Журналист Сапанов боштондукка чыкты

Журналист Сапанов боштондукка чыкты

Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкек шаардык соту журналист Зулпукаар Сапановдун апелляциялык даттануу арызын карап, сот залынан бошотту. Кесиптештер кубанып, куттуктап, ким кандай салым кошкону боюнча социалдык түйүндөргө жазышууда. Гүлзада Шаршеналиева “Акыйкатчысынын кийлигишүүсү менен, кесиптешибиз Зулпукар Сапанов боштондукка чыкты” деп жазып, экөөнүн сүрөтүн койду.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда, Биринчи Май райондук соту Сапановго “Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү” деген айып тагып, 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.Сапанов ошол замат сот залынан камакка алынган. “Кыдыр санжырасы” аттуу жазган китебиндеги тексттин айрым жерлери «диний кастыкты козутууга багытталган» деген негизде ажы Дүйшөн Абдылдаев УКМКга кайрылган.

Камакка алынгандан кийин эле үй-бүлөсү шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. Кесиптештери дагы тынчсызданып, Сапановду бошотууну талап кылып, кол топтошкон. Акыйкатчы Кубат Оторбаев да калыстыгын айтып, камакка алынган күнү эле “бул деген инквизицияга кайтуу” деп, Сапановдун абактан бошотулушу керектигин айткан.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.