Кантип Кыргызстанда “шахид белбоосу” пайда болгон?

Кантип Кыргызстанда “шахид белбоосу” пайда болгон?

“Комсомольская правда” гезитинин атайын кабарчысы Дарья Асламова эмнеге Кыргызстандан келгендер Санк-Петербургда теракт кылып, халифат курганы Сирия менен Иракка кетип жатканына саресеп салып келди. 2-бөлүк.

Ушуну бассаңыз: I бөлүк

Кыргызстанда бей-бечараларга арналган бекер ислам дүкөндөрү ачыла баштаптыр, каалаганы кирет да, керек нерсесин ала алат. Д.Асламованын фотосүрөтү.

Кыргызстанды багып жаткандар кимдер?

Жети жыл ыңкылапсыз жашаган Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек гүлдөп, сонун болуп калыптыр. Жаңы мейманканалар, бизнес-борборлор тургузулуптур, жакшы жолдор салынып, шаардын борбору түнкүсүн жарыктар менен жаркырайт, көп жаштар кечкисин көчөлөрдө сейилдеп жүрүшөт, ал эми элдин купулуна толгон кафелер менен ресторандарга алдын ала буйрутма бериш керек экен. Эсимде, ушул эле көчөлөрдө дүкөндөрдүн айнек витриналары, панарлар талкаланып, мейманканаларда кароолчулар мародерлорго каршы эшиктин алдына түнкү баррикада курушуп, ал эми кафелердин алдында формачан менттер менен бажычылар турушкан (булар республикадагы бай адамдар).

— Банкетке акча кайдан? – белгилүү саясат таануучу Марс Сариевден таңгала сурадым. – Түгөнбөгөн эл аралык конференциялар өтүп, модага кирген мейманкалар, көчөдө жайнаган ресторандар көчөлөрү. Мен билгенден Кыргызстан эч нерсе өндүрбөйт. Гастарбайтерлер гана Орусиядан акча салып турат.

— Мурда бизди Москва багып келген. Советтик ойкумена – бул уникалдуу долбоор, мен эң сонун түшүнүп турам, агезде коммунизмде эле жашаптырбыз, — дейт Марс Сариев. – Орусия өз борборуна кан жүгүртпөй, чет жакасын багып келген. Анан советтик элита Батыштын сөзүнө азгырылып кетти: тоюнбаган курсагыңарды, мобул тебетейлериңерди алып ыргыткыла, ошондо биз силерди европалык долбоорго киргизебиз, бирдиктүү демократиялык үй-бүлө болуп жашайбыз деген да. Бирок империялык милдеттерин чечип ыргытканда, Батыш Орусияны карабай койду. Эми пассионардуу кызыл долбоорду сыйпалап да таба албайсың. Бизди хаосто калбасын, талкаланып бүтпөсүн деп Орусия бизге тыйын ыргытып коюп жатат.

Былтыр жайында Бишкектин көчөлөрүндө ушундай жарнактар илинип турган: айымдар улуттук кыргыз кийимчен, жанында – бүт жүзүн чүмкөгөн мусулман айымдар. Урааны: “Кайран элим, кайда баратабыз?” эле Д.Асламованын фотосүрөтү.

Анан АКШ бизге “Борбор Азиядагы терезе” болгондугубуз үчүн миллиард доллар берди, анткени америкалыктар Кыргызстан менен кошо бүткүл постсоветтик мейкиндик урайт деп кыялданышкан. Биз биринчи шакирттин ролун аткара баштадык. Рублдик мейкиндиктен биринчилерден болуп чыгып, ГКЧПны биринчилерден болуп күнөөлөп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна да биринчилерден болуп кирдик. Ошондо америкалыктар бизди демократиянын аралчасы кылдык деп ойлошту. Бизге сөз эркиндиги майдай жакты, ал эми акча каражаттары болсо кландардын арасында кумга сиңген суудай жок болду.

