Адахан МАДУМАРОВ: “Бул бийлик шайлоону арам менен баштадыбы, аягы арам менен бүтөт!”

Адахан МАДУМАРОВ: “Бул бийлик шайлоону арам менен баштадыбы, аягы арам менен бүтөт!”

Кечээ ЭлТРдин дебатына келген Адахан Мадумаров  Алмазбек Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алды. Бийликтин бүгүнкү кылып жаткан иштерин мындай деп айтты:

“Путинди карагылачы, самолеттон самолетко түшүп, эл кыдырып жүрөт. А биздин президент бир айда бир Кыргызстанды кыдырып көрөбү? Жок. Эмне үчүн? Себеби, кызыкпайт. Анын жан-жөөкөрлөрү гана жүгүрүп иштейт. Алар сабатсыз: кээ бири 7-класстан кийин кетип калган, кээ бирөөсү 8-класстан кийин кеткен.

Бүгүнкү талапкер Сооронбай Жээнбековго саясатта каршымын. Ал киши айтты: “Мен Атамбаевдин ишин ары карай улантам” деп. Кантип улантат? Эмне кылып улантат? Аны кол чаап тосуп алып жаткан болсо, ал элдин сүйүүсү эмес, ал чиновниктердин коркоктугу. Мына Өзгөн районундагы жолугушууда 6 миң бала окубай калды. Эмне үчүн окубай калды? Анткени жогорку класстын балдарын желек карматып, баарын жолугушууга кууп чыкты. Кичүү класстын балдарынын отургучтарын мектептен алып кетти. Бул маскарачылык. Мындайды токтот деш керек! “Аны жасайм, муну кылам, мектебиңди куруп берем” деген жомокту токтотуш керек! Анан да сүйлөп коет (Атамбаев жөнүндө сөз болууда. Жакында эле Боршайкомдун төрайымын, башкы прокурорду кабыл алганда, аларга ошентип тапшырма берген- авт) “шайлоодо мыйзам бузуулар болсо, катуу чара көрүп, жоопко тарткыла!” деп. Эмне интернетте май, ун, акча таратып жатканын көрбөй жатабы? Көрүп атат. Бир атадан, бир энеден болсун, урушпай-талашпасын деп бардык жерге СДПКдан коюп жатат. “Президент досум, премьер-министр балам” дегенди токтотуу керек! Президент досу болобу же болбойбу, аны эл чечет. Бул бийлик шайлоону арам иш менен баштадыбы, аягы арам менен бүтөт!”

Эрзат МЫРЗА

3 thoughts on “Адахан МАДУМАРОВ: “Бул бийлик шайлоону арам менен баштадыбы, аягы арам менен бүтөт!”

  1. Мен Сизди колдойм урматтуу Адахан Мадумаров Сиз кыргыз элине татыктуу Президент деп ишенем омурбек бабанов ал татыктуу эмес жеенбеков деле татыктуу эмес биз Сиз мененбиз

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.