Кубат ОТОРБАЕВ: «Сапанов абактан бошотулушу керек»

Кубат ОТОРБАЕВ: «Сапанов абактан бошотулушу керек»

Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда журналист Зулпукар Сапановдун апелляциялык даттануусу каралат.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда, Биринчи Май райондук соту Сапановго “Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү” деген айып тагып, 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Сапанов ошол замат сот залынан камакка алынган. Камакка алынуусуна “Кыдыр санжырасы” аттуу жазган китеби себеп болгон. Тагырагы, текстинин айрым жерлери «диний кастыкты козутууга багытталган» деген негизде ажы Дүйшөн Абдылдаев УКМКга кайрылган.

Камакка алынгандан кийин эле үй-бүлөсү нааразы болуп, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. Кесиптештери дагы тынчсызданып, “бул сөз эркиндигине кысым жасоо” деп, бүгүнкү күндө Сапановду бошотууга кол топтоп жатышат. Акыйкатчы Кубат Оторбаев да калыстыгын айтып, камакка алынган күнү эле “бул деген инквизицияга кайтуу” деп, Сапановдун абактан бошотулушу керектигин айткан.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.