Андан ары эмне жейт элек? Анан биз кытайлык контрабандага барып сайылдык. Бул Клондайк эле. Чоң кара тешик пайда болду да, ал аркылуу пошлинасыз товарлар Казакстанга кетип жатты, андан ары –Орусияга. Андан кийин Евразиялык биримдикке кирдик. Чегарадагы баягы чоң тешик дагы калат деп ойлогонбуз. Кайда-аан?! Орусия азыр такыр башка. Контробандалык терезе шарак жабылды. Орусиянын бизди багайын деген ою жок. Биз атүгүл азыр эт-сүт продукциябызды саталбайбыз. Орустар бизден ветеринардык кызматттардын, санитардык көзөмөлдүн болушун талап кылууда. Албетте, бул туура дечи.

Кыргызстанда ислам банктары кенен кулач жайды. Д.Асламованын фотосүрөтү.

Анан ушунтип аңгырап турганда арабдар пайда болду. Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар мечиттерди, медреселерди, ислам борборлорун салып кирди. А саудиттердин артында АКШ ааламдык максаты менен турат – советтик идеологиянын калдыктарын ислам менен алмаштырышы керек. Анан накталай акча өлкөдөгү элитанын чөнтөгүнө ага баштады. Сүйүнгөнүбүздөн дардаңдап, туризмди өнүктүрөбүз деген шылтоо менен 60 күндүк визасыз режим ачып берип койдук. Силер Кыргызстандагы араб-туристтерди элестете аласызбы? Мен элестете албайм. Эми Кыргызстанда шумдуктуудай ылдамдык менен радикалдуу исламдаштыруу жүрүп жатат. Минтип олтурсак, биз жакында Борбор Азиядагы ислам республикасы болуп калабыз, бул жагынан атүгүл Тажикстан менен Өзбекстандан ашып кетет окшойбуз.

— Бирок, кечиресиз, — дедим мен каршы болгондой. – Мындан жети жыл мурун эле Сиз мага: казактар менен кыргыздар көчмөн номаддык цивилизация, аларда ислам үстүрт деп айттыңыз эле.

— Туптуура. Бул жакка орустардын келгенин эсептебесек, кыргыздарда эч качан мамлекеттүүлүгү болгон эмес. Эгер европалыктар он осуяттын парадигмасында жашаган болсо, көчмөндүн психологиясы “уят” деген институт менен гана аныкталат, бирок болгону өз уруусундагы уят менен! Болду, болгону ошол. Калгандардын баарын алдай берсе болот. Көчмөн цивилизация – бириктирбейт. “Манаста” айтылат: аттарыбыз туруп калды, семирип баратат, бирөөлөргө кол салбасак болбой калды, -деп. Башкача айтканда, биз отурукташкан элдерден бардыгын тартып алып турчубуз. Бизде: жоокер эркек өстүргүң келсе, базарга жакын жолотпо – деген лакап болгон. Эми кыргыздар базарларда олтурушат, соодалашканды үйрөнүштү.

Исламизация – табигый көрүнүш, анткени көчмөн элдерде бир гана идеология болгон – эптеп жашап кетүү, бийликтин калыптанган институту жок. Уруучулдук маданият жашап турганда, ислам тамыр жайган эмес. Уруунун мүчөсү болуу деген эмне? Баланын төрөлүшү, оору-сыркоо, той-топур, баланы отургузуу – таксасы 100 доллар. Чөнтөгүңдөн алып чык да, берип кой. Бул чөнтөгүңдү кагат. Мен азыр жаманчылыкка гана берип калдым. Уруучулдук коргонуу жоголду, кландык маданият чачырап баратат. Базар капитализми басты, коом кескин чирип баратат.

Бишкектеги Ош базары. Д.Асламованын фотосүрөтү.

— Бирок биз советтик мектептен эле окубадык беле, — дедим мен. – Уруучулдук түзүлүш чирибеди беле. Ушул толкундун негизинде жетинчи кылымда ислам араб коомунда башкы күч болгон. Салттуу уруучулдук түзүлүштөн ачык көрүнгөн класстык коомго өтүү болгон, натыйжада оор коомдук кризис жүргөн. Андан чыгуунун жолу ислам болуп, кедейлер менен байлардын укугун теңеген, ишенген адамдын жеке сапатына басым жасалган.

