Арсланбек МАЛИЕВ: “Сот Акүйдөгү же Көкүйдөгү телефонго баш ийет”

Арсланбек МАЛИЕВ: “Сот Акүйдөгү же Көкүйдөгү телефонго баш ийет”

Кечээ, кечинде ЭлТРде, президенттикке талапкерлердин дебаты болду. Ага А.Малиев, Т.Үмөталиева, У.Кочкоров, С.Жээнбеков келди. Дебатта Малиев бүгүнкү бийлик, парламент, соттор боюнча туптуура айтты:

—Бүгүн СДПКчылар бийликте туруп кызык нерсени айтып жатат: “биз муну жасайбыз, тигини кылабыз” деп. Бардыгы таасирлүү кызматта: президент да, премьер-министр да, спикер да. Буларга дагы эмне керек? Колдо кызмат тургандан кийин, Кыргызстанды оңдоп, ак эмгек кыла бер да. Өлкөнү оңдоо үчүн буларга дагы кандай шарт түзүп берүү керек? Бийликке келгендер өздөрүнүн адамдарын кызматка алып келет. Бүгүнкү күндө саясатыбыз да, бийлик түзүмүбүз да толугу менен туура эмес. Эл өкүлү деп парламентке үмүт артат. А парламентке кандай адамдар келүүдө? Жалаң байлар келүүдө. Алар парламенттик шайлоодо тизмеден жогору көтөрүлүү үчүн акча берет. Анан акча менен келгендер кантип туура иш кылсын. Бүгүнкү күндө мамлекет толугу менен коррупциялашкан десек болот. Бул туура эмес, муну жоюш керек! Кантип жоебуз? Жоюнун жолу оңол эле, ал – мыйзам, мыйзамды иштетүү керек!

Урматтуу кыргыз элим! Эгер мен президент болуп шайланып калсам, туура эмес системаларды жоем, мыйзам чегинде иш алып барам. Мына соттор дагы туура эмес иш кылууда. Бүгүнкү соттор эки нерсеге баш ийет экен. Биринчиси: Акүйдөн же Көкүйдөн болгон телефонго. Экинчиси – акча. Анан кантип адилеттүү сот болсун. Мен ушул сот системасына да көңүл бурам!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.