Олжобай Шакир 200 миң сомду кимге берди?

Олжобай Шакир 200 миң сомду кимге берди?

Бүгүн, 1-октябрда, “Манас” кинотеатрында «РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземи болуп өттү. Аны менен катар жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” жана Роза Айтматова менен Асан Ахматов биргелешип жазган китебинин бет ачары да болду. Мындай маданий иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жана акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышты.

«РухЭш» сайтынын сыйлыктары тапшырылды. Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыкты (100 миң сомду)  география илиминин доктору, профессор Эмил Шүкүров, ал эми Салижан Жигитов атындагы сыйлыкты (100 миң сомду) журналист Нарын Айып алды. Сыйлык алган Нарын Айып сүйүнүп: “Мага иш козголуп турганда мындай сыйлык сыймык болду. Аялым “жазып эле жатасың, же аныңды эч ким окубайт” дей берчү. Анан мага башкы прокуратура иш козгогондон кийин унчукпай калды” деп элди күлдүрдү.

Нарын мырзага сыйлыкты тапшырган Каныбек Капашович: “Бийлик сиздин үйдү тартып алабыз десе жаңылышат. Себеби, кыргызда чымчыктын да үйүн бузчу эмес, тийчү эмес. Сиздин мүлкүңүзгө тийише албайт, анткени сиздин артыңызда 6 млн адам турат” деп сыйлык ээсине күч-кубат берди.

«РухЭш» сайтынын ээси бүгүн жакшы эле макталды, даңкталды. Аны акын, котормочу Олжобай Шакир уулунун маеги менен кошо жакында окуй аласыздар.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.