Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес”

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес”

Учурда ЖК депутаттары Канат Исаев менен Каныбек Иманалиев бардык жерде сөз болуп, көңүл борборунда. Ал боюнча Каныбек Капашович мындай деп жооп берди:

 «Төрт видеону тең көрүп чыктым. Канат Исаев акча менен кармалды делген видео боюнча эч нерсе айта албайм. Анын канчалык чындыкка жакын экенин тергөө-иликтөө иштери далилдейт. Мага байланыштуулары боюнча кайрылсам, Эркин, Улан, Арсен, Жумагулов деп жүрөт, мен алардын бирин да тааныбайм. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөн да эмесмин. Канат Исаев менен шайлоо башталгандан бери үч-төрт жолу кесиптеш катары жолуктук. Аны менен криминал, акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес”.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.