Каптагаев жөө жүрүшкө чакырды

Каптагаев жөө жүрүшкө чакырды

Ошентип  30-сентябрдагы жөө жүрүш күнү да келди. Бүгүнкү «Акыйкат шайлоо үчүн” акциясына кайдыгер карабаган Эмилбек Каптагаев сөзсүз келерин билдирди. “Жаштардын бул демилгеси ар тараптан колдоого арзыйт, алдыдагы шайлоонун акыйкат өтүүсү өлкөнүн келечегин аныктайт. Мен катышам, өз тагдырыбызга кайдыгер эмес бардык мекендештерди да катышууга чакырам!”,-деди.

Эскерте кетсек, бул тынчтык митингин депутат Жанар Акаев уюштурууда. Акция саат 10.00до Жеңиш паркында башталат. Ага белгилүү депутаттар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, саясий серепчилер, укук коргоочулар, журналисттер жана экс-президент Роза Отунбаеванын келүүсү күтүлүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.