— Туура. Азыр айылдарда киши кыйналса, же бир маселе жаралса, айыл аксакалына барбайт, жаш молдого барат, анткени анда Сауд Арабиясынан келген акчасы бар. Ал социалдык маселелерди чече алат, суу түтүгүн орнотуп берет, мисалы. Азыр биздеги криминал бир кишидей мечитке барышат. Ваххабиттер түрмөлөрдө активдүү үгүт жүргүзүүдө. Түштүгүбүздөгү жаштар Орусияга жумуш издеп барууда, анан кечинде жигиттер кайда барат? Ресторан менен түнкү клубдарга акчалары жетпейт. Анан мечитке жөнөшөт, ал жакта “алыскы Кыргызстандан келген бир туугандардын” мээлерин жакшылап туруп тазалап коюшат. Биздин элита, албетте, бардыгын көрүп-билип турат, анан бул процесске ээр токум арта салып, минип алышы керек, ошондо кембагал революциячыл масса ислам менен алек болуп калат, кудайдан коркуп калышат, демек, мыйзамга да баш ийе баштайт. Куранда жазылган да: бардык бийлик Жараткандан деп. Элита түшүнбөй жатат: эгерде өлкөгө ваххабиттик өңүттөгү исламды киргизсе, анда бардык саясатчылар мусулмандар үчүн “каапыр” болуп калат. Казактар да исламды стабилизатор катары пайдаланганга аракет кылып көрүштү, а аягы Актөбөдөгү теракт менен бүттү. Ойнобош керек.

Дарья Асламова өлкөдөгү азыркы абалга баа берди. Д.Асламованын фотосүрөтү.

“Шахиддердин белбоосу”

Жаңы Бишкекте демократия жана сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөшүүү мода болбой калган. Көбүнчө ислам борборлору, “дабатчылар” (Аллахка үндөгөн адамдар), хиджабчан кыздар, пакистандык дамбал кийген сакалчандар, жаңы мечиттер, байлардын гаремдери жөнүндө сүйлөп калышыптыр. Аракты деле азыр жакшы ичишет, ал эми айылдарда мусулмандар акча чогултуп, дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерди дүңүнөн сатып алып, бөтөлкөлөрдү трактор менен тебелетип, аны видеого тартып, элге көрсөтүүдө.

— Азыр бардык исламдык нерселерге кызыгуу күч, — дейт Исламды таанып-билүү боюнча борбордун директору Мамытбек Мырзабаев. – Анан куу адамдар муну да пайдаланышууда. “Адал абасы” бар адал мейманканалар пайда болду. Исламдык банктар “процентсиз кредит” берет имиш, банктын алдына муфтийдин же дин кызматкеринин сүрөтүн коюп алышат. Базардагы ар бир сатуучу билет: эгерде сакалы, пакистан кийими болсо, андан сөзсүз сатып алышат – анткени ал алдабайт деп ойлошот. Хиджабчан кыз да так эспептейт дешет. Башкалардан кем калбай эле алдап, ашыкча эсептеп жаткандары да чын. Саясатчылар элге көрүнүп намаз окуп калышты. Бардыгы исламды пайдаланып калды, ал радикалдуу формада көрсөтүлүүдө. Ал эми диний ишмерлер интеллектуалдуу, илимий, аша чаппаган альтернатива сунуш кыла албай калды.

Жаңы Бишкекте демократия жана сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөшүүү мода болбой калган, сөз ислам жөнүндө. Д.Асламованын фотосүрөтү.

Сауд Арабиясында окуп келгендер кайтып келүүдө. Таласта жергиликтүү имам баласын саудиттерге окууга жиберген. Жигит окуусун бүтүп келип, ваххабизмди жайылтып жүрөт. Атасы көз карашын өзгөртпөсө, “өлтүрүп салам” деп коркутат экен. Айланасына 50-60 агрессивдүү жаш жигиттерди чогултуп алган, алар башкы мечитке ээлик кылып алышыптыр. Эч ким эч нерсе кыла албайт.

