Жөө жүрүш 30-сентябрда сөзсүз болот

Жөө жүрүш 30-сентябрда сөзсүз болот

ЖК депутаты Жанар Акаев 30-сентябрда «Акыйкат шайлоо үчүн” аталышта акция уюштуруп, тынчтык митингин өткөрүп, Ахунбаев-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги «24-март» скверине чейин жөө жүрүш жасамак. Ал күнгө эки калганда “Октябрь райондук соту уруксат бербей коюптур” деп эле социалдык түйүндөрүндө эл дүрбөлөңгө түштү.

Элге эл өкүлү Жанар Акаев Фейсбуктагы өздүк баракчасынан мындай деп жооп берди: “Белгиленген жерде тынчтык акциябыз өтөт. Октябрь ИИБнин жетекчиси Султановго жолуктук жана баарын макулдашып чыктык. “24-март” сейил багын, анын жанындагы Ботаникалык бактан сураган жерлерибизге сот дагы, милиция, шаар бийлиги да уруксат берди”.

“Акыйкат шайлоо үчүн” акциясы 30-сентябрда, саат 10.00до Жеңиш паркында башталат. Ага белгилүү саясатчылар, укук коргоочулардын келүүсү күтүлүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.