Бакиев Малиевди мактады

Бакиев Малиевди мактады

Жайыл районунун Малтабар айылынын тургуну, “Жеңиш” агрегат комбинатынын жетекчиси, акын, обончу Бакиев Аскар Колхозбекович 60 жашта. Аскар аксакал президенттикке талапкер Арсланбек Малиевди эмнеге колдоп, мактап жатканын мындай деп түшүндүрдү:.

—Президенттикке талапкерлердин ичинен Арсланбек Малиевдин программасы мактоого татырлык. Өтө жакшы жазылган, мага жакты. Анткени, ал “Келечек жаштардыкы, аларды колдоп, өстүрүү керек” деп атат, жаштарга жол берип, аларды өстүрүү жакшы жышаан. Анан программасында эмне себептен жумушсуздуктун күчөшү, калктын кирешесинин төмөндөшү, эмнеге коррупция күчөп кеткени боюнча эң жакшы түшүндүрүп берген. Бул бир. Экинчиден, башка талапкерлердей болуп, “мен Айды же Күндү алып берем” деп курулай убадаларды берген жок. Акча чачкан жок. Күчкө салган жок. Элди өз эркине койду. Бекеринен 55 миң адам колдоп, кол коюп берген жок да.

Малиевдин дагы бир жакшы сапаты – жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү. Трайбалист, популист эмес. Ар бир адамды уга да, баалай да алат. Ошондуктан, мен президентикке татыктуу, бычакка сап болчу кыргыздын кыраан жигити Арсланбек Малиевди колдойм.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.