукка жайылып, катуу талкууланып келет. “Бул ушакпы же чынбы?” деген суроону бүгүн бирөө Бабановдун өзүнө эл аралап жүргөндө узаткан. Бабанов ага мындай деп жооп берген:

—Бүгүн баарын эле каралап жатышат. “Бабановдун аялы чечен, Батукаевге тиешеси бар экен. Апасы күрд” деп эле жатышат. Ушундай ушактар жан күйгүзө турган болду. Апам күрд эмес, түрк элинин кызы. Апам жетим болгондуктан, 5 жашында Грузиядан келгенде кыргыздар багып алган. Апам түрк тилин билбей, кыргыз тилинде сүйлөчү. Апамдын жаткан жеринен да тынч койбой каралап жатышат. Атам кыргыз. “Сиз айткан кызга үйлөнөм” деп атама айткам. Анан атам казак досунун кызы менен тааныштырган. Ошол кызга 1990- жылы баш кошком. Ошондон бери чогуу түтүн булатып келаткан жалгыз жарым. Экөөбүздүн 4 балабыз бар.

Эми Батукаев жөнүндө айта турган болсом, аны түрмөдөн мен чыгардымбы же булар чыгардыбы? Президенттей кылып самолетко чейин узатып барышты го. Анан ушуну да мага жармаштырышып жатышат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.