Хилланын жансыз денеси РИИБге өткөрүлүп берилди

Хилланын жансыз денеси РИИБге өткөрүлүп берилди

Мындай маалыматты бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 29-сентябрда, бул боюнча кошумча маалымат болоорун билдиришкен.

Бүгүнкү маалыматка таянсак, Израилден келген турист Хилла Ливна ашуудагы жолдон адашып, 50-60 метр аска-зоо бийиктигинен кулап кеткен. Анын сөөгүн алып келүүгө кечээ куткаруучулар чыгып, 18:30 чамасында жансыз денесин РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул кырсык мындай башталган

Жалал-Абаддагы Аксынын Кызыл-Туу айылындагы Сары-Челек коругуна 4 турист  (Израилден экөө, Франциядан экөө) 23-сентябрда келип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишкен. Ошол күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп, эртеси Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышкан. Ашууга келгенде жолдун жоктугуна байланыштуу, 1995-жылы туулган Израилдик Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп калган. Ал эми израилдик туристи (1993-жылы туулган) Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган. Ага франциялык эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, Израил мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабарлашкан. Аталган фирма Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормоновго кайрылышкан. Ормонов төрт адамды алып, 19:00 чамасында, эки автоунаа менен барып, аларды таап барганда, Хилла Ливна дайынсыз жок болуп чыккан. Табылган 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып барышып, бутунан жабыркаган Н. Городесенге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн (буту гипстелген). Абалы жакшы болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес.

29-сентябрда, саат 12:15де жоголгон туристти издөө ишине 50 адам, 6 ит тартылган. Россия федерациясынан “Ютуб про путешествие в Азию” (Youtube Pro) фирмасынан кино тартканы барган жарандардын дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, саат 13:30 чамасында Израил мамлекетинин туристи Хилла Ливнанын жансыз денеси табылган. Ал аскадан кулап, каза болгон. Хилланы алып келүүгө 20 куткаруучу тоого чыгып кеткен.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.