— “Шахиддердин белбоосу” деген эмне?

— Бул Бишкектин тегерегинде ири конуштар, анда он миңдеген адамдар жашайт, алардын санын эч ким билбейт. Алардын жашоосу айылдан айырмасы жок. Суу жок, тиричилик шарты жок. Башкача айтканда, шаарга кирип алган айылдар. Бул ири диний масса, алардын келечеги жок, бир гана исламдан өздөрүн табышкан.

Кыргызстанда расмий түрдө 2700 мечит салынган (мектептерден көптүк кылат)! Ал эми намазканалар, легалсыз диний мекемелер – 5 000ден ашык. 1300 диний кызматкерлердин ичинен Рухий мусулмандар башкармалыгынын аттетациясынан 800 имам өтпөй калган, бирок алар өз ордуларында иштеп келишет.

— Бул өзүнчө эле массалык психоз болуп калды, — дейт аскердик эксперт, полковник Токтогул Какчекеев. – Мен светтик Бишкекте саат беште азан чакыргандан ойгоном. Эгерде мечитке барбасаң, ак топу кийбесең, анда сен “кыргыз” эмессиң. Араб миссионерлери бул жакка келери менен айылдарга мечит сала башташты. Эң биринчи кезекте айыл жерлеринде, анткени кландар менен алардын үй-бүлөлөрү ошол жакта. Эми айылдыктар шаарларды каптап келатат. Эң кубаттуу антиалкоголдук кыймыл башталды. Бирок Чыгышта алкоголь болбосо, баңгизат болот. А бул бизде жетиштүү. Атүгүл совет учурунда тойлордо кадыр-барктуу кишилерге алтын поднос менен опиум алып чыгып беришчү. Агезде опиум менен тиштерин сүртүп, артынан коньяк ичишчү, андан кийин көк чай жутуп алышчу. Алар үчүн бул эң жогорку кайф эле да! Азыр биздин атайын кызматтар чөнтөгүндө буурчактай опиуму бар террористтерди кармап жатышат. Согушкерлер аны минтип: “Чарчаганда же жарадар болгондо, биз опиум менен өзүбүздү айыктырабыз. Биз аны менен күчкө толуп, духубуз көтөрүлөт” деп түшүндүрүшөт. Наркомандардан жакшылык күтсө болобу? Мусулмандардын жаңы катмары түзүлдү – таш боор, ырайымсыз болуп кетишти. “Ким каршы болсо, аны биз өлтүрөбүз” дешет. Радикалдуу ислам агрессиянын универсалдуу мектебине айланды.

“Базардагы ар бир сатуучу билет: эгерде сакалы, пакистан кийими болсо, андан кардарлар сөзсүз сатып алышат” Д.Асламованын фотосүрөтү.

Исламисттер утушта

Генерал-лейтенант Токтокүчүк Мамытов кайрымдуу, боорукер киши экен.

— Кызым, — деп ресторандан официант кызга кайрылды, — алгач чай бер, анан калганын бересиң да.

Көздөрү да аябай мээримдүү, нур төгүлөт тим эле. Ушул киши СССР КГБсында төраганын орун басары, кийин Улуттук коопсуздук комитетин жетектегенине ишенбей кетесиң, эки жолу чегара аскер бөлүгүн башкарган. Кесипкөй “чекист”, азыр Кыргызстан элдеринин Ассамблея Кеңешин жетектейт.

— Батыштын интеллектуалдык элитасы баарын саресепке салып, мыкты эсептеп чыккан, — дейт жолдош Мамытов. – Арабдардын оюна келген эмес. Вестерндештирүү өтпөй калган соң, батышчылар көчмөндөргө исламды эмес, исламизмди, анын өзүнчө агымын жайылтууну чечишкен. Бизде мурдагы менттер, алкештер, бекерпоздор, өздөрүн эч нерседен таба албагандардын баары молдо болуп алышты. Коом диний билимсиз эле, диний билимсиз бойдон калды. Эч кимиси Куранды да, Сүннөттү да окуган эмес.

