Еноттор дүкөнгө кирип, аракты сындырышкан…

Еноттор дүкөнгө кирип, аракты сындырышкан…

Украинадагы Сторожинец шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнө эки енот кирип, кымбат баалуу ичимдиктерди сындырып,  калган тамак-ашты чачып, таттууларды жана колбаса, сырларды жеп кеткен.

Эртең менен дүкөндүн ээси келип, көрүп, аларды шыпыргы менен араң кууп чыккан. Цирктин директоруна дооматын артып айтып барса, ал еноттор качып чыгууга мүмкүн эместигин айтып танган. Кандай болгон күндө да, эки енот дүкөндү 46 миң гривен (99 миң рубль) чыгымга учураткан. «Чыгымды төлөп беришпесе, полицияга кайрылам» деп дүкөн ээси ачууланып турган учуру.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.