Бабанов Канат Исаев боюнча үн катты

Бабанов Канат Исаев боюнча үн катты

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкектеги штабдарынын биринде акыркы окуялар боюнча журналисттерге жыйын өткөрүп, буларды айтты:

—Урматтуу кыргызстандыктар, жакынкы эле өзүңүздөр көргөндөй, бардык кара пиар мага багышталып, мени каралоо башталды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканым башка нукка бурулду. Он Адырдагы жолугушуудагы сүйлөгөн сөзүмдүн ортосунан алып салып, башкача жакка буруп, “эки улутту кагыштарыбыз” деди деп, күнү-түнү КТРден көрсөтүп жатат. Кечээ өзүңөр көргөндөй, мени колдоп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” партиясынын төрагасын (Канат Исаев жөнүндө сөз болууда –авт.) кармап туруп, каралоо башталды. Ушундай каралоолор мени өкүндүрөт. Мамлекетибиздин ушундай деңгээлге чыкканы — бул жакшылыкка алып келбейт. Мен эч качан Акүйдү басып алган эмесмин жана басып ала турган да оюм жок. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын.

Мына жакында эле УКМКнын аппаратында чогулуш өттү. Ошондо сөз болуптур, “Мындай бара берсе Бабанов 1-турда өтөт” деп. Көз карандысыз сурамжылоолордун негизинде, бүгүнкү күндө, менин рейтингим 65 пайыздан ашып жатат. Мен алдыда кетип жатсам, мага мыйзам бузуп эмне кереги бар?

УКМКнын билдирүүсү…

Эскерте кетсек, 30-сентябрда, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы менен кармалганы боюнча УКМК билдирүү тараткан. Рахат Сулайманов мындай деп айткан: «Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Учурда тергөө жүрүп жатат».

УКМКнын айтканын (К.Исаев тартылган видео менен кошо) болгон телевидение көрсөтүп, ал социалдык түйүндөргө таркап, ушул убакка чейин уу-дуу сөз жүрүүдө.. Мындай сөзгө бүгүн Бабанов чекит койду окшойт.

Видео

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.