Эмнеге исламисттер утушта? Инсандын баалуулук параметрлери өзгөрдү. Мурда адамдын баалуулугу эмнеде эле? Билимдүү, чынчыл, сөзгө бекем, кайрымдуу, боорукер болчу. Азыр бай болушу керек, төрт аялы болушу керек, Дубайда квартирасы, төрт машинеси болуп, балдары Лондондун мектептеринде окушу керек. Мурда тойлордо төргө кедей болсо да акылман аксакалды олтургузушчу. Азыр аны майрамга да чакырышпайт. Анткени ал 100 доллар бере албайт. А төргө бир бай келип олтурат. Жардыларды бир байкуш көрүшөт, анан алар адилеттүүлүктү мечиттен издешет.

Кыргызстанда эч качан, эч бир шартта Ленинге кол салуу ойлоруна да келген эмес. Д.Асламованын фотосүрөтү.

Саясый технолог Валентин Богатырев кеп жардылыкта эмес, рухий жактан калыптанбагандыкта деп эсептейт:

— Биз Сирияга кеткен кишилерди изилдеп көрдүк, алар жапжаш улутчулдар. Ошондо бир 20 жаштагы жигит мындай дейт: “Мен Бишкектеги түнкү барларды көрүп, башаламандыкты, уятсыздыкты көрөм, кыздар мини-юбкачан, жаным кашайып, колума автомат алып туруп, баарын кырып салгым келет. Кантип кыздар өздөрүн ушинтип алып жүрүшөт? Эгер мындайга тыюу болбосо, мен бул жактан кетип калам, адеп-ахлак боюнча согуш ачам.

— Коюңузчу, жөн эле дабдыр сөз го?! – дедим мен – Табийгат өзү берген да, 20 жаштагы балдар мини-юбкачан кыздарды жактырат. А эгер мадырабаш сулуу кыздарды автомат менен чайкап салгысы келсе, демек бирөө мээсин тазалап салган да. Бул жерде адеп-ахлак жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн?

Кыргызстанда мамлекеттик ишмерлер түзүлгөн кырдаалга бушайман. Былтыр жайында Бишкектин борбордук көчөлөрүнө улуттук кыргыз кийимчен айымдар менен оронуп-чүмкөнгөн мусулман аялдардын кош сүрөттөрү көрнөк катары илинген, “Кайран эл, кайда баратабыз?” деген жазуусу менен. Кыргызстандын президенти Атамбаев чоочун маданиятты байлап жатышканына каршы пикирин айткан:

— Мунун бардыгы кийимден башталат, тилден башталат. Андан кийин баштарды кесе башташат. Мындай нерселердин исламга эч кандай тиешеси жок.

“Жалгыз туруштук бере албайбыз”

— 1996-жылы Кыргызстанда 100 миң чет өлкөлүк паспорттор уурдалган, кийин алар Ооганстандын, “Аль-Каиданын” “идушниктердин (Өзбекстандын Ислам кыймылы) согушкерлеринин колуна тийген., — дейт коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. – “Демократиянын бациллалары” менен бирге өлкөгө миңдеген диний ишмерлер кирип кетти. Акыркы жарым жылда эле атайын кызматтар 14 терактыны алдын алышты. Өлкөдө диний өңүттөгү райондорубуз көбөйдү. Былтыр Ысык-Көлдө Сирияга ИГИЛге бир клан кеткен – 35 киши, 90 жаштагы кемпирди кошкондо (!).

Азыр Кыргызстанда ондогон диний уюмдар иш алып барат. “Бейишти самагандар”, “Бухара батальону” дейт. Булардын баары чет жакта түзүлгөн, анан бизге киргизилген. Муну кандайча жүзөгө ашырат? Чет жактан спонсор пайда болот, квартира сатып берет, анан кадимки эле айылдык имамга жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарды исламга үйрөтөсүң дейт. Үч-төрт ай балдарды кадимкидей бекер багышат, Курандын негиздерин үйрөтөт. Анан спонсор тил алчаак, сөздөн чыкпаган жаш балдарды тандап алып, “чет өлкөгө барып окуйсуңбу? Тамак-ашың, жашаганың, авиабилетиң, басып-турганың бүт бекер” дейт. Анан ошол жактан шахиддерди даярдай башташат.

