Алмазбек АТАМБАЕВ: “Чала молдолор денеге чыккан чыйкандардай болуп көбөйүүдө…”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Чала молдолор денеге чыккан чыйкандардай болуп көбөйүүдө…”

Бүгүн, 28-сентябрда, «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция «Ала-Арча» резиденциясында башталып, ага 19 өлкөдөн белгилүү эксперттер, окумуштуулар, ислам таануучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Эки күндүк иш-чара Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Бул жыйынды ажо Атамбаев ачып берди.

Ал ачылышта ажо мындай деп сүйлөдү: “Динде таңулоо, мажбурлоо деген такыр болбош керек. “Чала молдо дин бузат” дегендей, акыркы жылдары чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык ислам динибизге көлөкө түшүрүп, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат. Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?”,-деп кейиди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.