Оппозиция Атамбаевге кайрылуу жолдоду

Оппозиция Атамбаевге кайрылуу жолдоду

“Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылы” бул кайрылууда президенттик шайлоодо одоно ката кетип жатканы боюнча жүйөөлүү далилдерди келтирген. Алсак, президентикке талапкер С.Жээнбеков, Д.Зилалиев, КТР, ЭлТР, Башкы прокуратура, дин өкүлдөрү, Боршайком боюнча сөз камтылган. 

 КР Президенти  А.Атамбаевге,

Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.А.Турсунбековго,

 Боршайкомдун төрайымы Н.Шайлдабековага,

Башкы прокурор И.Жолдубаевага,

Премьер-министр С.Исаковго,

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынан

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизге кайрылуу менен биз учурдагы кызмат абалына карата 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө түздөн түз милдеттүү, ошону менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн жоопкер мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылып жатабыз. Шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, жергиликтүү тургундарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарга административдик кысым көрсөтүлбөй, “ыплас технологиялар” жана добуштарды сатып алуу жок өткөрөлү, акыйкаттык жана ачыктык болсун деген чакырыктар, анын ичинде Сиздин дагы тикелей тапшырмалар курулай эле сөз болуп калып жатканын өткөн 20 күн ачык көрсөттү.

Бийлик тараптан көрсөтүлүп колдоого алынып жаткан талапкерге атаандаш болгон башка талапкерлерге карата мамлекеттик канал болуп саналган КТРК жана ЭлТРден ушак менен жалаага гана негизделген көрсөтүүлөр болуп жатканы адамкерчиликке дагы, укуктук жана өнүккөн коомдогу саясий маданиятка да жатпаган көрүнүш. Ал эми Өкмөттүн шайлоо боюнча штабынын жетекчиси Т.Жумакадыров бул маселе боюнча ыкчам териштирүү өткөрүп, чара көрүүнүн ордуна “телеканалдар коомдук болуп эсептелет, биз аларга тиги же бул талапкерди каралагыла деп тапшырма берген жокпуз” деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып жатат. Бул болсо жоопкерчиликтен качуу дегендик.

КТРК каналы боюнча ушак менен жалаанын таркатылышына Боршайком дагы ушундай эле позиция карманып турганы да түшүнүксүз. Боршайкомдун кай бир мүчөлөрү тарабынан бул маселе көрүрүлгөндө дагы талкуу кеңири болбой, эч кандай чечим же тыянак чыгарыла элек.

Түзүлгөн кырдаалда КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков токтоосуз кызматынан четтетилгени максатка ылайык болот, жок дегенде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөр аягына чыкканча анын бул кызматта отурушу болбойт. Анткени өзүнүн калпыс, терең ойлонулбай жасаган деструктивдүү кадамдары менен шайлоо мыйзамдарын гана бузбастан, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө шек кетиририп, элди бөлүп-жарып, башаламандыкка жол чаап жатат, ошону менен бирге эл ичинде эки жүздүүлүктү бышыктап, шайлоонун акыйкат өтүүсүнө ишенбөөчүлүк жаратып, мамлекет башчысынын сөзүн төгүнгө чыгарып жатат.

Өкмөттүн эң жогорку кызмат адамдарынын бири болгон Д.Зилалиевдин шайлоо өнөктүгүнө тикелей кийлигиши, диний адамдардын кай бир талапкерлердин үгүт иштерине катышуусу боюнча Башкы прокуратуранын үн катпай отурганы таңкалтырат. Прокуратура органдары Д.Зилалиев боюнча токтоосуз чара көрүп,  диний ишмерлерге жазуу түрүндө эскертүү берип, муфтият, казыят жана мечиттерге чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ар бир имам-катибке чейин шайлоо иштерине кийлигишүү болбой турганын эскертүү кагаздарын тапшырууга  милдеттүү болчу.

Улуттук коопсуздук комитетинин бейаракет турганы да туура иш эмес. Массалык маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө кайсы бир талапкердин энеси башка улуттан, ошондуктан аны шайлабагыла деп ачыктан ачык улут аралык араздашууга чакырктар болуп жатканына карабастан эч кандай чара көрүлгөн жок. Улуттар аралык араздашуунун, бул маселедеги чагымчылдыктын баасын  биздин эл эң жакшы билет.

Биздин Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылга административдик ресурстун массалык колдонуусун далилдеп турган бир документ келди, ага ылайык мамлекеттик кызматкерлер жана башка таасирлүү инсандар Президенттикке талапкер С.Жээнбековдун штабы тарабынан ар бир регионго, ар бир район же шаарга, айылга бөлүнүп, ал жерлердеги добуш берүүгө жоопкер катары бекитилген. Тизмеде көрүнүп тургандай ким кайсы жерден болсо ошол жерге же дагы кандайдыр бир жагдай боюнча бөлүштүрүлгөн, бул адамдар талапкер С.Жээнбековго  көп добуш алып келүүнү камсыз кылууга милдеттүү болушкан.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиздин ушул шайлоону акыйкат өткөрүүгө, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө  болгон ниетиңизге ишенбей коюуга негиз жок, ошондуктан Сиздин көзөмөл астында айтылган фактылар тыкат текшерилип,  мыйзамдын чегинен сырткары чыгып жаткан чиновниктер жазасын алат деп ишенебиз. Тизме менен бекитилип жер-жерлерде шайлоо аракети менен жүргөн мамлекеттик кызматкерлер толугу менен өз кызмат ордуларына кайтарылуусу зарыл. Ошондой эле облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт кызматкерлери да эскертилип, аларга шайлоо өнөктүгүнө тиги же бул талапкердин пайдасына аракет кылууга кескин тыюу салынышы керек. Чиновниктер тарабынан шайлоо мыйзамынын бузулушу туралуу ар бир факты боюнча катуу чара көрүлүшүн талап кылабыз.

Бизде болуп жаткан окуяларды көбүртүп –жабыртып, кырдаалды курчутуп айтууга эч ниет жок, коомдо кеңири талкуу болуп, элдин бүйүрүн кызытып жаткан орунттуу учурларды көрсөтүп жатабыз.

Сиз өлкөнүн туруктуулугун кандай ойлонсоңуз биз дагы ошондой эле ойлонуп жатабыз, элдин тынчтыгы, бакубат жашоосу баарыбыз үчүн бирдей баалулуктар. Ошондуктан кырсыкты кайдан деп боолголобой, алдын ала чара көрүп, башаламандыкка алып келүүчү, элдин биримдигин бузуучу тенденцияларды токтотуу, шайлоонун жыйынтыгына элдин ишенимин бекитүү биздин жалпы милдеп деп эсептейбиз. Акыйкат жана ачык шайлоонун жыйынтыгы гана элдин ишенимине ээ болуп, өлкөдө туруктуулукту сактоого өбөлгө боло турганы талашсыз.

Сизди урматтоо менен,

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын мүчөлөрү: Р.И.Отунбаева, А.Э.Эркебаев, Ф.Ш.Кулов, З.К. Курманов, Р.Б.Джеенбеков, Э.С.Каптагаев, К.А.Дүйшебаев, К.А.Талиева,  К.Шаршекеева, Б.Наргозуев, Р. Карасартова, Д.Ошуракунова, Т.Акеров

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.