— ИГИЛдин согушкер бөлүктөрү – бул жаңы өңүттөгү аскер күчтөрү, — деп генерал-лейтенант Токтокүчүк Мамытов түшүндүрүп кирди. – Бул терроризм түйүндөрүнүн уюктары, бири-бири менен байланышы жок. Бирөөнү кыя чапсаң, кайра экөө өсүп чыгат. Алар козу карындай эле көбөйүп баратат. Ошол уюктарды текшерип көрүү үчүн исламисттер кээ бир алсыздарын садага чабат. Казакстандагы терактыларды эстейли же былтыркы Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууну алалы. Бүтүндөй түйүн системасынын ишмердүүлүгүн текшериш үчүн майда чычкандарын оңой эле жайлап коюшат.

Сирия менен Иракта талкалангандан кийин ИГИЛ отряддары Ооганстандын түндүгүнө жыйналууда. Урууларды чөлкөмүнө киришкен жок, ал жактан кыйналып калышмак. Эми Тоолуу Бадахшан аркылуу Ош облусуна кириши мүмкүн. Орусия да сак турбаса болбойт. Фергана өрөөнүнүн коопсуздугун (бул Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан) кандай болбосун, сактап туруу керек. Ал жакта уктап жаткан түйүн уюктары өтө көп, ИГИЛ жашап жатат. Ферганадагы пахтадай эле өсө берет алар. Жакынкы Чыгышта игилчилердин тамыры кыйылды, эми алар өз таасирин ушул чөлкөмдөн башташат. Азыр Трамп Ооганстанга 4000 миң жоокерин жиберди, абалды курчутуп жатат. Америкалыктар “Чоң Жакынкы Чыгыш” долбоорун жүзөгө ашырышты, ал региондогу бардык ири мамлекеттерди алсыратып коюшту. Эми “Чоң Борбордук Азия” долбоорун баштаганы турат. Ал “дүрт” этип эле бир паста башталып кетет. Биз жалгыз туруштук бере албайбыз. Ошондуктан республикабыздын Түштүк аймагында орусиялык базаны түзүү маселеси бышып жетилип калды. Балким Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунуку (ОДКБ) деле болот, анткени бүтүндөн евразиялык мейкиндиктин коопсуздук маселеси турат. Эгерде биз эл аралык терроризмге каршы тургубуз келсе, азыртадан анын жолун бууш керек. Бүгүн буубасак, эртең кеч болуп калат.

Батышчылдар көчмөндөргө исламды эмес, исламизмди, анын өзгөчө агымын таңуулап жатат. Д.Асламованын фотосүрөтү.

Жеңил олжо

Кыргызстан өз балдарынан айрыла баштады. Билимсиз, базарда чоңойгон, араб өлкөлөрүнүн “кара имамдары” тарбиялаган балдар вербовщиктердин жеңил олжосуна айланды. Бул боз балдар кан менен кум жуурулушкан алыскы өлкөлөргө кетишүүдө. Жалал-Абад облусунан улуту өзбек, 21 жаштагы Бабур Исраилов Сирияга кеткен сыяктуу (отрядда ага Жафар аль-Таяр деген ысым беришиптир). Ыйлап жаткан жанкечти жасаган теракттын видеосун бүтүндөй дүйнө көрдү. Жаш бала Сириянын Идлиб аймагындагы Фу шаарына чукул жерде БТРде олтурат. Коркконунан көзүнүн жашы он талаа, ал эми “Жабхат-ан-Нусрадагы” жолдоштору өзбек тилинде көндүрүп жатышат:

— Жафар, бир тууганым, коркпо! Аллах айткан: “Бүт турпатыңды коркунуч басканда, мени эстегиле!” деген. Шайтан сага коркунуч киргизип жатат. Сен туура жолдосуң, Аллах сени менен!

Жардыруунун алдында террорист-жанкечти ыйлап жатат

Кимдин эле 21 жашында өлгүсү келсин? Анан эң коркунучтуу нерсе болду: бала БТРди шаар кварталына багыттап барды да, жарылып кетти. Ал эми анын туугандары журналисттерге баягы Питерде метродо жардырган террорист Акбаржон Жалиловдун энеси айткан сөздөрдү эле айтып жатышат:

— Балабыз жакшы болчу, тил алчаак, боорукер. Тагдыры ушул экен, бардыгы Аллахтын колунда! — деп жатышат.

“Бул жакка орустардын келгенин эсепке албасак, кыргыздардын эч качан мамлекеттүүлүгү болгон эмес” Д.Асламованын фотосүрөтү.

Соңку сөз ордуна

Эмнеге түштүк коңшуларыбыз бизге маанилүү?

Мен “өрт күйгөн жерлердеги командировкаларыман” кайтып келгенден кийин окурмандарым көбүнчө бир эле суроону беришет: “Бизге мунун баарынын эмнеге кереги бар? Бизге Евразиялык биримдиктин эмне кереги бар? Бизге казактардын, кыргыздардын, армяндардын эмне кереги бар? Бизге Кавказдын эмне кереги бар? Орусиянын түштүктөгү “досторунан” жалаң көйгөй жаралат!” дешет. Кээ бирлер кайра мага – “эгерде орус тилдүү Орусияны тикенек зым менен айланта тосуп салсак, супер бай чыныгы орусиялык мамлекетти курса болот”, — деп мени ишендиргилери келет. Болбойт. Азыр кулпу салынган чегаралар дээрлик жок.

Мен он жылдай Украинадан репортаж берип турдум: өлкө улутчулдуктун сазына батып баратат, батыштын атайын кызматтары укмуш иштеп, русофобияны укмуштуудай пропогандалап жатышат. Атүгүл менин кесиптештерим кайдыгер гана: “Эмне экен? Бул эгемендүү өлкө. Украина менен ишибиз жок” дешет. Эми биздин баш оорубузга айланды – “боордош” Украина! Үчүнчү жыл чегарабызда согуш болуп жатат, миңдеген орустардын өмүрлөрү өрткө күйүп кетти.

Мен эки чечен согушунда тең болгом, ал кез күнү бүгүнкүдөй эсимде, Чеченстан эки согуштун ортосунда де-факто эгемендүү болуп калды. Кесиптештерим менен дагы талашкам. “Эмне башыңды оорутасың? Жашап жатышабы, жашай беришсин” деп коюшкан. Жыйынтыгында өлкөбүздүн чок ортосунда бандиттик уя жаралды. Дагенстанга жана Ингушетияга кол салуулар, баңгизат трафиги. 12 миң орус жарандары уурдалды, аларды кадимкидей Грозныйдын борборунда кулдай сатып жатышты. (Мен өз көзүм менен көргөм, бир чечен айылын тазалаганда эки орус кулду тапканбыз”. Сириядагы согушка биз аралаша электе (эң аз делген эсептер боюнча), Орусия менен постсоветтик республикалардан 15 миң киши катышкан. Элестетип көргүлө, бул”иттер” Сирияга кирбегенде, Орусияда эмнелерди гана кылышмак эмес?!

Закымдар менен жашабагыла. Тикенек зым менен тосо албайсыңар. Тээ февралда эле Кабулда Талибандын лидерлеринин бири Саид Акбар Ага минтип эскерткен: америкалыктар игилчилерди Ооганстандын түндүгүнө чогултуп жатат, (сөзмө сөз келтирейин) “алар бул жалданган күчтөр менен Орто Азияга сокку урганы калышты, ал жакка ээлик кылып, кырдаалды курчутуп, Орусиянын чегарасына коркунуч туудургалары келет”. Бардыгыбыз бириге турган учур келди, терроризмге жана чет элдик кийлигишүү коркунучуна каршы туруп, болгон күчүбүздү жумшайлы. Мурдагы Советтер Союзунун жарандары! Бириккиле!

Кыргызчалаган Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.